www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

8-9-майда Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Орусияга иш сапары менен барып, Улуу Жеңиштин 78 жылдыгына арналган парадга катышат. Президенттин иш сапары тууралуу президенттин басма сөз катчысы Руслан Желдибай билдирди.

Тверь облусунда Казакстандын президенти Ржев мемориалына барып, Улуу Ата Мекендик согуштун ири салгылашууларынын биринде курман болгон 100 жана 101-аткычтар дивизиясынын казак жоокерлеринин элесин эскерет. Андан соң атасынын бир тууганы Касым Болтаевдин сөөгү коюлган Трубино айылындагы массалык көрүстөнгө зыярат кылат. 

Ал эми, 9-майда Орусиянын президенти Владимир Путиндин чакыруусу менен Касым-Жомарт Токаев Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 78 жылдыгына арналган парадга катышат.

Орус тарап салтанаттуу иш-чарага КМШ өлкөлөрүнүн жетекчилерин чакырды.

Буга чейин Тажикстан менен Түркмөнстандын президенттери парадга чакыруу алганы да белгилүү.

Белгилей кетсек, ушул күндөрү президент Садыр Жапаров Россия Федерациясында иш сапары менен жүрөт. Ошону менен бирге 9-майда Улуу Жеңиштин 78 жылдыгына арналган салтанатка да катышат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости