www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ: Назарда: Базар

Акыркы мезгилдерде агрохимик- акын Бактыгүл Сейитбекованын ырчы Роза Аманованы коркуткан сөздөрү тарады. Балким жезкемпир болуп коркутуп жаткандыр. Булардын ортосунда эмне  бар, балким мал базар сыяктуу көр оокат, же талашып бүтпөгөн  көр оокат болуп жүрбөсүн? Токтогулда таланттын бары чогулган, ар бир талант базарды алам деп обдулса Кыргызстандагы базар жетпей калат.

Болгонбу, болбогонбу Кыдыр алейхи салам кыргыздарга келип, таланттуулар аз экен деп, ар бир аймакка бирден-экиден талант чачып жүрөт. Кетмен-Төбөгө келгенде буракандап-шаракандай бороон улуп, Кыдыр аке таланттын барын Кетмен-Төбөгө чачып кетиптир. Ошондон улам таланттуулар ушул жерге чогулушкан .Бери жагы эле Токтогулдан баштап, экинин бири таланттуу. Ушул таланттуу кыздарыбыздын арасында Роза Аманова менен Бактыгүл Сейитбекова деген кыздарыбыз Токтогулдагы базарды талашып акыркы мезгилден кырды бычак болушуп, жалпы кыргыз элине маалым болушту. Бирин-бири күнөөлөсө күнөөнүн бары ошондо болуп калган сыяктуу. Ушул жерде «Куюшканга кыпчылып» журналисттик иликтөөлөрдү баштайлы деп чечтик. Балким бул жерде кандайдыр бир эбептен-себеп болуп жүрбөсүн? Эмнеси болсо да жалпы элди кызыктырган бул маселеге бир кайрылып көрөлү.

Роза Аманова -ырчы, дастанчы, комузчу.1998 жылдан КР Эмгек сиңирген артисти , 2009-жылдын Кыргыз Республикасынын Эл артисти, 2011-жылдан Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты. Токтогул районунун Токтогул шаарчасында 1973-жылы 23-февралда туулган. 1991-жылы М.Күрөңкеев атындагы Кыргыз мамлекеттик музыкалык окуу жайы/М.Күрөңкеев атындагы Кыргыз мамлекеттик музыкалык окуу жайын, 1993-жылы /Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтун, 1997-жылы Кыргыз улуттук консерваториясын бүтүргөн.

1998-жылы Курмангазы атындагы Казакстан мамлекеттик консерваториясынын «Казак музыкасы жана дүйнөлүк музыканы изилдөө» кафедрасына аспирантурага кабыл алынган.1999–2000-жж. Кыргыз Республикасынын Улуттук консерваториясынын Салттуу музыка жана фольклор кафедрасынын окутуучусу, 2004-жылы өзү уюштурган Салттуу музыкалык борбордун жетекчиси,

2008-2018-ж.ж Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде доцент, профессор. 2006-жылы Искусство таануу илимдеринин кандидаты, 2017-жылы Искусство таануу илимдеринин доктору. Ал «Мен сени сагынгым келет», «Ала-Тоо көрккө келбейт эл болбосо», ж.б. обондордун автору. «Курманбек», «Олжобай менен Кишимжан» аттуу эпосторду айткан дастанчы. Бир нече оозеки адистик музыкага багытталган илимий макалалардын, жети компакт-дисктин (анын ичинен “Курманбек” эпосунун толук айтылышы – 5 компакт-диск) автору.

Сейитбекова Бактыгүл - акын жана жазуучу. 1963-жылы 1-январда Токтогул районунун Көдүл айылында туулган. Кыргыз аялдарынан биринчи чыккан жана жалгыз Семетейчи Сейдана эненин кенже кызы. Орто мектепти Токтогул районунан орто билим, кийин Ош айыл чарба техникумунан жана Чүй университетинен билим алган.

1982–1997-жж. Токтогул райондук “Айылчарбахимия” өндүрүштүк бирикмесинде агрохимик, райондук агрохимик, андан соң агрохимия лабораториясынын башчысы болуп иштеген. 1998-жылдан бери Орусия Федерациясында иштейт. 1983-жылы Токтогул райондук “Шамшыкал” гезитине “Кыз жүрөгү – ыр түнөгү” рубрикасынын алдында бир топ ырлары жарык көргөн. 1984-жылдан баштап ырлары республикалык гезит-журналдарда жарыялана баштаган.

“Семетей” эпосун (Сейдана Молдокееванын варианты боюнча) түзгөн. “Обо” гезитинин обондуу ырларга жарыялаган мыкты обондуу ырлар сынагында жана 1996-жылы Кыргыз телерадиокорпорациясынын “Бир ырдын сынагында” “Күзгү нөшөр” аттуу ыры (обону С.Бейшекеевдики) биринчи орунду жеңип алган. 2006-жылдан Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg     

Последние новости