www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президентке таянып алып көөп жаткан министрлер көбөйүп баратат. Башкы прокурор Зулушевге баш бербей шалтаңдаган "минздрав" Алымкадыр Бейшеналиевдин, артынан энергетика министринин арты булгануу экендиги белгилүү болду. Эми  Коргоо министри Бактыбек Бекболотов кезекте турат. Ал президенттин чечими менен гана кызматтан кетүүгө даяр экенин Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Бекболотовдун айтымында, ал Кыргызстандын армиясындагы кемчиликтерди моюнга алат: "Эгерде президент мени отставкага кетирүү чечимин кабыл алса, мен кетем. Мен күнөөмдү танбайм. Жоокерлердин өз жанын кыюуга жол бербөө маселеси боюнча жетишерлик иш алып барбаганыбызды мойнума алам. 2010-жылдан бери талдоо жүргүзүп келе жатабыз, тилекке каршы, Армияда өз жанын кыюулар ошондон бери уланып келе жатат: "Тилекке каршы, бүгүнкү күндө дагы болуп жатат. Акыркы үч жылда алар чоңдук менен кыскартылды. Бул эки окуя эскертүүчү кызматкерлердин ишин таптакыр бузуп салды", - деди ал.

Мындан тышкары Бекболотов эки-үч жылдын ичинде штатка офицер-психологдор алынып келингенин кошумчалады.

 Жогорку Кеңештин Мыйзамдуулук, укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин жыйынында депутаттар коргоо министри Бактыбек Бекболотовдун маалыматын угушту. Жыйындын жүрүшүндө депутат Алишер Эрбаев армиядагы өзгөчө кырдаал боюнча тема көтөрдү. Ал Улуттук гвардиянын кызматкерлери тарабынан кызды зордуктоо боюнча иштин чоо-жайын сурады.

Аскер прокурору Сагындык Мукашев бул кылмышка шектелип эки кызматкер - майор жана капитан кармалганын, учурда иликтөө иштери жүрүп жатканын билдирди. Ал эми, коргоо министри Бактыбек Бекболотов Улуттук гвардиянын офицерлери гауптвахтага жайгаштырылды деп жооп берди: "Алдын ала маалымат боюнча, аскер кызматкерлери унаада отурушканда жанынан бир кыз өтүп бараткан. Же провокация кылышты, же башка нерсе... Ал жерде алардын ортосунда байланыш болгон. Эртең менен РОВДнын тергөөчүлөрү бөлүмгө келишти".

Эл өкүлү зордуктоо фактысы бар же жок экенин тактады. Коргоо министри: "Факт болгон, ошон үчүн камалды" деп жооп берди. Алишер Эрбаев коргоо бөлүмүнүн башчысы бардык жоокерлер жана офицерлер үчүн жооптуу экенин айтты: "Эмне үчүн окуя Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде, экинчиси Чек ара кызматында болду деп жатасыз? Аларды ким армияга чакырды? Аскерге көчөдөн же базардан келиштиби? Тандоо, даярдоо Коргоо министрлигинин башкы оперативдүү башкармалыгы жана облустук аскер комиссариаттары тарабынан жүргүзүлүшү керек болчу", - деп ачууланды. Депутат аскер прокурорунан коргоо министринин аракетине баа берүүнү суранды.

 Жогорку Кеңештин Мыйзамдуулук, укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин жыйынында Жогорку Кеңештин депутаты Алишер Эрбаев менен Коргоо министри Бактыбек Бекболотовдун ортосунда оозеки чыр чыкты.

Депутат коргоо министрин суроолорго жооп берүүсүн суранды, бирок чиновник парламентарийдин сөзүн бөлдү: "Суроо бергенде жооп бериш керек. Жооп бере албасаңыз... Мен азыр сизге айтып жатам, жолдош Коргоо министри. Өзүңүздү колго алыңыз! Сиз Жогорку Кеңештесиз. Министрликтин коллегиясында отурган жоксуз", - деп ачууланды.

 Коргоо министри Бактыбек Бекболотов аскер өтөп жүрүп каза тапкан Сыргак Сабырбеков жана Элдияр Жайлообековдун өлүмү боюнча парламенттин тармактык комитетинин биргелешкен жыйынында маалымат берди. Бекболотов аскерде чоңсунуу (дедовщина) жок экенин айтып, эки жоокердин өлүмүн турмуштук көйгөйлөрү менен байланыштырды.

“Экинчи учурду айтсак, кат калтырып кетет. Анда "кичинекей кезимде атам менен энем ажырашып кеткен, атам зөөкүр киши болгон" дейт. Экинчи катында “прапорщик баланчаев акча талап кылган” деп шашып жазган. Бул жерде эмне болгон? Нөөмөттө ал жоокер отурган болот. Ошол жерден прапорщик эскертүү кылат. “Баарынан тажап кеттим, кааласаңар камап салгыла” деп куралы менен нөөмөттөн кетип калган. Кечки сегизден онго чейин анын аркасынан издешет”.

Бекболотов аскер камыштын арасына кирип өзүн-өзү атып салганын айтты. Коргоо министри аскер бөлүктөрүндө эреже бузулганын, учурда органдар териштирүү жүргүзүп жатканын белгиледи.Анын аскерде жоокерлердин өлүмү буга чейин дагы болуп келгенин, ага балдардын кызматка даяр эместиги жана социалдык маселелер себеп дегени айрым депутаттардын сынына кабылды. Депутат Эмил Токтошев алардын ата-энелери башка маалымат айтып жатканын, кесиптеши Руслан Жакышев ар бир жоокерге министр жоопкер экенин айтты.

“Бул жерде баланын сөзүн айтып жатасыз. Ал генералдын сөзү эмес. Армиядагы ар бир баланын чыпалагы сынып калса сиз жооп беришиңиз керек. Бирөөнүн чырактай уулу өлүп жатат”, - деди Жакышев. Жакышев балдар армияга даяр эмес келип, жоокер болуп чыгышы керек экенин кошумчалады. Кыргызстанда жай айында Коргоо министрлигине караштуу аскер бөлүктөрүнөн эле эки жоокер каза тапты. Жалпы жыл башынан бери төрт жоокер каза болду. Аскер институтунун алдындагы бөлүктө кызмат өтөп жүргөн Сыргак октон каза болгон, ок чекесине тийген. Сабырбеков былтыр күзүндө Каракол шаардык аскер комиссариаты аркылуу армияга чакырылган.

Кой-Таш айылында жайгашкан №73809 аскер бөлүгүнүн жоокери, 22 жаштагы Элдияр Жайлообеков күзөттө турган жеринде эки жолу атылган октон каза болгон. Буга чейин коргоо министри Бактыбек Бекболотов  учкай комментарий берип, соңку окуяларды "балдардын аскерге даяр эместиги" менен түшүндүргөн жана анын мындай билдирүүсү аскер башчылардын жоопкерчилиги тууралуу талкуу жараткан. Президент Садыр Жапаров "жүктөлгөн милдеттерин тийиштүү түрдө аткарбаганы үчүн" Бактыбек Бекболотовго катуу сөгүш берген.Өткөн айда Акыйкатчы институту атайын жумушчу топ түзүп, соңку беш жыл ичиндеги жоокерлердин өлүмүн, армиядагы зордук-зомбулукту иликтеп жатат.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости