www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
БӨТ-Бабанов Өмүрбек Токтогулович болсо, БЭТ- Бакыт Эргешович Төрөбаев. Министрлер кабинетинин төрагасынын орунбасары Бакыт Төрөбаев бир кезде өкмөт башчысы болом деп Бабановду колдогон. Азыр президентке шансы жогору Ташиевди мактаганда таманынан май чыгат. Түштүктүн аксакалдары Төрөбаев эгер Ташиевди мактабаса Жалал-Абаддан да мыкты болбошун алдын ала сезишип, ортого түшүүгө камына баштаптыр. Бабановго бир нече ирет кошулуп, көп ылайды кечип калган, Алтынбек Сулайманов, Канат Исаев болушуп эптеп кутулушкан. Бабанов андан кийин Ташиевди ташыркатты. 2011-жылы Атамбаев үчүн добуш топтогон БЭТ кайсы бети менен Ташиевге барат эле? Анын бир гана бети калды ал Жапаровду көздөй чыйыр салуу.
Бразилияда депутат жутаар жыландар пайда болуптур. Казактар депутаттарын тазалап алуу үчүн Бразилиядан үмүт кылып турушат. Эмне биздин саясий элита таптазабы? Керек болсо Курдистандан каржыланып, аларга Кыргызстанды сатып жибере тургандар бар. Оо кудай атыңдан айланайын биздин элитаны тазалоого да анакондаң болсо жиберсе дурус болмок. Балким элитага бир экөө керек болуп жүрбөсүн?
Бабанов 2014-жылы жайында Пензада 370 миллион АКШ долларына салынган цемент заводунун ачылышында «Бажы Союзуна» кошкон салымы тууралуу божурап кеткен. Жылына 2 миллион тонна цемент берген завод бир гана Пенза аймагын эмес бүтүндөй Волга боюн жана Москванын тегерегин цемент менен камсыз кылып жатат. Кайсы бир «дардаң» жазат бул заводдо иштегендердин 70 пайызы кыргыздар деп. Ооба, Арстанбек Ногоев Пензанын губернаторунун инвестиция жаатында орун басары, бирок Пензага ошончо кыргызды алып барып койгон жок. Кыргыздардан Кыпчакбаева барды, ал ошол заводду башкарып турат дейт. Кызыгы Бабановдун кичи Мекени Таласта фасоль тиш оору болуп жатат. Өмүрбек Токтогулович 370 миллион долларды «Бажы союзун» бажарып жатам деп оолукпай эле, Таласка фасолду кайра иштетүүчү завод куруп койсо, фасолдун баасы өсүп элге жакшы болмок беле?
Бабановдун «мимикалары» же ал өз сөзүнө өзү чалынып жатат:
1.Тымызын күрөшкө даярданып жаткан Бабанов жазып берген калптарды окуп берди, кокус президент болуп калса, Кыргызстан алдыңкы өнүккөн 10 мамлекеттин катарында болуп калат экен. Казакстан чейрек кылымдан бери алдыңкы отуз мамлекеттин катарына кошулуу идеясы менен келатат. Биз Бабанов президент болуптур деп АКШдан оозуп кетпейбиз. Баягы калптарын акырындап элге жая баштады.
2.Акыркы мезгилде Бабанов спикер болот, премьер болот экен деген сөздөр байма-бай чыгып жатат. Бабанов жашыруун жыйын өткөзүп жатып мындай тандем болбосун айтты, ошол эле мезгилде азыр президентке шайлоо алыс экенин көпчүлүк билет, анда неге алдемите баштады, кимиси болсо да Бабанов менен кызматташууну кааласа, иштеп кетерин баса белгиледи. Бир эле жашыруун жыйында эки ача пикир жаратты.
3.«Алмаз Шаршеновичтин» аты жашыруун жыйында мактоо иретинде кайра-кайра кайталанып жатты. Ал камактан бошонгондон кийин мактоолор көбөйүп баратат. Муну менен экспрезидент Атамбаев «көрүнбөгөн колу» менен колдоп жатканы, Бабанов Атамбаевдин сөзүнөн чыкпасы билинип турду.
4.Жапаровду жээрип жатканы Түндүк-Түштүк мамилесине чок ыргытып жатканы. Бабановдун сүйлөгөнүн талдап көрсөк, эгер Ташиев кийинки президент болсо, «эмне үчүн Түштүккө бийликти берип коюшубуз керек» деген трайбалисттик жыт чыгып турат.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg