www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

 Бекболот Талгарбеков сыяктуу көпчүлүк кыргыз жарандары мамлекетибиздеги азыркы реформаланууну өзүнүн ой-пикирлери менен толуктап жатышат. Ал эмес облустарды жоюп, райондорду бириктирип, айыл аймактарын ирденттүү тууралуу көз караштарын байма-бай айтып келүүдө. Бирок алардын сөзүнө эч ким кулак кагышкан жок. Балким биз мынчалык реформага барган соң аягына чейин чыгышыбыз керектир. Акылбек Жапаров жетектеген Министрлер кабинети  айылдык аймактар түз баш ийе турган мыйзамды таңуулашкан. Орусияда кадрдык резервдер 100 миңдеген адамдын арасында ачык конкурстук негизде тандалып алынат. Бизде да муниципалдык кадрлар резерви түзүлдү. Ош шаарындагы кеңешмеде опурулуп  жаткан Жапаров  акимдерге кайрылып, эми эми башыңарга бакыт, колуңарга чоң бийлик келди, элди мүлжүсөңөр мүлжүй бергиле дегендей кылды. Жапаровдун реформасы ушундай акимдерди күчтөп элдин оозун басыш керек. Реформалоо иштери тереңдеп баратат.

Бийликтин айыл өкмөттөрүн ирилештирип, бири-бирине кошуп, санын кыскарткан реформасы учурда Нарын облусунда жүрүп жатат. Эгер бул долбоор ийгиликтүү ишке ашса, башка облустарда да улантылат. Арийне, бийликтин бул саясатынын түпкү максаты жакшы. Айыл өкмөттөрдүн санын азайтуу аркылуу өлкө бюджетине миллиондогон сом эконом кылса болот. Тилекке каршы, бул ишти аягына чыгарбай, коюлган тапшырманы так аткара алышпай орто жолдон жергиликтүү бийлик органдары күм-жам кыла тургандай болуп калышты. Дегенибиз, реформаны түшүнбөй жатышабы, же атайын жасап жатышабы, кыскасы жайыт, жерлерди туура бөлүштүрө албай талаш-тартыш, келишпестик жарала баштады. Айыл өкмөттөрдү кошулушунан улам айыл тургундарынын ортосундагы жайыттан талаштан чыр чыгып жатат. Бул реформага тоскоолдуктарды жарата турган көйгөй. Буга Жумгалдагы абал күбө. Жайыт чырынан улам жергиликтүү эл президентке чейин кайрылуу жасап отурат. Тиешелүү бийлик органдарынын өкүлдөрү бир айылдын колдонгон жайытын башка айылга өткөрүп берүү аркылуу атайын собатаж кылып жаткандай туюлат. Мындай реформа элди кагыштырып, чабыштырганга жетет. Ойлончу маселе.

Кыргызстанда 44 район болсо, көпчүлүк  райондун акимдери жаңы дайындалды. Мамлекеттик кадр кызматынын жетекчиси район акимдерин ротациялоодо бир нече критерийи эске алынганы билдирди. Ага ылайык, аттестациядан өткөн, өз ордуна ылайык келген кадрлар тандалып, «түндүк аймактан түштүккө», «түштүк аймактан түндүккө» деген жобо менен которулду. Акимдерди ротациялоо «Мамлекеттик жаңы кадр саясаты жөнүндөгү» жарлыкка ылайык жүргүзүлүп жатат. Анда мындай чечим коррупцияны жоюу, жергиликтүү администрация башчыларынын ишинде бейтараптыкты камсыз кылуу максатында кабыл алынганы айтылат.

Административдик - аймактык реформа керекпи?

Кыргызстанда 495 айыл өкмөттүн башын кошкон 44 район бар. Кээ бир Тогуз-Торо сыяктуу райондун калкынан Кара Суу, Ноокат районунда айыл өкмөтүнүн калкы көп. Башка мамлекеттердин административдик-аймактык бөлүнүштөрүн карап отуруп, бизде облус, район деген бюджетибизден ашыкча «жем» жегендер, жүк болуп атканын байкасак болот. Якут туугандарыбызда бир райондун эле аянты биздин республикабыздын аймагына барабар болуп калат. Ошондуктан, бюджетибиздин жүгүн жеңилдетүү үчүн административдик-аймактык реформага барышыбыз зарыл.

Албетте, керек. Бул үчүн дүйнөлүк практикада колдонуп келаткан жагдайларды да салыштырып көрүш керек. Мына, мурунку союздаштарыбыздын бири Грузия, калкы 5 жарым миллиондон ашуун, бирок курамынан Абхаз автономиялуу республикасы менен Түштүк Осетия автономиялуу областы чыгып атат. Андан башка Ажар автономиялуу областы менен республикага баш ийген 66 району бар. Облус дегени жок.

   Албаниянын 4 миллионго жакын калкы  бар, 26 районго бөлүнгөн. Арменияда да 4 миллион калкы менен 36 районго бөлүнгөн. Даниянын калкы биздин Кыргызстан менен тең чамал, 5 миллиондон бир аз көбүрөөк, Гренландияны кошкондо 14 эле административдик бөлүктөн турат. Финляндиянын калкы да биз менен чамалаш, административдик жактан 12 губернияга бөлүнөт. Гондурас республикасы калкы 5 миллиондон ары ооп кетет, 18 гана департаменти бар болсо, ошол менен тең чамалаш Иорданиянын калкы 8 гана провинцияга бөлүнөт экен.

Биз менен калкынын саны бирдей  Лаос 16 провинцияга, Ливия 10 мухафазага (округ), Парагвай 16 департаментке бөлүнсө, биздин мамлекеттен калкы бир аз азыраак  Норвегия 20 фюлькелерге, Молдова 36 районго, Литва 44 районго бөлүнөт.

Мухафаза, Фюльке, департамент, провинция, дубан…

Ар мамлекет өзүнүн административдик бирдигин өзү каалагандай  коюп алышса болот. Эмне үчүн  биз союздан калган область, район дешибиз керек? Кыргызда дубан деген, аймак деген бирдиктер бар. Ушуларды колдонсок биздин чапаныбызды бирөө чечип алмак беле? Өткөн кылымда Кыргызстанда административдик-аймактык көптөгөн реформалар болгон. ХХ- кылымдын башында Орусияга караган кыргыз аймагы азыркы Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын аймагы Жети-Суу областынын Пишпек жана Пржевальский уездерине тиешелүү болсо, Талас облусунун аймагы  Сыр-Дарыя областынын Олуя –Ата уездине казактар менен бирге карап, Лейлек районунун аймагы Самаркан облусунун Хожент уездине кирип, калган  түштүк кыргыздар  Фергана облусунун Наманган, Анжиян, Ош, Маргалаң жана  Кокон уездерине өзбек, сарт, тажик менен аралашып баш ийген. Орусия империясы майда улуттардын кызыкчылыгын коргогон эмес. Кыргыз эли көрүнгөн облустун, көрүнгөн уездерине баш ийип келишкен. Уездер болуштуктарга бөлүнгөн.

  СССР түзүлгөндөн кийин деле бир топ административдик-аймактык өзгөрүүлөр болду. Мисалы Жалал-Абад, Талас, Чүй бир нече ирет жоюлуп кайра түзүлдү. Баткен кийин гана түзүлгөн облус. Областты жоюп кайра, түзүп отурушуп, СССР тараар алдында Ош жана Ысык-Көл облусу калган. Биздин мамлекетке жарым пашаа боло турган супероблустардын кереги жок.

  Кыргызстанда өрөөндөр бири-биринен тоо кыркалары  менен бөлүнүп, экономикалык жана жана башка шарттары бирдей калыптанган. Тарыхий өнүгүү шарты бирдей аймактар бар. Бул аймактар кайсы бир убакта бир район болуп келишкен. Ошондуктан, аларды ирилештирип, бириктирип койсо, өз оокаттарын мурункудай эле жөндөп кетишет.

 Алсак, Базар-Коргон менен Ноокен, Чаткал менен Ала-Бука, Сокулук менен Москва, Алай менен Чоң Алай, Манас менен Кара-Буура. Бир убакта кандай бирдиктүү район болсо, ылайыкташтырып бириктирип туруп, ошол мезгилдеги райондун борборун, дубанга борбор кылып койсо, бул райондордо чоң көйгөй болбойт.

  Эми жаңы түзүлө турган дубандар деле кыйынчылыкты жаратпайт. Анткени, ал дубандардын борборлору азыркы областтын борборлору, же ири шаарлар. Ошол тегерек четтеги жашаган  эл, ансыз деле ушул шаарларга келип-кетип, бекем катнашта жашашат. Мына карап көрсөңүз: Каракол шаарын дубандын борбору кылып, Ак-Суу району менен Түптү кошуп койсо болот. Ал эми Балыкчынын борбор кылып, Ысык-Көл менен Тоң районун кошсо неге болбосун. Жалал-Абад шаарына Сузак менен алыстагы Тогуз-Торону  кошуп койсо, обочолонгон Тогуз-Торо эптеп Жалал-Абадка жармашып мыкты өмүр сүрмөк. Токмок шаарын Чүй менен Кеминди, Талас шаарына Талас менен Бакай-Атаны, Баткен шаарына Баткен району менен Лейлекти, Нарын шаарына Нарын району менен Ак-Талааны кошуп, Кара-Балта шаарына Жайыл району менен  1977-жылы бөлүнгөн Панфилов районун кошсо, 8 экономикалык жактан күчтүү, тарыхий жагынан орундуу ири дубан түзүлмөк.

  Калкынын саны аз болсо да , өзүнчө өрөөндөрдө жаткан Токтогул, Ат-Башы, Кара-Кулжа, Аксы, Кочкор, Жумгалга да дубан деген статус берип, ал эми калкынын саны жетиштүү Кара-Суу, Ноокат, Өзгөн, Кадамжай, Ысык-Ата, Аламүдүн, Араван, Жети-Өгүз райондоруна өзгөртүүсүз калтырып. ушул бойдон дубанга айлантсак, баары биригип Кыргызстанда 27 дубан болуп калат экен.

  Кыргызстанда 27 дубан жана 2 борбордук шаар: Бишкек менен Ош, баары биригип 29 административдик бирдиктен  баш деле айланып кетпестир. бирин-бири кайталаган 7 област жана 40 район жоюлуп, ордуна 27 дубан түзүлсө, башкаруу да жеңил, мамлекеттик бюджетке да канча жеңилдик болот эле.

Кыргызстандын административдик-аймактык болжолдуу бөлүнүшү

Калкынын санына карата тизмеленди:

1.Кара-Суу  дубаны, борбору Кара-Суу шаары, болжол менен калкы 320 миңге чукул, 15 айыл өкмөтү бар, 2.8 миң км.кв аянтты ээлейт.

2. Сузак -Тогуз-Торо дубаны, борбору  Жалал-Абад шаары, болжол менен калкы 230 миңден ашат, 17 айыл өкмөтү бар, 10.8 миң км.кв аянтты ээлейт.        

3.Базар-Коргон - Ноокен дубаны, болжол менен калкы 230 миңге чукул, 17 айыл өкмөтү бар, 4,5 миң км.кв аянтты ээлейт.                         

4.Сокулук - Москва дубаны, болжол менен калкы 220 миңге чукул, 31 айыл өкмөтү бар, 3,5 миң км.кв аянтты ээлейт.                         

5. Ноокат дубаны, болжол менен калкы 210 миңге чукул, 15 айыл өкмөтү бар, 4,4 миң км.кв аянтты ээлейт.                          

6. Өзгөн  дубаны, болжол менен калкы 205 миңге чукул, 17 айыл өкмөтү бар, 3,4 миң км.кв аянтты ээлейт.                                                   

7. Жайыл - Панфилов  дубаны, борбору Кара-Балта шаары, болжол менен калкы 185 миңге чукул, 19 айыл өкмөтү бар, 8,2 миң км.кв аянтты ээлейт.                                     

8.  Ак-Суу -Түп  дубаны, борбору Каракол шаары, болжол менен калкы 180 миңге чукул, 25 айыл өкмөтү бар, 18,2 миң км.кв аянтты ээлейт.                                            

9.Баткен -Лейлек  дубаны, борбору Баткен шаары, болжол менен калкы 175 миңге чукул, 18 айыл өкмөтү бар, 10,9 миң км.кв аянтты ээлейт.                                             

10. Ысык-Көл -Тоң дубаны, борбору Балыкчы  шаары, болжол менен калкы 170 миңге чукул, 19 айыл өкмөтү бар, 10,8 миң км.кв аянтты ээлейт.                                        

11. Чүй - Кемин дубаны, борбору  Токмок шаары, болжол менен калкы 160 миңге чукул, 22 айыл өкмөтү бар, 5,1 миң км.кв аянтты ээлейт.                                            

12. Кадамжай  дубаны, борбору Кадамжай, болжол менен калкы 155 миңге чукул, 11 айыл өкмөтү бар, 6,1 миң км.кв аянтты ээлейт.                                       

13. Ысык-Ата дубаны, борбору Кант шаары, болжол менен калкы 128 миңге чукул, 18 айыл өкмөтү бар, 1,9 миң км.кв аянтты ээлейт.                                        

14 . Нарын -Ак-Талаа дубаны, борбору Нарын шаары, болжол менен калкы 130 миңге чукул, 25 айыл өкмөтү бар, 14,2 миң км.кв аянтты ээлейт.                                              

15. Талас -Бакай-Ата дубаны, борбору Талас шаары, болжол менен калкы 127 миңге чукул, 22 айыл өкмөтү бар, 7,5 миң км.кв аянтты ээлейт.                                               

16. Аламүдүн дубаны, борбору Лебединовка, болжол менен калкы 125 миңге чукул, 17 айыл өкмөтү бар, 1,5 миң км.кв аянтты ээлейт.                                      

17. Аксы  дубаны, борбору Кербен шаары, болжол менен калкы 105 миңге чукул, 12 айыл өкмөтү бар, 3,5 миң км.кв аянтты ээлейт.                                               

18. Араван дубаны, борбору Араван, болжол менен калкы 100 миңге чукул, 6 айыл өкмөтү бар, 1,3 миң км.кв аянтты ээлейт.                                                 

19. Ала-Бука - Чаткал дубаны, болжол менен калкы 96 миңге чукул, 12 айыл өкмөтү бар, 9,2 миң км.кв аянтты ээлейт.                                                          

20. Алай -Чоң Алай дубаны, борбору Гүлчө, болжол менен калкы 93 миңге чукул, 9 айыл өкмөтү бар, 12,5 миң км.кв аянтты ээлейт.                                                   

21. Манас -Кара-Буура дубаны, болжол менен калкы 90 миңге чукул, 13 айыл өкмөтү бар, 3,9 миң км.кв аянтты ээлейт.                                                    

22. Кара-Кулжа дубаны, борбору Кара-Кулжа, болжол менен калкы 85 миңге чукул, 11 айыл өкмөтү бар, 5,7 миң км.кв аянтты ээлейт.                                         

23. Жети-Өгүз дубаны, болжол менен калкы 80 миңге чукул, 13 айыл өкмөтү бар, 14,1 миң км.кв аянтты ээлейт.                           

24. Токтогул дубаны, болжол менен калкы 56 миңге чукул, 11 айыл өкмөтү бар, 6,9 миң км.кв аянтты ээлейт.

25. Кочкор дубаны, борбору  Кочкор, болжол менен калкы 55 миңге чукул, 11 айыл өкмөтү бар, 6,4 миң км.кв аянтты ээлейт.                                                 

26. Ат-Башы дубаны, борбору Ат-Башы, болжол менен калкы 50 миңге чукул, 11 айыл өкмөтү бар, 19,1 миң км.кв аянтты ээлейт.                                                  

27. Жумгал дубаны, борбору Чаек, болжол менен калкы 44 миңге чукул, 10 айыл өкмөтү бар, 5,3 миң км.кв аянтты ээлейт.                                                      

      Борборубуз  Бишкек шаары   4 району менен      официалдуу 900 миңге чукул калкы менен,  экинчи борбор Ош шаары 225 миңге  чукул  калкы менен борбордук аймактарды түзөт.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»

 

Последние новости