www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

--Жусупжан аке, тарыхты бурмалай албайбыз да. Эми Алмаз досуңуз экөөңүздөр чогуу болгон тарыхый учур тууралуу сөз козгосок, ошол учурга кайрылып тактоочу жерлерди өз оозуңуздан уксак. Азимбек Бекназаров өзүнүн “Мен-Кыргызмын” деген китебинин биринчи томунда 2009-жылдагы президенттик шайлоо мезгилинде Алмазбек Атамбаев менен сиздин Жалал-Абад шаарында сөгүшкөн окуяны жазган эле. Ошол окуя тууралуу катышуучу катары өз оозуңуздан угалычы. Сөгүшүү эмне себептен чыккан эле?

--Бул окуя болгондон кийин көп өтпөй эле сага айтып бергем. Бирок, баарын эмес. Мен Азимбектин китебин толук окуганым жок. Азыр ошол окуя тууралуу жазганын көрүп жатам. Азимбек “ Атамбаев Жусупту оозго алгыс, уят сөздөр менен сөгүп жиберди” деп жазыптыр. Мени Алмаз сөгө албайт болчу. Ошондо дагы сөккөн эмес. Бул жери калп.

--Бекназаров өзүнүн чындыгын жазып жатат да. Сиздин чындык кандай?

--Мен ал кезде Жогорку Кеңештин депутаты элем. Мыйзам боюнча үгүт иштерине катышпашым керек болчу. Атамбаев “Менин жанымда жүрөсүң, Токтогулга барасың” дегенде барбайм деп болбой койгом. Кийин Жалал-Абадка дегенде макул болуп баргам. Атамбаев, Бекназаровдор Аксыдан келди. Мен Базар-Коргондон тосуп алдым. Кечинде мейманканага барганда сөгүнө баштады. “Мага жакшы мейманкана алып койбодуң” деп. Барган мейманканабыз Жалал-Абаддагы эң жакшы мейманканалардын бири болчу. Ички жан дүйнөсүндө мени менен урушайын деген ниети бар окшойт же партиясынан мени кетирүүнүн жолун ойлоп жатканбы, аны билбейм. Ошол жерден айтышып кеттик. Ага чын эле Азимбек Бекназаров күбө. Чынын айтайын, Алмазбек Атамбаев ошондо көп ичип алган болчу. Мен Азимбектин көзүнчө “Азимбек оң кулак, сол кулагың менен уккунуң. Жалал-Абаддын элине Атамбаев ыраазы болсо болот болчу. Жалал-Абаддыктар премьер-министр кылды. Бирок, бул жалалабаддыктарга бир жолу ырахматын айтып койгон жок. Кайра Жалал-Абаддын элин сөгүп жатат. Мунусу сени да, мени да сөккөндүгү. Эми буга окшогон адам менен бир жерде олтурбайм, саясатта жүрбөйм дедим да чыгып кеттим. Эртеси депутаттык мандатты тапшыргам.

--Эмне деп сөккөнүн билсек болобу?

--Атамбаев “Нах..й  мне нужны джалалабадцы. Без твоего Джалал-Абада обойдусь” жана башка оозго алгыс уят сөздөрдү айткан. Мас болчу деп айтпадымбы. Уялбай туруп эртеси Акманга келбедиби төрт жагына балдарды тизип, сууну көтөрүп алып. Ууландырып койду деп жатпайбы. Мунусу болбогон калп сөз.

Булак: Жаңы ОРДО

Последние новости