www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Пенсиядан баш тарткандар Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрүнүн арасында кездешиши мүмкүнбү?
Мыйзам боюнча Кыргызстанда аялдар 58 (көп балалуу болсо 53), эркектер 63 жаштан пенсияга чыгат. Убактылуу Өкмөт мүчөлөрүнөн: Роза Отунбаева, Алмазбек Атамбаев, Азимбек Бекназаров, Топчубек Тургуналиев, Исмаил Исаков, Абдыганы Эркебаев, Эмилбек Каптагаев, Иса Өмүркулов, Кеңеш Дүйшөбаев пенсия жашында, калгандары Өмүрбек Текебаев, Болот Шер, Темир Сариев, Элмира Ибраимова, Дүйшөн Чотоновдор пенсия жашына келип калышты. Убактылуу Өкмөт мүчөлөрүнүн ортосунда ынтымак жок болгондуктан, чаян сыяктуу бири-бири менен кажышып, бири –бирин куугунтуктап келишти. Атамбаев тарабынан Роза Отунбаева, Азимбек Бекназаров, Исмаил Исаков, Эмилбек Каптагаев, Иса Өмүркулов, Кеңеш Дүйшөбаев, Өмүрбек Текебаев, Болот Шер, Темир Сариев, Элмира Ибраимова, Дүйшөн Чотоновдор кысымга алынса, бүгүнкү бийлик тарабынан Атамбаев кысымга алынган.
Убактылуу Өкмөттүн курамы
1. Роза Отунбаева -1950, Убактылуу Өкмөттүн төрайымы, 2010-2011-жылдары Кыргыз Республикасынын Президенти.
2. Алмазбек Атамбаев – 1956, Убактылуу Өкмөттүн төрайымынын биринчи орун басары, 2011-2017-жылдары Кыргыз Республикасынын Президенти.
3. Азимбек Бекназаров – 1956, Убактылуу Өкмөттүн төрайымынын коопсуздук боюнча орун басары. 2011-жылы Кыргыз Республикасынын Президенти Жогорку кеңештеги өкүлү.
4. Өмүрбек Текебаев – 1958, Убактылуу Өкмөттүн төрайымынын орун басары. 2010-жылдагы Башмыйзамдын «атасы», «Ата-Мекен» партиясынын лидери.
5. Темир Сариев – 1963, Убактылуу Өкмөттүн төрайымынын орун басары.2015-2016-жылдары Кыргыз Республикасынын премьер-министри.
6. Топчубек Тургуналиев – 1941, Убактылуу Өкмөттүн мүчөсү. 2010-жылы Токой чарбасынын жетекчиси.
7. Исмаил Исаков – 1950, Убактылуу Өкмөттүн мүчөсү.
8. Абдыганы Эркебаев -1953, Убактылуу Өкмөттүн мүчөсү, Улуттук илимдер академиясынын президенти.
9. Эмилбек Каптагаев -1957, Убактылуу Өкмөттүн мүчөсү, президентик аппарат жетекчиси.
10. Иса Өмүркулов - 1957, Убактылуу Өкмөттүн мүчөсү, Бишкекке мэр болгон.
11. Кеңеш Дүйшөбаев – 1957, Убактылуу Өкмөттүн мүчөсү, УКМК төрагасы.
12. Болот Шерниязов – 1959, Убактылуу Өкмөттүн мүчөсү, ИИМ министри.
13. Элмира Ибраимова- 1962, Убактылуу Өкмөттүн мүчөсү. Эсеп палатасынын төрайымы.
14. Дүйшөн Чотонов -1967, Убактылуу Өкмөттүн мүчөсү. Өзгөчө кырдаалдар министри.
Убактылуу Өкмөт мүчөлөрүнүн пенсиясы канча?
Социалдык фонддун маалыматына ылайык, өлкөдө орточо пенсиянын өлчөмү 5682 сомду түзөт. Анын арасында 100 миң сом пенсия алгандар да бар, 2000 сомдон эптеп пенсиясын ашырып, өлбөстүн күнүн көрүп, пенсия алгандар да бар. Жалпы республика аймагында 650 миңдей пенсионер бар. Экс-президенттер Роза Отунбаева менен Алмазбек Атамбаевдер мыйзам боюнча учурдагы өлкө башчынын айлыгынын 75 пайызын алат. Ошондуктан алардын пенсиясынын өлчөмү мыйзамга жараша өзгөрүп турат.
Абдыганы Эркебаев
Легендарлуу парламенттин депутаты катары 116- депутаттан түзүлгөн топту ээрчитип Апсамат Масалиевдин Кыргызстандын жетекчилигинен кетүүгө себепкер болуп, Аскар Акаевдин президент болушуна данакер болгон Абдыганы Эркебаевге Акаевдин “ыргыткан сөөгү” Басма сөз министрлигин алган. Андан соң Аскар Акаевичтин “түшпөс генералына” айланып Жогорку Кеңештин эки жолку төрагасы, вице-премьер, губернатор кызматтарын аркалаган. Ал эмес ал кезде өсүп келаткан кадр, тейит уруусунан жакын тууганы Курманбек Бакиев ага кирүүгө даай албай турчу. Курманбек Бакиев президент болгону ага көңүл бурбай койгон. Арийне Убактылуу Өкмөттү алмаштырууга шайма-шай катышып, Улуттук илимдер академиясынын президенти болуп иштейт. Абдыганы Эркебаевдин пенсиясы 23 000 сомго жетет. Жогорку Кеңештин экс-спикери, билим берүү тармагында көп жыл иштеген окумуштуу Зайнидин Курманов ай сайын 14 200 сом алат.
Топчубек Тургуналиев
Учурунда Апсамат Масалиевди кетирип, Аскар Акаевге кымкап чепкен жаап, ак калпак кийгизип, президент кылууга аракет кылган Топчубек Тургуналиевге БГУнун ректорлугу да буюрбай, камакка түшүп, Акаевге оппозицияга чыккан. Бакиевдин убагында оппозицияга каршы антимитинг уюштуруп, аягы ал да кызмат бербей оппозицияга өткөн. Атамбаевдин убагында бала-чакасы жакшы кызмат, өзү жакшы пенсия алып далдоого кеткен.
Исмаил Исаков
Коргоо министри болсо да олигархтардай бапырап кетпей эл сыяктуу оокат кылган Исмаил Исаков элден ашыкча пенсия албайт, эл алган пенсияны эле алат. Мурдагы билим берүү жана илим министри, профессор Ишенгүл Болжурова 16 000 сом пенсия алат. Ал агартуучулук тармагында 50 жылдай эмгектенген.
Азимбек Бекназаров
Бакиевдин убагында Башкы прокурор, Убактылуу өкмөттүн учурунда Коопсуздук түзүлүштү бүт тейлеген Азимбек Бекназаровго деле өзүнө тиешелүү пенсия үчүн ат салышуу убагы келди. Ал тууралуу ар кандай күбүр-шыбырлар көп болгону менен, азырынча ага пенсия чектеле элек. Балким Жамин Акималиевдей болуп мамлекеттин казынасынан алына турган пенсиядан баш тартып коюшу да мүмкүн. Анткени, кээ бир адамдар пенсия албай койгондон көрө өлөлү дешет, Азимбек Бекназаров намыстанса, орусча айтканда «духу» жетет.
Эмилбек Каптагаев
Пенсиясы чектеле элек, бирок пенсия алыш үчүн ат тизгинин бургандардын катарына кирет. Убактылуу Өкмөттүн аппаратын, президенттик аппаратты жетектеген. Атамбаев президент болгон соң, ал президенттик аппараттын жетекчилигинен кетип, бир топ убакыттан соң Ысык-Көл облустук мамлекеттик администрациясынын башчылыгына келет. “Кумтөр” чыр-чатагы учурунда Саруу айлынан чыккан “Кумтөр” үчүн күрөшкөн топтун колуна түшүп калат. Ушул иш боюнча Садыр Жапаровко айып тагылып сотто камалып жатат. Эмилбек Каптагаев анын тиешеси жок деп чыккан. Мурдагы Ысык-Көлдүн облустук мамлекеттик администрациясынын жетекчиси, мурдагы депутат, вице-премьер, Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы, учурда акыйкатчы болуп эмгектенген Токон Мамытов 40 000 сомго жакын пенсия алат.
Иса Өмүркулов
Убактылуу Өкмөттүн учурунда эле Бишкек шаарынын мэрлик кызматын алган. Алмазбек Атамбаев досу президент болгон соң бул орунду сактап калган. Бирок кылмыш иши козголуп, бул кызматтан кеткен. 2015-жылы КСДП партиясынан депутаттыкка ат салышып, депутат болуп келет. 2016-жылы парламенттин спикери Асылбек Жээнбеков кызматын өткөрүп берген соң, ал орунду Канат Исаев менен Бакыт Төрөбаев мээлеп, экөө тең мерчемдүү добуштарын ала албай калган соң, бул орунга КСДП фракциясынын жетекчиси Чыныбай Турсунбеков келет. Анын ордуна КСДП фракциясынын жетекчилигине Иса Өмүркулов келген. Иса Өмүркулов да пенсияга чыгам деп чамынып турган убагы.
Кеңешбек Дүйшөбаев
Убактылуу Өкмөттүн учурунда Улуттук коопсуздук комитетин жетектеген. Ал Улуттук коопсуздук комитетин жетектеп турганда банк ячейкасынан көптөгөн акча каражаттары алынган. Ким канча акча каражатын алганы тууралуу маалыматтар иликтенүүдө. Жакында жарыкка чыгат. Учурунда Атамбаев иштетпей койгон, бүгүнкү күндө пенсияга караганда кызматты самап тургандай. Кезинде УКМК министри, Бишкек шаарынын мэри, вице-президент, премьер-министр, губернатор болгон генерал-лейтенант Феликс Кулов айына 38 000 сом пенсия алат.
Пенсия жашына келип калышкандар
Акыркы учурда коомчулукта пенсияга байланыштуу түрдүү талкуулар жүрүүдө. Учурунда Жогорку Кеңештин төрагасы болгон Өмүрбек Текебаев, учурунда Ички Иштер министри болгон Болот Шер, учурунда Эсеп палатасын жетектеген Элмира Ибраимова, учурунда Өзгөчө кырдаалдар министри болгон Дүйшөн Чотоновдор пенсия жашына келип калышты. Алар пенсияга чыккан соң маалыматтар берилер. Кыргызстанда «Ак Жол» партиясынан депутат, атактуу хирург, Кыргызстандын баатыры, өмүрүн медицина тармагына арнаган Эрнст Акрамовдун пенсиясы 20 000 сомду түзөт. Ал эми СССРдин жана Жогорку Кеңештин бир нече чакырылышынын депутаты болгон 100 жашты чамалап бараткан атактуу хирург Мамбет Мамакеев 60 000 сомго жакын пенсия алат.
Темир Сариев
Учурунда өкмөт башчысы болгон Темир Сариев. Үзөңгү-Куушту сатууда өзүнүн активдүүлүгүн көрсөтүп, сый-урматына Бишкек мэриясынын айлана - тегерегиндеги Киев көчөсү менен Чүй проспектисинин ортосундагы Белинский көчөсүндөгү имараттарын барын чыгартып алган. Эми булар Темир Аргенбаевичке буюрсун, пенсия да буюрсун. Чоң өлчөмдөгү пенсия алган өкмөт башчысы тууралуу айта кетели. Мурунку Атамбаевдин премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиевдин арест салынган машиналары гана, үйүнүн эсебин айтсак миллиарддап кетет же121 млрд 145 миллион сом. Бул дүнүйөлөрдү Сатыбалдиев тиги дүйнөгө ала кетмек беле, өлсө, ал деле нанга жетпей жүрүшкөн адамдарга окшоп, жылаңач бир кепин менен кетет. Жантөрө Сатыбалдиев камакка алынарда Кыргыз курортологиясына эс алганы жатат, кызыгы эч нерсеси жок пенсионерлердей бюджетке бекер жатат да, анча-мынча дарыларды ошол жердеги эптеп оокат кылып жүрүшкөн дарыгерлерге жүктөшүп, кымбат баалуу дарыларды ыйлап-сыктап төлөтүшөт. Байкуш Сатыбалдиев ач көздөнбөй жок дегенде өз дарысын өзү алса эмне? Башкасын койолу, 121 млрд 145 миллион сомдук машинасы бар Сатыбалдиевке окшогон ач көз пенсионерлер, пенсиясынан тышкары мамлекеттен бекер дарыланып, дарысын да дабагерлерден бекер таптырууну көздөшөт.
Пенсиядан баш тарткандар да бар
Легендарлуу парламенттин депутаты Жамин Акималиев учурда пенсия албайт. Ал мамлекеттик кызматта 60 жылдан ашык эмгектенген. Айыл чарба тармагына эмгеги сиңген инсан 1990-жылдары пенсияга чыкмак. Бирок ал калктын социалдык оор абалын эске алып, мамлекеттен акча алуудан баш тарткан. Ошондон бери илимпоз өлкө казынасынан бир дагы тыйын ала элек. Жамин Акималиевдин жолун жолдоп ансыз деле кызмат учурунда акчаны басытырып алгандар, мамлекеттен акча алуудан баш тартышпай, тескерисинче көбүрөөк пенсия алууга жанталашып жаткандардын саны көп. Логикалык жактан алганда Жамин Акималиев туура кылган, анткени калкыбыздын ондон биринен көбү пенсия алып жатканда, мамлекеттик бюджетке кол салбай пенсиядан баш тарткан пенсия жашындагылар үчүн жүйөлүү жагдай. Колунда байлыктын барын топтоп алышып ач көздөнүп пенсиясынын көбөйүшүн тилеп тургандарга сабак болор.
Азизбек Келдибеков, NazarNews.kg