www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогору Кеңештин депутаты Жеңиш Токторбаевдин малга салык салуу демилгеси коомчулукта катуу сынга кабылды. Анын майда жандыктарга (кой-эчкиге) 100 сом, бодого (жылкы, уй, топоз) 250 сомдон салык салуу аркылуу айыл өкмөттөрүнүн бюджетине каражат түшүрүп, дотациядан чыгаруу сунушу тескери реакция берди. 

Бир караганда элдин нааразы болушунун жөнү бар. Анткени, Өкмөт малга чөп-жемин алып бербеген соң, бекер дарылап берип жатпаса, же жеринен айдатып бербесе, анан түмөн түйшүк менен баккан малына салык төлөйсүң деген логикага сыйбаган нонсенстик көрүнүш эмеспи. 

Ал эми экинчи жагынан алганда, малдан түшкөн салык аркылуу дотацияда отурган айылдарга киреше киргизип, суу, свет, жол сыяктуу социалдык маселелерди чечүүгө жол ачылмак. Мына ушул тарабынан колдосо болот. Ал үчүн маселени элге туура жеткирүү зарыл. Болгону, элдин кыжырлары келип, нааразы болушуна, баары кымбаттап, турмуш оорлоп жатканда, Өкмөт элге эч кандай шарт түзбөстөн келе деп эле жутунуп, салыктын түрлөрүн көбөйтүп жатканы себеп болууда. 

Мына ошол эле Токторбаев дыйкандар үчүн жер салыгын көтөрүүнү сунуштап жатканы айтылды. Бул эми аша чапкандык. Жер салыгы, мал салыгы, жайыт салыгы деп эле элдин канын ичкен жакшылык алып келбейт. Бюджетти элдин терисин сыйрып толтурабыз деген жаңылыштык.

Өндүрүш тармагын жандантып, завод-фабрикаларды салбастан, элга салык салып, ал аз келгенсип свет, суу, жол кире, таштанды, лифтке сыяктуу коммуналдык тарифтердин баасын көтөрүп, жол эрежесин бузганга, үйүн, машинасын камсыздандырбаганга айып салуу сыяктуу эрежелерди ойлоп таап, жалаң эле элдин жонунан кайыш тилип, чөнтөгүнө кол салган иштерге басым койгон мамлекетти гүлдөтүп, өнүктүрбөйт. Тескерисинче, талкалап жоготот.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости