www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Мен гана кыйынмын» төшүн кагып дөгүрсүгөн Ош мэри Жетигенов кара пиар менен күн көрүп калды. «Буга чейин мэр болгондорду көбү, ошол эле Мырзакматов, Кадырбаев, Сарыбашев, Мамбетов дегендер курулай пиарды катырганды мыкты өздөштүрүшкөн менен реалдуу иштерди жүзөгө ашырууда чабалдык кылышчу. Таза суу көйгөйүн чечүү кезинде "кара кулак шер, арстан, жолборс" атыккандардын колунан келген эмес. Буга биринин дагы учурунда таза суу маселесин чечилбегени далил десек жарашат» -деп элге таратып жатат.

Ош шаарынын мэри Бакыт Жетигенов ачык айтканда чыныгы ушакчы жетекчи экен. Мэр болгондон бери жаны тынбай Ош шаарынын бюджетине «кол салып»  жаркыратып тескери иштерди жасап жатат. Көрүп ыйлагың келет. Президент Садыр Жапаров дал ушул Жетигеновду тандоодо чоң ката кетириптир.

Айталы, Жетигенов Ошко мэр болуп келгенден бери бир дагы мэрдин учурунда чечилбей келе жаткан, шаар тургундарынын көкөйүнө көк таштай тийген таза суу маселесин чече албай койду. Ош шаарынын тургундары жаан жааган сайын 3-4 күн суусу жок карайлап отуруп калчу көйгөйгө кабылышты. Дээрлик  чечилбей тургандай болгон баш оору эми ого бетер көбөйдү. Бул үчүн Жетигеновго сөгүш айтса аздык кылат. Ушул иши менен эле жаман адам тарыхта калат. 

Айтмакчы, Бакыт Жетигенов бир эле таза суу маселесин мойнуна үйбөстөн курулушка токтолсок, Ош шаарындагы башаламан курулуп жаткан курулуш иштерин бары анын мойнунда, мыйзамды көзгө илбеген өзүм билемдикке да жол ачты.  Шаардын көркүнө чыгара албай, жол тыгынын көбөйткөн мындай адамдан Ош шаары кутулар бекен. Оштун мэри өзү ойпоң-тойпоңдоп анча –мынча маселеге каңырсык катары көңүл бурбай, кайсалаңдап иштей баштаганына далил көп. Бизде илгертен бери айыл чарбасы менен мал чарбасы кирешесиз, чыгашалуу тармак деген түшүнүк мээбизге сиңип калган.Заман өзгөрдү, техника өстү. Кирешелүү тармакка айландыргысы келгендер көп.

Бирок, ошолордун "колу-бутун байлаган", жеринде чечиле турганына карабастан, "көз жуумп" койгон, Оштун мэрине жетпеген, "жең учунда" катылган маселелер толтура.

 Айыл жеринде гана эмес, Ош шаарынын жака-белиндеги ветеринардык сервистин жоктугу, менчик ветеринарлардын өзүм билемдиги, кызматына каалаган бааны коюп алып, чакырсаң маалкатып келбейт. Келсе да, чакырганың үчүн, жол акысына (бензинге) миң сомдун тегерегиндеги акча-сомду алат. Бербесең же тартышсаң (прейскурант-кызматынын баасын өмүрү көрсөтпөйт...) экинчи келбейт. Малды жасалма уруктандырганга 2 миң (бензинге деп) 3 миң сомго чейин алат. Эгер малдын тогуз каты же ичи ооруп, же башка органдары ооруса , кызматына (дары-дармегин өзүң сатып бересиң) 5 миңден жогору болот.Биз кантип өнүгөбүз? Өзүбүздүн ветеринарлар фермерлерди ушинтип какшатып, тоноп жатса..

Ош шаарына жанашкан Керме-Тоо айылына бараткан жолдун оң кол тарабында номур 225 -участок бар. Шаардын балансына өткөн. Ошол жерден үй курууга жер тилкесин алгандардын шору канча жылдан бери шорподой кайнап келатат. Иче турган таза суу жок, ФАП жок, жол жок. Мал-калы ооруп калса, карай турган бир ветврач жок. Шаар "райондуку" деп кутулат, Кара-Суу району "шаарга баргыла" деп көз жумат. Жай мезгили өтө оор, күндүн аптабы менен таштактуу тоодон урган ысыкка чыдоо азап.

Социалдык жактан колдоо көрсөтүүгө муктаж жарандарга айыл, мал чарбасын, кол өнөрчүлүк, тамак-аш багытындагы бизнес жасашына 100 миң сомдон бердирди. Бирок, жергиликтүү жетекчилер ушуну колдоого алыштыбы? Кеп ушунда. Фермер болом деп кой же саан уй алгандар жайыттан (жерден) жем-чөптөн кыйналып калышты. Беденин прессинин бир таңгагын 450-500 сомдон сатып алып жедирет.Эсептеңиз чөп, пресстен башка жеми да (арпа, буудай, күнжара, силос ж.б.) бар. Порода малдын рациону күнүнө 3 түрдүү чөп, саман, пресс жана 3 маал 9кг жем жеш керек. Сүттүн баасын билесиздер. Жерди үлүшкө алгандардын басымдуу бөлүгү жерин канча сотых же гектарына жараша ижарага беришет. Ижара акысы өтө кымбат! Болгону бир жылга. Жер каралбай арыктап, каржалып бүткөн. Жер ээси жерди өзү иштетпейт же ижарага алган кишиге мүмкүнчүлүк бербейт....5-6 жыл мурда себилген беденин ордун жапайы чөптөр басып жатат.Байкуш, фермер же айласы кеткен дыйкан кантип түшүм алат?

Жер адистери, айыл өкмөттөр жер ээлери менен иштөөнү унутуп калышкан. Биз кантип алдыга жылабыз? Бирин-бири алдаган, тоногон, өзүнүн гана көмөчүнө күл тарткан мезгилде жолдун жарыгын көрө алабызбы? Кыргызстан экономикалык туңгуюктан качан  чыгат. Айта берсе арман көп. Мына ушундай жетекчилер өлкөнүн артка кетишине салым кошушат.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

Последние новости