www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

 «Ала-Арча» резиденциясынан анча алыс эмес 48 коттедждүү шаарча козголо баштады. Бул жерге шоссе жолу салынып, иреттелип эл жашап тура турган шаарчага айланып баратат. Акыркы мезгилде басыгын адымдатып, Исаковдун жоргосу жорто баштады. Мунун басыгын  мурун эле «Газпром» түрмөдөн качырып чыгара баштаган. Анын түшүп бараткан рейтингин  Оштун экс-мэри Айтмамат Кадырбаев көтөрүп уулуна өкүл ата кылган. Андан соң олигарх Азамат Арапбаев саясаттан оолактагандай көрүнгөнү менен мурдагы байланыштарын чыңдап, көшөгө артынан келечекке карай иштеп атканы каңкууланды. Азамат Арапбаев азыркы бийликти жек көргөн саясатын Сапар Исаков менен байланыштыра турган болуп турат. Алмазбек Атамбаевдин тарапташтарына “жем” таштап, өзгөчө Сапар Исаков менен алакасын улантып, бир балээни сезгендей жүрүш салууда. Негизи бай адамдар саясатта катуу таасир жаратат эмеспи.

Ансыз да чээнде бекинген көптөгөн көпөстөр бар, алар опурталдуу кырдаалды күтүп жатышса керек. Мына ошолордун көрүнүктүүсү Азамат Арапбаев мезгили келгенде Сапар Исаковду колдоп чыгууга белсендиби? “Шамал болбосо чөптүн башы кыймылдабайт” дейт...

2018-жылы 10- апрелде ал кезде мыйзам боюнча Кыргызстанды башкарып турам деп сезген өкмөт башчысы Сапар Исаков Мамлекеттик Мүлктү Башкаруу Фондунун жетекчиси  Болсунбек Казаковду өзү да камаларын билбей  башын баталгага койот. Ал эми 16-апрелде  экономикалык кылмыштар менен күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматына жаңы эле УКМКдан бошотулган Атамбаевдин экс-жансакчысы Болот Сүйүмбаевди коюп, СДПК менен Атамбаевдин «рупору» болгон Рыскелди Момбековдон муштумун түйүп көрсөтөт. Апрелде боло турган мамлекет башчыларынын жолугушуусуна мамлекет башчысы катары президент эмес, мыйзам боюнча мамлекет башчысы эсептелген өкмөт башчысы Сапар Исаков барат дегендей сөздөрдү таратат.

Кадр саясатына каарын чачкан Атамбаев президент кезинде чакырбаган СДПК фракциясынын депутаттарын топтоп ачуусун чыгарат. Бул жыйынга  Анвар Артыков, Рыскелди Момбеков, Сайдолимжон Джураев, Евгения Строкова, Альфия Самигуллина, Дастан Бекешев, Иса Өмүркулов,  Чыныбай Турсунбеков,  Данияр Аттокуров, Азамат Арапбаев, Марат Аманкулов, Айнуру Алтыбаева, Бакыт Жетигенов, Мурадыл Мадеминов, Асель Кодуранова, Эльвира Сурабалдиева, Мухтарбек Айнакулов, Карамат Орозова сыяктуу кан-жанын СДПКга арнаган бир ууч гана депутаттар барышып Атамбаевге баш көтөрө албай Икрам Илмиянов менен Фарид Ниязовду жамандап, СДПК экиге бөлүнүп калганы сезилет. Өкмөт башчысы Сапар Исаковго парламент ишеним көрсөтпөй 20-апрелде жаңы өкмөт келет.

10-апрелде Болсунбек Казаковдун башын баталгага койгон Сапар Исаков бумеранг болуп өзүнүн үстүнөн кылмыш иликтелип убактылуу камоого алынат.

“Идеал-Хаус” турак жай комплекси, тагыраак айтканда андагы 48 коттедж кыйла төмөндөтүлгөн баада 142 миллион сомго сатылып кеткени белгилүү. Бул иштин башында БТА банктын директорлор кеңешинин төрагасы болуп турган Темир Рыскулов  ошол кездеги премьер-министр Сапар Исаков тураарын эл сезип калган. Сапар Исаков өзү билип, өзү аралашкан ишке күнөөлүү катары Мамлекеттик Мүлктү Башкаруу Фондунун жетекчиси  Болсунбек Казаковду камап салганы, өзүнүн күнөөсүн бирөөнө оодаргандай эле болуп калды. “Идеал-Хаус” турак жай комплекси 142 миллион сомго арзан кеткени тууралуу маалыматты териштирүүнү Сапар Исаков Башкы прокуратурага тапшырган. Натыйжада тескерисинче күнөөлүү болуп журналист Э. Алкановага каршы кылмыш иши козголуп калган. Териштирүүлөрдүн натыйжасында журналисттин эч кандай күнөөсү жок экени далилденген.

Эми ушул иш боюнча Кыргызстандагы БТА банктын директорлор кеңешинин төрагасы болуп турган Темир Рыскулов камакка алынды. Темир Рыскулов учурда №1 тергөө изоляторунда отурат. Ал «Идеал Хаус» VIP шаарчасынын сатылышы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалган. Бүгүнкү күнү тергөө иштери уланууда. Кылмыш Кыргызстандын аймагында болгондуктан, ал кыргыз мыйзамдарына ылайык соттолушу мүмкүн. Демек, кыңыр иштин учугу чубала баштады. Муну дагы жакшылап чубасак, анда анын артынан Сапар Исаковдун башы кылтыйып калкып чыгып калган.

Бул тууралуу чектеп, бирок булар Сапар Исаков өкмөт башчыдан кетер менен 2017-жылы белгилүү болгон арзан баада сатып алган «БТА Банкынын» төрагасы Темир Рыскулов Сапар Исаков менен бирге окуган, ошондуктан анын  бир тууганы Капар Исаковду «БТА Банкына» май талкандуу жерге алат. Учурунда Капар Исаков бул жердегилерди сүрүп чыгып май талкандуу жерлерге өз кишилерин коюп, ал эмес аларды көздөгөн адамга 2000 доллар айлык куйругун түйүшкөн. Эгер алар чыныгы болсо аягына чейин күрөшпөйт беле? «Ала-Арча» резиденциясынан анча алыс эмес 48 коттедждүү шаарча 2008-жылы курула баштап, 2010-жылы  улутташтырылган. “Идеал-Хаус” турак жай комплексинин наркы сатылган нарктан алда канча  жогору болмок.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg     

 

Последние новости