www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарында Тыналиев көчөсүндө (Жал кичи району) жайгашкан «Батуми» рестораны бузулуп баштады. Анын аянты 1300 чарчы метрди түзөт.

Ресторандын ичинен эмеректер чыгарылды.

Борбор калаанын вице-мэри Нурдан Орунтаев билдиргендей, бул жер 5 жылга ижарага жеңил конструкция куруу үчүн берилген. Бирок ижарачы капиталдык курулуш жүргүзгөн.

«Келишимдин мөөнөтү бүттү. Буга байланыштуу имаратты бузуу чечими кабыл алынган. Ресторандын ордуна сейил бак курулат», - деди Орунтаев.

Ал ресторан 15 күндүн ичинде бузуларын белгиледи.

Жерди «Эстаунд» жоопкерчилиги чектелген коому ижарага алган

Мэрия билдиргендей, ижаранын мөөнөтүн узартуу өтүнүчү четке кагылган. Ресторандын өкүлдөрүнө 17-майдан тартып бузуу иштерин баштоо тапшырылган. Бирок талап аткарылган эмес.

Юстиция министрлигинин маалыматы боюнча, «ASTOUND» («ЭСТАУНД») компаниясынын негиздөөчүсү жана жетекчиси — Бечелова Кадича Коконбаевна.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости