www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Кыз боозуп энесин коркутат» дейт кыргызда, Пашинян 1985-жылдан бери талашып келаткан Карабахты Азербайжанга өткөрүп берип, ЖККУ мамлекеттерин коркутуп Минскидеги саммитине келбей койду. Пашиняндын Тоолуу Карабахта жеңилип калышы анын кадыр-баркын Арменияда гана эмес дүйнөдө жоготту. Ереван оор кризистик кырдаалга туш болду,
Пашинян бул кебетеси менен кылмыштуулуктан качып, саясий эмиграцияга кетери бышык. Тоолуу Карабахты Пашинян толугу менен Азербайжанга өткөрүп, армяндар Арменияга каптап келген соң ал таарынычын Орусия тараптан чыгарып чоң саммиттерге келбей жүрөт.Тоолуу Карабахтын Азербайжанга өтүшүнө Орусиянын тиешеси жок, анткени Франциянын президенти Макрон ортого түшүп атып, СССР убагында Азербайжандын курамындагы Тоолуу Карабахты Пашинян тааныган.
Балтика боюу башында эле Еврошаркетке кошулган. Андан соң мойнун толгогондор Грузия, Украина, Додонду кетирген соң Молдова да мойнун толгоп жүрөт. СССР дүйнөдөгү эң зор мамлекет болгон жана ага ааламдын жарымы баш ийип турган. «Эркин республикалар бекем союзу...» деп, СССРдин Гимни ушундай башталар эле. 1917-жылы Улуу Октябрь Социалисттик революциясы болуп, 1922-жылы декабрь айында СССР түзүлөт. 1936-жылы декабрдагы сталиндик Конституция 11 союздук республиканы тааныйт. Ал эми 1939-жылы СССР менен Германия Польшаны бөлүп алып, он алты союздук республика түзүлөт. Көп өтпөй Карелияга автономия берип 15 союздук республика калат. СССР, Батыш айткандай «Империя зла», 1991-жылы декабрь айында тарыхка билинбей сиңип кеткен, Беловеж токоюнда соснаны бойлошкон Ельцин, Шушкевич, Кравчук үчөө декабрь айында СССРди жок кылган.
1991-жылы 17-мартта СССРди бөлбөйбүз деп көпчүлүк добуш берет. Ал эми 20- августта эркин республикалар эгемендүүлүккө кол коюшмак. Бирок 19-августта Форосто эс алып жаткан Михаил Горбачев кармалып, бийликти ГКЧП басып алышат. ГКЧП жеңилген соң республикалар өз алдынча кетип, он беш эгемендүү мамлекет түзүлөт. Балтика боюндагы мамлекеттер тизгинин тарттырбай түз эле Еврошаркетке кирип кетишет. Калгандары КМШга баш кошот, кийин Владимир Путин айтып жатпайбы: «СССРди эстебегендердин жүрөгү жок, СССРди кайтарып келем дегендердин мээси жок» - деп.
Гаага трибуналы Армения Эл аралык кылмыш сотуна мүчөлүккө арызын тапшырганын билдирди. «Назарньюс» маалыматтык порталынын билдиргенине караганда Ереван 2024-жылдын февралында айында расмий кошулары кабарланды. Өткөн айда Армения Эл аралык кылмыш сотунун юрисдикциясын тааныган Рим статутун ратификациялаган. Ереван билдиргендей, бул Гаага трибуналынын прокурорлоруна жикчил Тоолуу Карабак аймагында болгон кылмыштарды иликтөөгө жол ачат.
Сентябрь айында Баку ондогон жылдан бери өз алдынчалык жарыялап алган аймакты чагылгандай тездик менен өз көзөмөлүнө алган. Мындан улам аймактагы 120 миңдей киши Арменияга чыгып кетүүгө аргасыз болду.Ереван документти ратификациялагандан кийин, эми уставдык нормага ылайык, Орусиянын президенти Владимир Путин Арменияга барса аны камоого милдеттүү болот.