www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Министрлер кабинетинин жыйынында “Нарын” эркин экономикалык чөлкөмүндө товарларды жылдыруу тартибин бекитүү тууралуу чечим кабыл алынды. Бул ченемдик укуктук актыны кабыл алууда чек-аралык электрондук соода боюнча Кытайдын Кашгар бонд чөлкөмү менен долбоорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүгү пайда болот, товарларды “Нарын” эркин экономикалык чөлкөмүнөн Кашгар шаарынын бонд чөлкөмү аркылуу экспорттоо ишке ашырылат. Белгилей кетсек, “Нарын” эркин экономикалык чөлкөмүнөн Кытай Эл Республикасына товарларды экспорттоо мүмкүнчүлүгү түзүлөт жана Түркия Республикасынын, Россия Федерациясынын, Белорусь Республикасынын, Бириккен Араб Эмираттарынын жана башка өлкөлөрдүн инвесторлорун тартат.

Ижара акысынан көп жылга бошотулган инвесторлорду жетектеген Шыкмаматов өкмөттү алка-жакадан алып сындай баштады. Учурунда депутат болуп келген Шыкмаматов деген кур дымак «чиниш» бар. Анын «мыктылыгы» Торугарттагы бажы постун кыргызды көздөй 100 чакырым бери жылдырып, кытайлыктардын «валютасына» карк тойгон Шыкмаматов айтылуу Жетим темир кенин  «жетимсиретпей» «чүрчүт акелер» пайдасын көрсүн деп, кытайлыктарга Жетимди тебелеткендердин бири. Бишкек Эркин экономикалык аймагына аткаруучу директор болгон соң куркулдаган кулкуну чоң Шыкмаматов өкмөттүн кызыл кекиртегин көздөй акчанын нугун буруп, андан арткан миллиондорду капчыгына уруп тургандай. Бул атка минер терисин тескери жамынып азыркы бийлик менен кызматташып жатат.

Бишкек Эркин экономикалык аймагына аткаруучу директору Шыкмаматов Жогорку Кеңеш тарабынан чыгып жаткан мыйзамдарды дайыма көөлөп, жамандап маалымат беттерине жарыялап келатат. Себеби, парламент тарабынан кабыл алынган мыйзамдардын байма-бай өзгөрүп турушу бизге келе турган  инвесторлордун ишенимин азайтып, Шыкмаматов жетектеген Бишкек Эркин экономикалык аймагынан үркүтүп турат экен. Албетте, бул мыйзамдарды өкмөт түзүп, Жогорку Кеңештен жактырылып жатканын  Шыкмаматов түшүнбөйбү? Анда ачыгын айтып, бул өкмөт түзүп парламентке жөнөтүп жаткан мыйзамдар инвесторлорду үркүтүп жатат. Ошол себептен бул мажес өкмөттүн бизге кереги жок деп айтыш керек эле. Лекин, антип айтууга Шыкмаматовдун дарманы жетпейт. Себеби, өз тууган –туушкандарын миллиондор менен камсыздандырып жүргөн өкмөт менен Шыкмаматовдун ортосун байланыштырып турган кандапйдыр бир байланыштар бар. Бекер жерден Шыкмаматов Бишкек Эркин экономикалык аймагында чалчактаган жок.

Шыкмаматовдун айтымында 25 жылдын ичинде Бишкек Эркин экономикалык аймагы боюнча мыйзамга 12 жолу, ал эми Бишкек Эркин экономикалык аймагынын ишмердүүлүгүн жүргүзүү боюнча жобого 13 жолу өзгөртүү киргизилген. Бүгүнкү терсаяк парламент да, ишке жарамсыз өкмөт да тийиштүү мыйзамдарга өзгөртүү кийирүү тууралуу демилгелерди изин суутпай көтөрүп жатат.

Шыкмаматов Бишкек Эркин экономикалык аймагында болуп жаткан коррупциялык схемаларды Жогорку Кеңеш менен өкмөткө оодара салгысы келгенби, инвесторлордун качып жатканына башкалар күнөөлүү экенин баса белгилеген: ЖК жана өкмөт тарабынан болуп жаткан «мындай өзгөрүүлөр инвесторлордун бизге (Бишкек Эркин экономикалык аймагына) болгон ишенимин азайтып жатат. Анткени, инвестор бүгүн башка шартта ишке кирип, эртең заводун курган соң «ушул шарттар менен иштейсиң» деген туура эмес». Шыкмаматов бүгүнкү заманбап шартта күн сайын жаңыланыштар болуп жатканын сезбей, 1990-жылдагы мыйзам менен жашап кере чайнап тургусу келет.

Бишкек Эркин экономикалык аймагында учурда 2 миң 600 дүн ашуун Шыкмаматовду көргөндө бакадай секирген жумушчулар иштейт. Шыкмаматов ичип-жеп өз жумушун карабагандыктан Кореядан келген инвесторлорго ижарага берилген жерлер кароосуз калды. Жалпы жердин 23 гектары 93 жылга, көргөзмө павильону 93 жылга, экпоборбор 26 жылга жана терминалдын мекемеси 46 жылга берилгендиги тууралуу мына мында жазылып турат. Коммуналдык кызматтарга 2 миллион карызы бар экен. Анан анда парк бар экен, ижара акысынан 93 жылга бошотулган. Бирок  түшкөн кирешенин 2 % төлөнүп турмак, ал боюнча дагы белгисиз.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

Последние новости