www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

 «Саясаттын Сайкалы» Байсалов «Байтал жарышта, алыска чуркай албайт» дегендей Жапаровдорго кошомат кылып атып көлөкө түшүрүп жаткандай. Кыргыз  саясатчыларынын  ичинен эң эле кызыктуусу Эдил Байсалов. «Кыргызга күн тийип келатат», - деп Жапаровдорду мактаса көмөкөйүнөн көк түтүн чыгып кетет, көрсө дардес немелерди мактап коюп, жашоо турмушун оңдоп, бизнесин өнүктүрүп алгысы келген экен. Ода жазып жүрүп олигархка айланды.

Турсунбек Акун айта калат - ал дардалаңдап Атамбаевге каршы кыргызды көтөрөбүз дегендерге: «Кыргыздын энесин», - деп, кесир сүйлөп турчу деп. Турсунбек Акун досу бийликтин оюн бешке үйрөнүп алып, омбудсменге чейин жетти. Эдил Байсалов «Эл дүрбөсө, эшек кошо дүрбөйт» болуп, эл бийликтен коркуп Америкага кире качса, бул деле Швецияда жүрдү. Анын Турсунбек Акун айтканда  кыргыздарды сөккөнүнө ишенбейт элем. Арийне, Манаска асылып, Манасты бандит деген киши кыргызды сөкпөй коймок беле. Деги аман эле болсун «саясаттын Сайкалына» айланган Эдил Байсалов өзүнө гана эмес, отуз жылдан бери жылгаларды басып өткөн сүйүктүү НПОсуна деле кара көлөкөсүн түшүрүп турат.

Буга чейин социалдык тармакты Аида Исмаилова, Ишенгүл Болжурова, Мира Жангарачева, Тажикан Калимбетова, Алтынай Өмүрбекова, Элвира Сурабалдиева, Элвира Сариева, Камила Талиева сыяктуу аялзаттары жетектеп келген. Эдил Байсаловбу же Эдичка Байсаловабы НПО тарапты силкип катырган бирөө эки жылдан бери бул орунду бербестен ээ болуп келатат. Андан да президент Садыр Жапаровду Улуу Петр Биринчиге салыштырып, өзүн анын жөжөсү катары сезип турганы элдин кыжырына тийет. Жок дегенде Александр биринчиге салыштырса боло, ал досу Аракчеевге Орусия империясындагы болгон бийликти карматып коюп, жандармериядагы «Аракчеевчилик» бүт империяга тарап, ушул кезге чейин Аракчеевдин аты тарыхта калган. 

Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында “2022-жылга республикалык бюджет жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндө” мыйзам долбоорун талкууланган.Ага министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров баштаган өкмөт мүчөлөрү катышкан. Отурумда депутат Шарапаткан Мажитова өлкөдө социалдык маселелер унутта калганын айтып, социалдык тармактагы маселелерди караган министрлер кабинетинин төрагасы Эдил Байсаловго кызматын тапшырууну сунуштаган.

«Эдил Жолдубаевич саясатка киришип кетет экен. Социалдык багытка киришпейт экен. Ордуңузду иштей турган аялдарга бериңиз. Болбосо иштеңиз. Баткенде согуш болгондо канча күндөн кийин бардыңыз? Азыр ал жакта психологдор жок. Психолог менен камсыз кылуу, социалдык кызматкерлерди көбөйтүү сиздин ишиңиз болчу», — деген ал.

Депутатка жооп берген Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров соцтармак унутта калды деген пикирге кошулбайт экен. Себеби азыркы учурда Байсалов жалгыз президент Жапаровду мактабайт, ал өзүнүн жетекчиси Жапаровду да айга-күнгө жеткире мактайт.

«Эдиль Жолдубаевич боюнча айткан маселени биз карап көрөлү. Мурун бир эле айым бар эле, азыр эки айым болуп калды өкмөт мүчөлөрүндө. Балким вицелердин арасында да бир айым болуш керек десе, ошондон кырдаал оңолсо, анда биз ошондой кадамдарга барууга даярбыз. Менин оюм боюнча Эдиль Жолдубаевич азыр өзунүн ордунда иштеп жатат, биз айткан тапшырмаларды, президенттикин, меникин аткарганга аракет кылып жатат. Эми кадрларды да тарбиялаш кере экен. Баарыбызга бир жыл эми болоюн деп жатат, көбү жетпей калды бир жылдык финишке. Бирок министр болуп төрөлүп калбайт экен…», — деген Жапаров. Эми кандай түшүндүрсө болот Байсалов кызматтан кетеби же Акылбек Жапаровбу ким билет?

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg     

 

Последние новости