www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Быйыл Улуу Жеңишке 78 жыл толду. Ата Мекендик согушка Кыргызстандан 363 144 жоокер аттанып, алардын 1395и аялдар болгон. Согуш майданында курман болгон жана дайынсыз жоголгондор 133 886 адамды түзөт.

100 миңден ашуун жоокерлер орден, медалдар менен сыйланган. Ал эми Кыргызстандан барган 73 эр азаматыбызга Советтер Союзунун Баатыры деген сыймыктуу сыйлык тапшырылган. Алардын бири мекендешибиз Самат Садыков.

Мекен үчүн кашык каны калганча кармашкан баатырдын бүгүн 8-май жарык дүйнөгө келген күнү. Ал дал ошол 1945-жылдын 1-май күнү, Берлинди бошотуу учурунда курман болгон. Өкүнүчтүүсү Советтер Союзунун Баатыры наамы берилгени тууралуу Ата-журтуна 15 жылдан кийин маалым болгон. Ошентсе да Самат Садыковдун эрдиги жана каармандыгы келечек муунга үлгү! 

Аталган баатыр жөнүндө даректүү фильм былтыр, 2022-жылы жарык көргөн.

Көркөм тасманын сценаристи жана режиссёру КР ӨКМдин Калк жана ММКлар менен иштөө башкармалыгынын башчысы Алим Токторов.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости