www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Камакты эми аял-эрке министр Динара Кутманова толуктай тупгандай. Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри болуп иштеп, кызматтан кеткен Динара Кутманова жакын арада камакка алынышы мүмкүн. Себеп дегенде, Кутманова министр болуп турганда мамлекеттин миллиарддаган сомун максатсыз иштетип, кызматка туугандарын аралаштырып мыйзамсыз, өзүм билемдиктерге барган. Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Министрлер кабинетинин жарым жылдык отчёттук жыйынында билдирген: "Жаратылыш ресурстары министри Кутманова кызматтан кетсе дагы чара көрүлөт. Анткени жылына Кумтөрдөн Жаратылышты коргоо фондуна 4 миллион доллар бөлүнүп турган. Акыркы эки жарым жылда 110 долбоорго миллиарддаган сом бөлүнүп, бир дагы долбоордон эффект болгон эмес. Сиңдисин, баласын, досторун, туугандарын баарын кызматка алып, аралаштырып алган. Ушунун негизинде жазасын алышат",- деп айтты.

Демек, жакынкы аралыкта Динара Кутмановага кылмыш иши козголуп, камакка алынышы мүмкүн. Балким, соодалашып башына айланган сур булутту таратууга аракет кылат. Мурдагы экология, жаратылыш ресурстары жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутманова атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиевдин дооматтарын четке какты. Ал "Азаттыкка" комментарий берип жатып, өзү тууралуу бийлик жетекчилерине бир жактуу, туура эмес маалымат берилип жатканын айтты.

Кутманова ошондой эле Жаратылыш фондунан каржыланган 110дой долбоор натыйжасыз болгону жана туугандарын, жакындарын кызматка койгону жөнүндө сөздөрдү жокко чыгарды: "Жетекчилерге туура эмес маалымат берип, мени жаманатты кылып жатышат. Мен Камчыбек Кыдыршаевичке түз кайрылам, мени кабыл алып, менин жүйөмдү дагы угуп, объективдүү карап берсин. Буга чейин министрликти пландуу түрдө текшерип жатышкан. Корко турган эч нерсе жок, мыйзамсыз эч нерсе жасаган эмесмин деп отургам. Бирок бул жерде баары башкача болуп кетти. Бул жерде 110 долбоордун бирөө дагы натыйжасыз дегенге макул эмесмин. Ал долбоордун баары эки-үч жылдык долбоорлор, эми гана башталды. Ал жерде мэрияларга, айыл өкмөттөргө техника алынган. Лаборатория ачканбыз. Чоң-чоң бактарды тиккенбиз, анын баары телевизордон көрсөтүлгөн. Кызын, тууган-уругун аралаштырып алган деген сөздөр дагы жалган. Менин кызым жок, эки уулум бар",- деди Кутманова.

20-июлда өкмөттүн жарым жылдык ишин жыйынтыктаган жыйынында Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев "коррупцияга" аралашкан мамлекеттик кызматкерлер эртеби-кечпи жазасыз калбасын эскерткен. Буга байланыштуу экс-министр Динара Кутманованы мисалга алып, аны Кумтөрдүн акчасына байланыштуу айыптаган: "Мамлекеттин бюджетине кол салган аткаминер жазасыз калбайт. Иштен кеткен болсоң дагы артыңдан кууп барып жазалайбыз. Бир эле мисалды айтайын. Мына, кечээ эле араңарда отурган, министр болгон Кутманова деген эжекебиз эсиңерде болсо керек. Кумтөрдөн Жаратылышты коргоо фондуна жылына дээрлик 4 миллион доллар бөлүнүп турган. Акыркы 2,5 жылдын ичинде 1 миллиард сомдун тегерегинде акча бөлүнгөн. Ал жерде 110дон ашык долбоор иштетилген, бирок бүгүнкү күндө бир дагы долбоордон натыйжа жок. Ал жерге (Кутманова -ред) жалаң баласын, сиңдисин, тууган-уругун, досторун, баарын аралаштырып алган. Ошонун баары азыр, ал иштен кеткенден кийин чыгып жатат. Бирок биз буга чейин иштеп жатканбыз, ушунун негизинде жазасын алышат", - деген Ташиев.

Динара Кутманова министр болуп 2021-жылы 13-октябрда дайындалган. Ага чейин 2020-жылы ноябрдан баштап Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттиктин директору болуп турган. Кийин бул мекеме жоюлуп, министрлик болуп түзүлгөн.

Министр болуп турганда Бишкектеги жана бир катар шаардагы абанын булганышына байланыштуу ага сын-доомат көбөйгөн. 2022-жылы аткаруу бийлигинин ишин мониторинг кылууда аталган министрликке "төмөн" деген баа берилген. Кутманова министр кызматынан быйыл мартта күтүүсүз алынган жана ал үчүн өкмөт башчы Акылбек Жапаровду күнөөлөгөн.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg      

 

 

Последние новости