www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиянын президенти Владимир Путин телефон аркылуу сүйлөшүү учурунда түркмөн кесиптеши Сердар Бердымухамедовду 9-майда Москвада Жеңиштин 78 жылдыгына арналган салтанатка катышууга чакырды. Эки лидердин телефон аркылуу сүйлөшүүсү 7-майда болгон.

«Президенттер Сердар Бердымухамедов менен Владимир Путин бири-бирин келе жаткан Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиш күнү менен чын жүрөктөн куттуктап, эки өлкөнүн элдерине бакубатчылык жана гүлдөп-өнүгүүнү каалашты. Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, Россия Федерациясынын башчысы түркмөн кесиптешин Жеңиштин 78 жылдыгына арналган салтанатка катышууга чакырды», — деп билдирет Түркмөнстандын мамлекеттик маалымат агенттиги.

Белгилей кетсек, ушул күндөрү президент Садыр Жапаров Россия Федерациясында иш сапары менен жүрөт. Ошону менен бирге 9-майда Улуу Жеңиштин 78 жылдыгына арналган салтанатка катышат.

Ал эми, буга чейин Владимир Путин Тажикстандын башчысы Эмомали Рахмонду да аталган салтанатка чакырганы белгилүү болгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости