www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бизде болсо «Мага кыргыз тилинин кереги жок, мага иштеген (жеген) адам керек» -деген Жантөрө Сатыбалдиевдин аксиомасы, Чыңгышовдун «Бизде жалкоолор гана уурдашпайт» дегенден кийинки эле мыкты сөзгө айланган.

Орус тили деле жок болуп кетүү коркунучунда турган. Азыркы кыргыз тилиндей карапайым эл орус тилинде, ал эми бийликтегилер менен бай, дворяндар француз тилинде сүйлөшкөн. Пушкин орусча жакшы билбей, французча түзүк билген, атасы дворянин, таятасы Петр 1дин Африкадан колго түшкөн мавр кулу Ганнибалдын уулу болгон. Аны Царское селого лицейге бергенде, мугалимдери «Бул акылсыз, чалакайым, эч нерсеге шыгы жок», - деп баа беришкен.

Пушкиндин көзү тирүүсүндө кат тааныгандар падышадан коркуп, анын жазгандары окулбай калган. Пушкин Наталя Гончаровага баш кошуп, ал падыша Николай, Дантес жана бшкалар менен жүрүп кетип, Пушкин каякка барса да «мүйүздүү», аялына алданган киши деп, жаштар анын артына тура калышып мүйүз көрсөтүшүп, абдан кор болгондо Дантести дуэлге чакырып, дуэлден өлөт. Карапайым эл толкуп кетпесин деп Пушкиндин сөөгүн чиркөөдөн каретага жүктөп кетип баратканда, буту чөптөн чыгып калыптыр. «Бул ким?» -дегенде, «Пушкин ыр жазымыш болгон акын»-дешиптир, «Итти да минтип кордобой көмөт, Пушкиниңер эмне иттей жокпу» - деген экен.

Пушкин өлөр алдында «Эстелик» деген ырын жазган, анда: «Талаа кожоюндары кыргыз, мен өлгөн соң, атымды даңктап ырдашат» ... деген сабы бар. 1836-жылы кыргыз эмес казактын кичүү жүзүнөн башкалары орус императорун таанычуу эмес, ошондуктан цензорлор «кыргыз» деген сөздү «калмак» деген сөзгө алмаштырып коюшкан. Пушкин өлгөндө аны эч кимге көрсөтпөй, иттин сөөгүн көмгөндөй көмүшкөн. Пушкин өлгөн соң Лермонтов "Акындын өлүмү» деген ыры менен чыккан. Анан Белинский ырын талдап отуруп, аны орустун «великий» акыны кылып чыгышкан.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

Последние новости