www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өмүрбек Суваналиев деген генерал бар. Былтыркы жылы Баткен облусуна губернатор болгон. Сөзүнө караганда бардыгын оңдоп- түздөпсалмак. Арийне,былтыркы кандуу чуулган алдында эч кимлден уруксат албай Тажикстанга үч күн жоголуп кеткен. Быйыл өңгөчү үзүлгүчө кыйкырып жатат. Атамбаев учурунда «Көтани» деген ардактуу наам чыгарып бир генералга тартуулган, инилеринин бирин канкудасы Алымбай Султановду кетирип «наркоманияны» тейлетип койсо, бир инисин Бажыны тейлетип койгон. ММКда Көтани тууралуу жазышат: «Акаев жана андан кийинки бийлик болсо генералды каалаган адамына таратып, баркын кетирди. Ошонун бири Суваналиев, ал генерал эмес, милицияга татыксыз. Бул адам Тогуз-Тородо «каракчылык» кылып жүргѳн. Анын иниси Болот Суваналиев азыр Баңги затка каршы агентчиликти бийлеп турат. Бирөө Бажыда ири кызматта. Башка инилерин айтпай эле коёлу. Ага керек болсо Атамбаев «Көтани» деген баа берген. Бул адам тууралуу кенен материалдарды жарыкка чыгарганы турабыз».
«Соловей-Разбойниктин» образына кирип, дүкѳндѳрдү талап-тоногон «Көтани». «Менин милиция мен коргойт» дешет милициялар баш болуп талап- тоноп атса анда каякка качабыз? «Соловей-Разбойник» славян жомогунда кишинин жүрѳгүн түшүргѳн ышкырыгы менен токой ичинен адамдарды токтотуп, алардан «дань» алып турган мыкаачы, каракчылар. «Дань» алуу жагынан биздин ИИМ министрлери «Соловей-Разбойниктердин» «ксерокопиясына» айланышкан. Акаев заманында бул жерге киши токтоочу эмес, генералдын кѳпчүлүгү министр болду болуш керек. Эсте калганы жаш Акаевди борборго алып келип, мамлекет башчысы Т.Усубалиевге кирип, квартира алып берген ЛКСМ БКнын биринчи секретары Таштемир Айтбаев. Ал кийин КГБны тейлеген. Кеминде 80-жылдары экономфакты бүткѳн б«бухать»этип жүргѳн бухгалтер «бухчу» Темирбек Акматалиевди айылдаш акеси Акаев, кассир атасынан акча алгандыгы үчүн ИИМ, Минфин, МЧС министри катары ѳз кишисине айланткан.
Ал эми андан кийинки заманда «чу» дегенде эле, 2005-жылы мартта элге каршы болгусу келбей, Башкы прокурордон баш Мыктыбек Абдылдаевдин ордуна Башкы прокурор болуп келген Мурат Суталинов ИИМди жетектеп калат.Кызыгы, ошол мезгилде Коопсуздук Советинин секретары Мирослав Ниязов болсо, президенттин коопсуздук жана коргоо бѳлүмүн, азыркы УКМКны тейлеп турган Бусурманкул Табалдиев жетектеген. Мурат Суталиновдун орун басары Омүрбек Суваналиев болгон. 2006-жылы 7-ноябрда Мурат Суталинов элге билегин кѳрсѳтүп тарыхта калса, андан мурун эле «Соловей-Разбойниктин» образына кирип, дүкѳндѳрдү талап-тоногон Суваналиев, анын ордуна эки-үч ай ИИМ министри болуп, жыргатып деле жиберген жок. Тескерисинче, жаш балдарды УКМКга салып берип, ѳзү губернатор болуп кетти. Ногойбаев болсо «Бирикке Фронтко» суу чачып, талкалагандыгы үчүн эсте калды. Башкы прокурор Камбаралы Конгантиев РИИБден сүйрѳп келген Молдомуса Конгантиевди таластыктар кармап алып жазалаганда, мээси тетир айланып калса керек, Атамбаев президент болсун деп, буту-бутуна тийбей чуркап калган.Андан бир-аз мурда Европада социалисттик партиялардын жыйынынан келген соң микроиньсулт алган Болот Шерниязов бир-аз ИИМди башкарды. Ал эми уйкудан ойгонсо эле «Ата-Мекен» партиясынын түбүнѳ жетем деп, катуу күрѳшүп келип жыгылган Зарылбек Рысалиев да Атамбаевге жаккан жок. Ал эмес «чѳк түшүп» кызмат кылган «элпек» Шамил Атаханов да «утилге» ыргытылды.Абдылда Суранчиев ИИМди башкарып, башканы кой ѳз үйүнѳ ууру кирип, миллиондорун тоноп кеткен, президент Япониядан кастарлап Сакура алып келип тигип койсо уурдаткан, «кѳзү» менен Атамбаевди, «оозу» менен Илмияновду караган отурган. Анын ордун ээлеген Мелис Турганбаев өзүнө «кличка» таап алгандан башка элге пайда кылган жок. Деи тайраңдаганлдар көп болду «телохранителден» баштап Ички иштер министри болду.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg