www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Илгери Байдылда Мидинге кат жазган, аны туурап Байдылдага Мидинден жооп деп бир топ салмактуу кыргыз акындары жазган. Акын эмес Карлыгач Сарногоева атасы тууралуу жазыптыр, "Сарногоевадан Сарногоевге кат" деп берип жатабыз.
Атамдын туулган күнү болуш керек болучу. Атакебай, Туулган күнүң менен куттуктаймын. Мен үчүн сен дайыма тирүүсуң. Бул жакта элдин алды болсоң, ошол жакта да алды бол. Сарногой чоң атама, Апал чоң апама, Амир таятама, Мөкөл таэнеме, калемдешиң-кайнатам Мукамбеткалый Турсуналиевге менден Чоң салам айтып кой. Туулган күнүңдү ошол жактын "Кычыраган" ресторанында - өзүңдүн тууган-туушкандар, замандаштарың жана устаттарың Мидин, Райкан менен майрамда жана сайраңда! Сүйүнбай Эралиев сени шампан иччи эле деп айткандай (Бернард Шоу айтты эле: "Только у истинно Великих людей, бывают Великие пороки", биздин атыбыздан шампан ичип кой! Бүгүн апам болуп сага барып туулган күнүң менен куттуктап ( Апам корзина гүлдү өзү тандады) гүл коюп, көрүстөндөгүлөргө даам таттырып келдик. Ата, сен дайыма биздин жүрөгүбүздөсүн. Сенин жолуңду жолдоп акын болбогондугума арданам...
Акын болсом, сен Мидинге кат жазгандай, мен сага кат жазмакмын, бирок, тагдырга жараша апам эптеп төрөп койгон бойдон эле кала бериптирмин. Ошентсе дагы чын жүрөктөн жазган ырымды сага тартуулаймын: Кылымдан, кылым бат өтөт, Талантсыздар бат өчөт. Таң-Чолпон талант жылдызы, өчүрөм дешсе, так өчпөйт. Көп жылдар өтсүн Ааламда, Жүрөктө жүрөт адамда. Байдылда жазган ырлары, Жараткан сүйүү кылдарын. Карылар окуп ырларын, ыр менен кошо жашарат. Окушуп сүйүү саптарын, акынга жаштар суктанат. От өчсө кайра күйө албайт, Байдылда кетсе, ыр жашайт. Ырлары даңктайт Кыргызды, Эл болсо баалайт ал ырды. Ырларда жашайт Байдылда, Көп жылда, жана кылымда. Анткени анын таланты, Жетпеген, өчпөс жылдыз да! 14-январда 2005-жылы атамдын туулган күнүн өткөрөбүз деп апам үйдө эт салып койгон убакта Шер-Шерниязов Болотбек байке, Анатай Өмүрканов, Шайлообек Дүйшеев, Түгөлбай Казаков, Кыялбек Урманбетов, Элмирбек Иманалиев байкелер жана Аскер Сакыбаева сиңдибиз менен Олжобай иничек болуп килейген койду куйкалатып бышырып, таттуу-паттууларын атамдын туулган күнүн эстеп коёлу деп келишиптир. (Мен каңырыгым түтөп атамды эстедим: Кичинекей чагыман баштап атам конокторго көп алып барчы, койдун көзүн берип жүрүп көндүрүп салган, эми койдун башын көрүп атамдын ошол салтын эстеп кайгырып жүргөн кезим).
Мен жумуштан келсем баары шагырап олтурушуптур, бизге абдан сонун кабар айтышты, Болот Шерниязов байке жетектеген "Жетимен" фондунун атынан Атамдын атындагы Эл аралык сыйлыкты жана алтын Медалды чыгарабыз жана ар бир эки жыл сайын, эки кыйын атамдын сыйлыгына татыктуу акындардын акындарына жүз миң сомдон сыйлык берилет дешкенине биз кадимкидей сүйүнүп ыраазычылыгыбызды билдирдик. Мен, үй-бүлөбүздүн атынан, орустар айткандай- Болотбек байкеме низкий поклон айттым жана жанындагыларга ыраазычылыгымды билдирдим. Шер-Болот байкемди атамдын арбагы колдосун. Бүгүн 25-чи январда Баястан байкемдин туулган күнүндө, Бахтияр иним Атамдын көрүстөнүнө барып алты түп ёлка тигип келди. Атам узун сапарга кеткенден бери Апам баш болуп депрессияда жүрүп көп гезиттерди окубай калдык. Көрсө, Атама арнап далай гезиттер жазышыптыр. Көп акындар атама ырларын арнашыптыр. Чоң рахмат. Кытайдан келген Беки Шаадаттын Алмагүл деген кызынын кара сөз менен "Адабий" гезитине жазган кол жазмасын окуп жатканымда, кадимкидей муунум калчылдап, көз жашым токтобой төгүлүп жатты.
Атам өзү Кытайга барбаса дагы, кытайлык кыргыздар жана уйгурлар келип кетип турушту. Ошол Алмагүл деген кызга ыраазы болуп калдым, алыскы Кытайда кичинекей Автономияда турушса дагы өзүнүн кыргыз тилин унутпай муундан муунга жеткирип тургандарына чоң ыраазымын. Кыздын атасы Беки Шаадат аман болсун. "Бишкек Таймс" гезитине менин Атам жөнүндө жазган эстутумум чыкты. Ошол эле күнү мага Атам биринчи жолу түшүмө кирди. Түшүмдө Атам тирилип келиптир мен абдан сүйүнүп чекесинен өөп жатыптырмын. Атамдын көңүлү жакшы, жайдары болуп жатыптыр. Мен ойлоймун, Атам дагы сезди болуш керек менин колжазмамдын чыкканын. Ошол түш Атамдын дагы мага берген аяны болуш керек деп, ушул кол жазмамды көлөмдөп жатам. Кудай буйруса Атамдын ашына чейин бүтүрүп, ашка келген элге таратып берем! Кол жазмам биринчи "Бишкек Таймс" гезитине жарык көргөнү түбөлүккө эсимде калат. Чоң рахмат башкы редактору Нуралы Капаров байкеге жана журналист Назира Саалиевага. Бул "Бишкек Таймс" гезити кыргызча которгондо Бишкектин убактысы болот экен. Мезгил өтсө да бул гезиттин мезгил менен кошо болуп демилгеси көтөрүлүп, мааниси шааниси келишип дагы курчуй берсин.
Дагы да "Аалам" гезитине жана "Ааламдын" башкы редактору Чолпонбек Абыкеевге чоң рахмат менин кол жазмамды бир сөзүн калтырбай чыгарып беришкендерине. Атамдын ыры менен эки гезитке ыраазычылыгымды билдирейин: Маданият баркы бол! Басма сөздүн даңкы бол! Халтурага каршы бол! Калкын сүйгөн жарчы бол! - деп Биздин сүйүктүү байкебиз Болот Шерниязов депутаттыкка өттү!!! Бир гана биз эмес, тууган туушкандарыбыз, мени менен иштеген коллективдегилер күйөрман болуп менден сурап турушту. Биз апамдар болуп саат түңкү экиге чейин уктабай жүрдүк, анан мен чыдабай кетип, демим токтоп Таласка Болот байкенин сотовый телефонуна чалдым. Болот байкенин "Уттум" - деген сөзүн угуп, секирип, кадимкидей жаным жеңилденип, кубанычым кучагыма батпай Болот байкени куттуктап апамдарга сүйүнчүлөдүм! Мен ойлоймун, Атамдын арбагы дагы колдоду болуш керек деп, анткени Болот байкем Атамдын уулундай болуп калган, дагы ошого жараша 14- деген сан, Атамдын туулган күнүнүн саны болчу. Атам Болот байке депутаттыкка ат салышып жатканда ыр арнаган:
Таласка барчу жолдосуң,
Талпынып учар ойдосуң.
Батасын берип Бакай чал,
Манас атаң колдосун!
Агаң Байдылда деп Бирок, тилекке каршы, Атам кубанычыбызды тең бөлүшө албай калды... Болот байкеге айтаарым: "атам жазып жүргөндөй дайыма эле чокуда болуп, толкундай күчтүү болуп, албан-албан ийгиликтерге жетишкиле!" Азыр атамдын мага жазган запискаларын окуп ыйлап жаткан кезим. Мен студент болуп жүргөн кезимде операция болуп больницага эки жолу жатып калганда, атам менен апам күнүгө ээрчишип келишчи. Кээде атам өзү келип записка берип жиберчи...
Туулган күндөрүбүздө гонорар алып калса, Атам, апам үчөөбүз толчокко чаап кетчүбүз. Атам акчаларды абдан чаччы, акчасы жок болуп калса бизге ыр арнап жазып берчи, бизге атамдын ырларынан кымбат белек кереги жок болчу. Биздин кичине чагыбызда, мен беште, Бахтияр иним үчтө, Бакай иним бир жашында, жер жемиш бышканда атам абдан чоң дарбызды мага жана эки кичинекей андалекти кичүү инилериме алып келчү. Атам аябагандай көл киши эле, биздин үйдө ким гана жашаган жок, таластык жана көлдүк туугандар үй-бүлөөлөрү менен жана алардын студент балдары күндөп-түндөп, жылдап жүрө беришчи. Ошолордун ичиндегилер ден жакшылыкты сезгени да болду, сезбегени да болду. Кээ бирөөлөр бир жыл эмес бир күн чыдабай жаман көздөрү менен карап турушат. "Кел дебеген үйдөн, кетмендеген көр жакшы" - деген макал туптуура деп ойлоймун. Мен ойлойм, киши эч качан жакшылыкты унутпаш керек. Кыргыздар айткандай: "Досуңдун тоогун жесең канжыгасына каз байла" - деп. Балким туугандар жүдөтпөсө атам андан дагы жакшы ырларын калайык калкка тартууламак, үйдө эл тынбай толтура болгондуктан кээде атам кагаз эмес ручкасын таба албай калган учурлар болгон, ой болсо өз убагында жазып калбасаң, жылт берип карматтырбай кетет турбайбы....
Карлыгач Сарногоева
Даярдаган: Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg