www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 8-майда Бишкек — Балыкчы жолунун жээгинде чыккан өрттү өчүрүү иштери уланууда. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Көк-Мойнок айыл аймагына караштуу Бишкек-Балыкчы унаа жолунун 157-чакырымындагы ачык аянттагы куураган чөп жана бадалдардан чыккан өрттү өчүрүүгө жалпы ӨКМден 3 өрт өчүрүүчү күжүрмөн эсеп, 20 куткаруучу тартылды.

Ошондой эле Токой чарба кызматынан 15 кызматкер, ИИМден 1 экипаж жана «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынан 15 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 15 адам өрттү өчүрүүгө көмөктөшүүдө.

"Өрттүн болжолдуу аянтты 10 гектарды түзөт. Аймакта шамал болуп жаткандыгына байланыштуу өрттү өчүрүү иши жайлап жатат", - деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, Боом капчыгайында кечээ, күндүзү кайрадан от тутанган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости