www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ Куда-сөөктөр кулкунга толуп баратат

«Кимдин-кимдин заманы, куда-сөөктүн заманы» болду.  Саясатта Чолпон Жакупова деген айым бар. Адилет клиникасын жетектейт. Адам укугун коргоо жаатында иш алып барат. Мына ушул айым эки жыл мурда мамлекетте болуп жаткан маанилүү окуяларга сарэсеп салып, мыйзамсыз аракеттер тууралуу пикир билдирип турчу. Анан эле кумга сиңген суудай үнү чыкпай калды. Башкача айтканда, Жапаров бийликке келген соң, чээнге кирип бекинди. Баягы Атамбаевдин учурундагыдай күндө ач-айкырык салган Жакуповадан дайын жок. Караса көзгө илинбейт, кайда экени билинбейт. Көрсө, Жакупова Жапаровдун кудагыйы болот экен. Жапаровдун агасынын кызын келин кылып алган экен. Ошол үчүн, эки жылдан бери тилин тишине басып, көрмөксөн, билмексен, укмаксан болгон эки жүздүү позицияны карманып, төө кушчасынан башын кумга тыгып алган кербези тура.

Кыргыз илгертен "колунда токочу бар бала сүймөнчүктүү" дешкен. Кимдин колунда болсо, ошонун сөзү өтүмдүү болгону ошондон окшобойбу. Мансап, байлык эмне гана кылбайт? Биздин саясий элита бири-бирине куда-сөөк, жээн-таяке болуп чырмалышып калышкан. Кадимкидей эле койу бирге короолош, ашы бирге табакташ шерине... Биринин койнунан бири чыгат. Мына агасы президент кезинде Асылбек Жээнбековдун түкүрүгү жерге түшпөй калган. Ошол учурдагы президент Сооронбай Жээнбековдун кабылдамасына караганда, Асылбек Жээнбековдун кабылдамасында кезек күткөндөр жумалап кире албай саргарышчу. 

Көпкөндүктү ушундан бил, Асылбек Жээнбеков Жогорку Кеңештин бир капшытындагы 3 бөлмөнү бириктирип, өзүнө душу менен эс алган бөлмөсү бар кабинет жасатып алган. Эч ким дубалды тешкилеп, сейсмологиялык талаптарды бузганга болбойт деп айта алган эмес. Баары - көрсө көрмөксөн, билсе билмексен болгон. 

Ошол кезде, азыркы кабмин төрагасы Акылбек Жапаров баласына Асылбек Жээнбековдун кызын алып берем деп жуучу түшүп, бирок супсуну сууп, тилеги орундалбай бозала болгон. Боло турган той болбой токтоп калган. Асылбек Жээнбеков кызын бербей, жаштарды баш коштурбай, Акылбек Жапаровду теңине албай текеберлик кылганы айтылып жүрөт. Ал кез 2018-2019-жылдар эле. Анан Жараткандын таразасынын калыстыгын ушундан бил, Жээнбековдордон оомат оодарылып түшүп, Асылбек Жээнбековго кылмыш иши козголуп, камалып, баягы көктү караган мурдунан суусу куюлуп, текеберлиги күбүлүп түштү. 

Куда болгусу келбей, баласына кызын бербеген Асылбек Жээнбеков Акылбек Жапаровго 2021-жылы кызын берип, куда болуп чыкты го, чиркин. Ошондо көптөр баштарын чайкаган. 

Азыркы кезде үй камагына чыккан бойдон ың-жыңсыз болгон Асылбек Жээнбековдун аягына чыкпай токтотулуп турган кылмыш ишинин калканычы дал ушул кудасы Акылбек Жапаров деп айтылат. Асылбектин арамзалыгын ушундан бил, азуусу айды жанып турганда чанып, башына кара булут айланган кезде куда болуп чыга келди. Жада калса балдарынын бактысын саясатка байлап, жеке кызыкчылыктары менен ченеп-бычып, өлчөгөн саясатчыларга даба жок тура. Мындан ары "Саясаттагы куда-сөөктөр" деп, кимдер менен кимдер куда экенин дагы да жазып турмакчыбыз...

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg      

Последние новости