www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Эгер бул уюмдардан чыгып кетсек АКШ Манас-Ганси авиабазасын кайра алып келет. Ал эмес мурун сүйлөшкөндөй Баткенге база ачып жибериши мүмкүн. Казакстанда ала турган мунайзаты, Өзбекстандан ала турган газ Кыргызстанга жетет. Башка товарлар Кытай, Казакстан, Өзбекстандан келет. Орусияга оор болуп калмак. Ошондон улам Путин Жапаров менен Рахмондун ортосуна түшүп, өтө актуалдуу көйгөйлөр талкууланды. Дагы эле кейкейип Рахмон саламга келбегени менен бул жерден жакшы жыйынтык чыгары мүмкүн. Экөөнү бириктирип Путин Эмомали Рахмонду кагып-силкип, демдеп койду десе болот.
Тажиктер Ворух анклавына эмне үчүн аскер техникасын жана аскерлерин алып кирип алганы түшүнүксүз. Анклавда милициядан башка эч кандай күч болбошу керек. Ал постторду Мамат Айбалаев койгон эле. Себеби Никита Хрущёвдон башталат. Ал СССРди 1953-1964-жылдары башкарган. «Перспективасы жок айылдарды көчүрүү керек» дегенде биздин «азаматтар», өзгөчө Баткен районунун азаматтары Ворухтун тегерегиндеги төрт айылды көчүргөн. Ал айылдардын ордун тажиктер ээлеп калган да, «Ворух» кеңейип кеткен.
Азыр эми постту алса, «Ворух» андан да кеңейип кетет. Тоонун ары жагында Тажикстандын Матча (Мачайи) району бар. Ал жактан наркотик ташылат. 1999-жылы душмандар Баткенге ошол жактан Ворухка карай өтүп, анда 52 азаматыбызды атып салган. Эми мындай окуяларды «биздин азаматтар» унутуп калып жатышат. Тажиктер Ворух анклавына эмне үчүн аскер техникасын жана аскерлерин алып кирип алганы түшүнүксүз. Анклавда милициядан башка эч кандай күч болбошу керек. Жалгыз гана милиция болушу керек.
Алардын техникасын жана армиясын биздин Төрт-Көчөдө турган посттордон өткөрүп жиберишкен. Ошондуктан булар «Капчыгайды» талкалады. 180 үй өрттөлүп, 60тай киши курмандыкка чалынды. Постторду алып, УКМКнын башчысы протоколду толук аткарганга аракет кылам десе, Баткен менен Лейлек 20-30 жылда анклавда калып калышы мүмкүн.
Тажикстанда чыр чыкканда УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Баткендеги «Кызыл-Бел» бекетинде Тажикстандын УКМК жетекчиси Саймумин Ятимов менен жолугуп, жаңжалды токтотуу, анын кесепеттерин жоюу жана мындан ары жол бербөө максатында протоколго кол койгон.
Анда эки тараптан үчтөн постту жана бирден заставаны алып салуу макулдашылган. Кыргыз тараптан «Булак-Башы», «Ак-Сай», «Катта-Туз» посттору жана «Тамдык» заставасы жоюлду. УКМК Кыргызстан менен Тажикстандын УКМК башчылары кол койгон протокол чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо процесси аяктаганга чейин убактылуу экенин билдирди.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg