www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
СССР түзүлгөндө ар бир этностор өз мамлекетин түзө баштаган. Кыргыздын өкмөт башында Орозобеков да, өзбектин өкмөт башында да кыпчак турушуп, булар кыпчак мамлекетин курабыз жерди Өзбекстан жакка чогултуп, Сталинге кат жазышат. Бирок Сталин кыпчактарды чогултууга макул эмес болуп, кыргыз жерлери Өзбекстандын карамагында калып калган. Абдыкадыр Орозбеков азыркы Кыргызстанга караштуу Баткен облусундагы Кадамжай районунун Охна кыштагында туулган.Түркстандагы жумушчу кыймылына катышкан.Кыргызстанда Совет бийлигин орнотууга жана чыңдоо үчүн күрөшкөн, атуулдук (жарандык) согуш мезгилинде катардагы жоокердне отряд командирине жана саясий жетекчиге чейин көтөрүлгөн.1924-1925-ж Ош округдук эмгекчилер советинин жер бөлүмүнүн башчысы, катчысы болгон.Тоолуу Кара Кыргыз областынын жумушчу,дыйкан жана солдат депутаттар советинин уюштуруу съездине делегат болуп, анда Тоолуу Кара Кыргыз областтык АКнын (Аткаруу Комитетинин) төрагалыгына шайланган. 1925-жылдын 31-мартында Кара Кыргыз автоном облусунун биринчи уюштуруу курултайында Кара Кыргыз автоном облусунун Төрагалыгына депутаттар тарабынан шайланган. Ошентип, бүгүнкү эгемен Кыргыз мамлекетинин биринчи Президенти Абдыкадыр Орозбеков болгон десек акыйкат кеп болот.1926-жылы Кыргыз АССР Борбордук Аткаруу Комитетинин Төрагасы болуп депутаттар тарабынан шайланган.Жусуп Абдрахмановду Кыргыз АССР Эл комиссарлар Кеңешинин төрагалыгына дайындоо жөнүндөгү токтомго кол койгон.
1936-жылы Кыргыз ССР Борбордук Аткаруу Комитетинин төрагасы болуп депутаттар тарабынан шайланган. Ошентип, чыгаан инсан Абдыкадыр Орозбеков 1925-жылдан 1937-жылдын октябрь айыны чейин Кыргызстандын мамлекет башчысы, азыркыча айтканда Президенти болуп абийирдүүлүк менен иштеген.Сталинизм доорунда жалган айып менен камалып, атууга өкүм кылынган. 1938-жылы май айында аттырылган. Сөөгү Ала-Арча көрүстөнүнө түн жамына башка Кыргыз интеллигенциясы (Жусуп Абдрахманов, Төрөкул Айтматов) менен кошо коюлган.
Кыргыздарга жуурулуп кеткен кыпчактар азыркы тапта кыргыз улутунун ажырагыс бөлүгү, ошондуктан кыргыз-кыпчак уруусу кыргыз улутунун бүтүндүгү, Кыргызстандын жалпы эгемендиги жана бакыбаттыгы үчүн гана салым кошуусу зарыл. Казактардын арасындагы кыпчактар, Венгриядагы (Мажарстандагы) кыпчактар, Өзбекстандагы кыпчактар да өз эгемен мамлекеттеринин кызыкчылыктарын эң жогору коюшу керек.
Эсиме айтылуу кыргыз кыпчак баатыры Алымкул аталык түштү. Анын бейнесин кыргыздар алгач Төлөгөн Касымбековдун “Сынган кылыч” романы аркылуу, б.а. көркөм каражат аркылуу тааныган. Тимур Бейсенбиев жана башка тарыхчылар иликтегендей, Алымкулдун тарыхый жазмалардагы чыныгы бейнеси да каарман, акылман, дипломат, чечкиндүү колбашчы жана ар кыл этносторду ынтымакка чакырган мамлекеттик ишмер экендигин тастыктайт. Алымкул аталык көп этностуу Кокон хандыгынын падышалык Орусиянын оторчул өкүмүнөн эгемен бойдон калышы үчүн күрөшүп жатып баатырларча мерт тапкан.
Тээ 1990-жылдардын башында кыргыз-кыпчактарды өзүнчө этнос катары расмий каттатуу далаалатын жасагандар болгон, дешет. Алардын бардыгы эми эгемендик доорунун алгачкы учурундагы “балалык оору” сыяктуу артта калышты.Алар кыргыздарды “жалаң гана кыпчактардын бир бучкагы болчу”, Алтайда “кыргыз” этнонимин кокусунан өздөштүрүп алып, кийинчерээк, XV кылымдан кийин гана Теңир-Тоого журт которуп келген, деген сыяктуу жоромолдору да четке кагылды.Ал эми ушул этнологиялык илимде четке кагылган жоромолду ДНК маалыматтарына таянымыш этүү аркылуу кайра тастыктагысы келгендер деле генетикалык маалыматтарды бир тараптуу чечмелегендерге, илимий жактан үстүрт маңыздагы жоромолдорду “жаңы чапанга жамынтып” курулай таңуулагандарга кирет ко деп санайм.
1990-жылдары өлкөбүздө айрым жерлерде шайлоо өнөктүгү маалында уруусуна карата жаатташуу аракеттери да болгон. Көп партиялуу система андайларга чекит койду, ар бир партиялык тизмеде ар кыл этностордун өкүлдөрүнөн да болушу керек, деген талаптар да ысык сүткө күйгөн соң, айранды үйлөп ичкен коомдук тажрыйба болду да.
Кыргызстанда кыргыз улутунун ичине эчак жуурулушуп кеткен этностук бөлүктөр гана эмес, азыркы алатоолук азербайжан, алтай-кижи, балкар, башкыр, дунган, немис, орус, казак, корей, өзбек, тажик, татар, түрк, уйгур, украин сыяктуу этностор да биздин демократиялуу жумуриятыбыздын келечеги үчүн кыргыздардан кем калышпай жарандык салымдарын кошуп келишет.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg