www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШ айтып жатат: «Кумурскадай быкпырдай жайнаган ШОСтун колунан эмне келет?» -деп. Чындыгы бар калкы  миллиардан эбакта ашкан Кытай менен Индия биринен бири биринчиликти талашып калды. Өткөндө Индия биринчи болду эле,Кытай да оңой эмес,экөө тең ШКУнун мүчөлөрү, экөөнүн салмагы эле эки жарым миллиардан ашат. Жакында 87 миллион калкы менен АКШнын өлөр өлгүчө душманы Иран кошулду, Орусия Украанадан төрт облусту алгандан бери 150 миллиондон ашты болуш керек. Андан башка кыбырап-сыбыраган  бизге, Тажикстанга окшогон майда-чүйдөлөр, Өзбекстан, Казакстан сыяктуу үлкөндөр жана башка «стандар» бар.

Лотосту кытайлыктар абдан баркташат. Кескелдириктер кадырларын билбейм. «Кес куйругуңду, кес» - дешип, 1991-жылы Борбордук Азияны славяндар бөлүп салган. Ошондо Борбордук Азия биригишип, бир мамлекет түзүү тууралуу кеп болгон, бирок өз алдынча кетишкен. Түркмөнстанда газ, нефти чыгып «камчы салдырбай» кетти. «Газпромду» газы менен багып жаткан да Түркмөнстан. Азыр Иран – Түркмөнстан – Казакстан темир жолу курулду. Буларың Батышты көздөй «оюн салып» кетпесин деп, Ашгабатка катуу каптай баштады. Токаев да аркандын учун ыргытып турат. Деги энергияга бай Түркмөнстанга көз арткандар көп. Ал эми Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан Орусия менен Кытай сыяктуу зор державалар менен биригип, 1996-жылы  «Шанхай бешилигин» түзөт. СССР тараганга чейин эле мурун согуштук чыр-чатактарга чейин чырлашып турган Кытай менен мамиле оңоло баштаган. СССР тарар менен Борбордук Азиядагы энергиялык запастар АКШ сыяктуу ааламга бийлигин орноткусу келген мамлекеттин көзүн кычыштыра баштаган. Муну сезген Орусия бул аймактагы өз таасирин сактап калыш үчүн, Бээжин менен бириге баштайт. 2001-жылы бул уюмга Өзбекстан кошулуп, «Шанхай алтылыгына» же Шанхай кызматташтык уюмуна айланат. Азыр Афганистан, Индия, Пакистан, Монголия, Иран сыяктуу лөк-мамлекеттер кошулабыз дешип жулунуп турушса, Белорус,  Түркия, Шри Ланка «шире шаг» деп, ШКУ дегенде жалпаганынан жата кала баштады.

 

Артыкчылыгы:

Орусия НАТО сыяктуу зор уюмга тете, керек болсо зор стратегиялык уюм түзгүсү келет. Орусия экономикалык саясатын ЕвраАзЭС аркылуу чечип, ШКУ менен жалпы адамзаттын глобалдуу маселелерин чече тургандай.

 

Кемчилиги:

ШКУну Кытай «Шенген визасын» жүргүзгөн Евросоюздай кенен экономикалык уюм катары эсептегиси келет. Эгер Кытайдын оюна койсок, чек араны ачып, экономикалык кенен аймак түзүүнү каалашат. Албетте, АКШ сыяктуу зор мамлекеттер Кытайды экономикалык жактан муунтуп жатканда, кытайлыктар үчүн экономикалык кенен аймак керек. Бирок, зор аймакты тез эле каптатып жиберүү да мезгилдин талабы эмес..

 

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg      

Последние новости