www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Мышык-чычканды» ким билбейт, мышык тоюп алгандан кийин, чычканды жебей, ары-бери чуркатып ойнойт. «Мышык» Атамбаев да «чычкан» Өмүркулов менен ойной берчү. Экөө дос болчу, бирок президент болуп калган Атамбаев Өмүркуловду соргонду жакшы көрчү. Экөө Беш-Күңгөйдөгү дачада жолугушуп турат. Атамбаевге ал кезде ким даайт, Өмүркулов Бишкек шаарынын мэри, бул жакшы жигит, бирок кашайып балдары ар кимди тебелеткенди жакшы көрөт.

Совет учурунда Медеровдун балдары элди тебелеткен соң, аны жок кылган. Атамбаев болсо «чычкан» Өмүркуловдун Беш-Күңгөйдөгү дачасына барат да. Ойнотот, Бишкектин мэринен алат, бирок «чычкан» Өмүркулов канча бергенин ким билет, ошол мезгилдеги бийликтин партиясынын башына алып келет. «Чычкан» Өмүркулов Атамбаевден ыдык көрүп калса керек. Эң биринчилерден секирип Жээнбековдун колтугуна кире качат да, Атамбаев камалып жатканда ырсайып күлүп отурат. Эми Атамбаев камактан бошонгон соң аны менен жакындашунун жолун издеп жатат.

Өмүркулов Исанын “истеблишменти” каякта, башка жакта таасирлерин койо туруп, өзү туулуп-өскөн Чүй аймагына келели, бул жакты чимирген Исакебиздин ал-деми кандай:

1. Иса Өмүркулов чүйлүк солто эмес, чүйлүк сарбагыш да эмес, түбү Жумгалдан келген саяк. Бирок Чүйдүн акимдерин каалашынча биле турган, каалашынча сорчу.

2. Өз бир тууган эжеси Токмок шаардык билим берүү тармагын жетектейт. Ага таянып алып Иса Өмүркуловдун жакындары май-токочтуу мектептерди майтаңдап жетектеп, мантыгып алышкан.

3. “Искра” айылы жөн айыл эмес, “Искрадан” далай ирет “искра” чыгып, улут аралык уруштар чыгып турат. Ушул айылдагы мектепти Иса Өмүркуловдун балдызы жетектейт.

4. Жетектесе жетектей берсин, бирок анын “трайбалисттиги” Иса Өмүркуловдон ашып кетет. Окуучуларды көп сортко бөлөт. Мисалы, чүйлүктөрдү жогорку сорттогу окуучулар деп эсептейт. Боомдун ар жагынан келгендерди “саяк” деп экинчи сортко кошот. Ал эми ата-энеси Ош, Баткен, Жалал-Абаддан келгендерди үчүнчү сортко кошуп, бул окуучу балдарга жаман мамиле кылып, керек болсо сабакка катыштырбай, мектептен кетүүгө дуушар кылат.

5. Иса Өмүркуловдун заманы бүтүп бараткандай. Анын жан досу, ал айткандай “журт атасы” Атамбаевди “кидать” этип кеткени, арамзалыгы азыркы бийликтин да. Экинчиден, Жээнбековдун тушунда анын тизгин талашып жарамсыз кадрларды ар кимге белекке берип жатканына бүгүнкү бийлик сүйүнмөк беле? Азыр деми сууп бараткан Иса Өмүркуловду саясий аренадан жоготууну бул бийлик көздөп турган. Өмүркуловдун уулу баягы шойкомун кайра баштап да жиберет.

6. Өмүркулов 2021-жылы «Ата-Журтка» келейин десе, алар кошпой койгон. Башка партияга кошулайын десе, бул парламентте кылган кылыктары менен былыктары ага каскак болчудай. Бекер жеринен Өмүркуловдун чачы заматта агаргаан жок. Иса өмүр бою мамлекеттик кызматта иштеп келсе да, өлкөнүн эң бай адамдарынын катарына кирээри аңыз болуп айтылып келет. Артынан чуулгандуу кеп-сөздөр дайым коштойт.

Негизгиси, кесиптеши Ирина Карамушкина таамай белгилегендей, - анын кубулма позициясы, саткындыгы. Мына өзүн бийик даражага жеткирген Атамбаевди сатып, «мен ансыз деле жогорку кызматтарды аркалап келгенмин» таризинде анын далысына ууланган канжар матырды. Анда өткөн тарыхты эске сала кетели. 2010-жылы 7-апрелде кечки саат жетилерде «Ак-Шумкар» партиясынын элүүдөй мүчөсү Бишкек мэриясына бийликти өткөрүп алууга барган эле. Мэр Нариман Түлеев имаратты толук кулпулап, кызматкерлери менен мэрияны таштап кетип калган.

«Ак-Шумкарчылар» кире албай турса, аладыа сырттан байкап келгеношол кездеги шаардык кеңештин төрагасы, кийин мэр болгон Азиз Суракматов басып келип, ачкычтарды Түлеев өзү алып кеткенин, бирок имараттын ичинде жоон топ спортсмендер бар экенин айтат. «Ак -Шумкарчылар» терезеден кирип, эшикти ачат. Спортсмендер арткы эшиктен качып чыгышат. «Ак -Шумкарчылар» мэрдин эшигин талкалабоону чечип, жыйындар залын ээлеп, мурдагы шаардык кеңештин төрагасы, тажрыйбалуу мамлекеттик ишмер Зоотбек Кыдыралиевди жаңы мэр кылып шайлашат.

Ал командасы менен түнкү саат үчтөргө чейин иштеп, кайра эртеси саат сегиздерде келип, качып жүргөн райакимдерди таап, шаардык кызматтарды ишке киргизип, абалды тездеп жөнгө сала баштайт. Бирок ошол күнү кечинде Убактылуу Өкмөттүн биринчи вице-премьер-министри, СДПК партиясынын лидери Алмазбек Атамбаев шаар мэрлигине Иса Өмүркуловду коём деп чыгат. «Ак-Шумкарчылар» өз лидерлери, УӨ мүчөлөрү, вице-премьер-министр Темир Сариевге жана Абдыганы Эркебаевге чыгып, СДПК партиясы менен керек болсо тирешип-кармашып, мэрлик кызматка Кыдыралиевди сактап калаарын билдиришет.

Ич-ара чатак ырбап, бирок 9-апрель күнү Атамбаев өжөрлүккө салып, Сариев менен Эркебаевди «сындырып», өз максатына жетет. Ошол күнү саат ондо Атамбаевдин өтүнүчү менен Өмүрбек Текебаев Иса Өмүркуловду мэрияга алып келип, аны Кыдыралиевдин ордуна отургузуп кеткен. Атамбаевдин ошол жакшылыгын чанып, Иса Өмүркулов Атамбаевдин бийлиги тамам болгондо, саткынчылыктын символуна, «кыргыздын Иудасына» айланып калган.

Маркум Чыныбай Турсунбеков спикер болуп кеткенде, анын ордуна парламенттеги СДПК фракциясына Иса Өмүркуловду лидер кылган да Атамбаев. Анан ошондой саткын кантип Атамбаев бийликте турганда жол киренин тарифин көтөрбөсүн. Атамбаевге жагыныш үчүн Бишкек мэри жол кирени асмандатып жиберген, тарых кайталанышы мүмкүн. Турмуш бумеранг эмеспи...

Эми Атамбаев жан досу Иса Өмүркуловдун караан күндөн куткарып калууга шайманы жок: Биринчиден, мурунку бийлик башында тургандагыдай алы жок. Экинчиден, өзү да түрмөдөн кутула албай жүрдү. Үчүнчүдөн, колунда бийлик болгондо деле «Журт атасы» деп кошомат айтып жүргөн Иса Өмүркулов эң биринчилерден сатып кеткенин унута албайт.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

Последние новости