www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз элине кеңири таралган санжыранын салты боюнча кыргыздар Түрк атадан таралат. Түрк тукумунан чыккан Кыргызкан бүтүн түрк элине хан болуп, Оролдон Теңир-Тоого, Эдилден Эне-Сайга чейин ээлеп турган деп айтылат. Санжыра боюнча эң алгачкы кыргыз уруулары жетиген, азык, багыш, ичкилик, кушчу, чогарик, саяк, Нуркунан, найман уруулары болгон. Найман уурусунан Долон бий, Агуул, Куу уул, Адигине, Тагай. Манас Нуркунан уруусунан болуп, чоролору кыргыз урууларынын хандары катары айтылат.
Биз кыргыздар бири-бирибизди кыжып отуруп кылымдардан бери келаткан тарыхыбызды унутуп баратабыз. Кыргыздар түрктөрдү түрө кырып кубалап, уйгурларды уйпалап кубалап, кытайларды кыра кубалап, татар-монголдорду татырактата кубалап жүргөн мезгилде казак, өзбектерди мындай коёлу орус деген элдин жыты жок болчу. Биз түпкү аталарыбызды «талаадан келгендер» же өздөрүнчө «половецтер» дешип, алар келатканда кирерге тешик таппай калган славяндар деген калк кичинекей аймактарда жашачу. А биздин Атилла баштаган түпкү аталар Тынч океандан баштап Атлантика океанына чейин кирип барышып «Азиянын арстандары» аталган.
Кыргыз жөнүндө биздин заманга чейин 200-300 жыл мурунку жазмаларда бар экен. Жөн салды элди жазмага түшүрбөйт да. Ошондо эле өрттөй жанган кыргыз чүрчүт, Урумдун өпкөсүн үзчү окшойт. Канча калк андан бери жер түбүнө житип кетти? Азыр эле чыга калган коңшу-колоңдорубуз эми өздөрүнө жасалма тарых курап атат. Биздикиндей тарыхы болгондо алар кынына батпай калмак. Биздин заманга чейин кытайдын жүрөгүнүн үшүн алып Улуу Кытай сепилин курууга аргасыз кылган. Кыргыздардан далдаланабыз деген чүрчүттөр чүнчүгөнүнөн ошол сепилди курушту да. Ошол мезгилде эле кытай, перс, грек, урум империялары «кыргыз» деп жазышканына биз сыймыктанышыбыз керек. Мейли көчмөн калк бололу бирок тарыхта калыптырбыз.
Кыргыз деле чаап чачылса керек. Бир топ убакыт тарых барагына жазылбай калып, кийин Улуу Кыргыз каганатын түптөп, бутунан тургандан соң кайрадан атырылып чыгып атпайбы. Ошол мезгилде Азияны титиретип турган түрк каганатын талкалап, түрктөрдү азыркы жашап аткан жерине чейин кубалап жиберип, уйгур каганатын талкалап, уйгурлар куйругун көтөрө Кытайга кире качып, миң жылдан ашты эмгиче Кытайдын карамагынан чыга албай жүрүшөт. Оомат келет экен, оомат кетет экен.
Кыргыздын канынан жаралган Чыңгызхан ааламды каратканы менен бир кыргызга даай албаптыр. Кийин анын тукумдары Хубилайлар кыргызды талкалап, жанчып туш-тарапка таратып ийип атпайбы. Ошондо деле кыргыз атын жоготпой Ала-Тоого келип, «Моголстандын арстандары» атка конуп, калмактар менен кармашып канчасы кырылды?
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg