www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Аспирант»

Жумалиев Кубанычбек

Экс-премьер  Кубанычбек Жумалиевдин аянты 33 гектар болгон заводу бар. Аскар Акаевге «завкафедра» болуп жүргөндө аспиранты Кубанычбек Жумалиев деген жаш жигит эле. Кудай бак берип, Акаев тез эле «завкафедрадан» тоңкочук атып Кыргызстандын президенттигине жетет. Анын таманын жалап жүргөн аспиранты аны ээрчип жүрүп Кыргызстан өкмөт башчысына чейин жетет. Суук колун элдин энчисине матырып 10-15 завод-фабрикаларды басып алган учурлары болгон.  Акаевдин «басып алуу» саясатын 100 пайыз аткарган Кубанычбек Жумалиев деген эми бизнес кылып тапкам" дейт. Кантип ал бизнес кылып табат? Бишкектеги ЭВМ заводу 33 гектар жерде турат экен, аны кантип сатып алат? Ошонун ичинде эле 37би же 38би, ири имарат бар экен. Ал сатып алган жок, ал — элдин ырыскысы. Бийликте турганда Атамбаевке Түштүк-Түндүк альтернативдүү жолунун атын койолу деп кыйкырып жүрчү. Сыймык Жапыкеев деген шудуңгут бар эле, ага тап берип койсо жата калып буркурап ыйлап жиберчү. Ташиевге жакындайын деп ортого өкүл баласы азыркы спикер жердеши Нурлан Шакиевди салайын десе ал «Ташиевке жуучу түшкүдөй Акаевдин заманы эмес» деп коюптур. Эптеп жылчык тапса керек, камак тараптан таптаза кутулуп кеткен.

«Тирүү эстелик»  (живой памятник)

Оторбаев Жоомарт

Балмуздак жеп чоңоюп, «Ата-Мекен» аркылуу өкмөт башчылыгына жетип, «Кумтөр» боюнча одоно иштер менен камалып жаткан өкмөт башчысы бошотулду. Кемел Нанаев кемерине келип, Акаевди чарк айлантып турганда, бир тууган жээни Жоомарт Оторбаевди жолдо калтырган жок. Жездеси академик Кайып Оторбаев жаш кезинен оорукчан уулун физик кылып өстүргөн. Физик Акаев президент болуп турганда тагасы Нанаевдин аркасы менен экономистке айланган Оторбаев көз ачып жумгуча өкмөттүн вице-премьерине айланган. 2005-жылы Акаев чычаңдап качканда Оторбаев да качарга жер таппай Европага жөнөгөн. Капчыгы кенен Оторбаевди 2010-жылы Убактылуу Өкмөт бийликке келген соң Өмүрбек Текебаев кайрадан 2011-жылы вице-премьерге алып келип, 2012-жылдан биринчи вице-премьерге алып келген. Акыры 2014-жылдын 26-мартында Жантөрө Сатыбалдиевди жыга сүзүп, Атамбаевди кыжалаат кылып отуруп өкмөт башчысына алып келген. Өкмөт башчысы болуп узак деле иштеген жок, «Центерраны» көргөндө сезими ойноп кеткен Оторбаевди оонатып кызматынан тенз эле айдаган.

«Чучело»

Абулгазиев Мукан

«Чучело» Абылгазиев өкмөт башчы болуп турганда көп мыйзамсыз иштерди кылган. 10 миллиард сом пара алып казактарга радио жыштыктарды бергенин неге жашырабыз? «Чучело» Абылгазиев «Кумтөр Голд Компани» ишканасына геологиялык чалгындоо жана алтын казуу иштерин жүргүзүүгө кошумча жер бөлүп берүүчү токтомго кол койгон. Натыйжада, кендин жалпы аймагы эки эседен ашуун көбөйүп, мөңгүлөрдү жана корукту кошкондо 26,3 миң гектар түзүп калган. Абылгазиев өкмөт башында турганда жакын туугандарын чоң кызматка алып келип жаны тынган эмес. “Чучело” Абылгазиевдин «чучелолору»:

1) Иманкадыр Рысалиев бажасы, "Ачык өкмөт" долбоорунун жетекчиси, 5 000 евро айлыкты эмчү эле.

2) Эрназар Иманкадыр уулу "КТ мобайл" уюмунда жетекчинин орун базары болуп 5000 доллар айлык алып иштей баштаган, учурда кызматынан кетти.

3) Азиз Абылгазиев иниси, Саламаттык сактоо министрлигинде баңги затты тейлөө тармагында иштейт.

4) Таалайгул Сабырбекова өкмөт башчынын бажасынын аялы, "Эргэнэ" коомдук фонддун жетекчиси, жылына онкология оорусун алдын алуу боюнча өкмөттөн бир жарым миллион сом алып турган.

5) Өкүл баласы финполдо иштеген. Алло, алло дегенде эле, иштерди ары-бери кылып бүтүрүп салчу.

6) "Кыргызпочтасынын" биринчи орун басары, Урматбек Жакыпбеков, өкмөт башчынын инисинин, күйөө баласы экени да айтылууда. "КТ Мобайлды" түптөгөнгө чоң салым кошкон.

7) Жол, транспорт министрлигинде тайкелери иштейт.

8) Башка бажалары, достору өкмөттүн аппаратында иштейт.

9) Ал эми кызы Америкада окуйт, анын окуусуна бери жагы эле дегенде, 25 000 доллар жылына сарпташат.

«Көлөкө»

Жумагулов Апас

Кыргыз тарыхында өкмөт башчылыкты өңгөлөрдөн өзгөчө жетектеген бир инсан бар Совет маалында да Масалиевдин артынан көлөкөдөй ээрчип Совминди жетектеген,Акаевдин убагында да кайрадан премьер-министрликке келген. Ал Апас Жумагулов. Жараткан Жумагуловдун маңдайына эки ирет өкмөт башчылыкты жазган экен, экинчисинде дээрлик 5 жылга жакын премьер-министр катары эгемен өлкөбүздүн тарыхындагы эң узак башбакан болуп иштегенин тарыхтан кабары жок кийинки муундар анчейин жакшы биле беришпейт. Мына ушул Апас аксакалга жардамчы болуп, анын арты менен бир катар «креслолорду жыртып отуруп», бир кездеги шефи сыяктуу өкмөт башчылыкты аркалап, бул орундан кыргызга кетпес кегиндей иш жасап, акыры өлкөдөн куулуп кеткен Данияр Үсөновдун да карьерасы алгач жардамчылыктан башталган. Анын Апас аксакалдын жардамчысы болуп, көп убакта жандоочусу болгонуна атасынын таасири болгону бизге маалым. Тагыраагы, Данияр Үсөновдун атасы менен Апас Жумагулов жакын достордон экендиги, экөөнүн ынактыгы аяш уулунун карьерасынын жол ачылышына алып келген.

«Тогузунчу вал»

Сариев Темир

 Деңиз толкундарынын ичинен эң албууту, коркунучтуусу  тогузунчу вал болуп эсептелет .Темир мырза технологияны өтө тез өздөштүрөт. Бөтөнчө «айлакердиктин технологиясын». Далил керек: Ал «Атадан калган туяк» фильмине тартылып, жылаңайлак чуулдап жүргөн убакта эле, башка балдарга момпосуй берип алдап, өзү негизги каарманды «айлакердик» менен алган. Бул мезгилде «айлакердиктин алиппесин» гана үйрөнүп жүргөн. Ал эми «айлакердик илиминин докторлугун» ал, 2009-жылдагы президенттик шайлоодо жактады. Бул кезге чейин оппозициянын лидерлеринин бири болуп жүргөн Темир Аргенбаевич, бир эле күнү 180 градус бурулду. Не болду десек БЭК Атамбаевдин талапкердигин көрсөтүп, Сариев болсо Атамбаевдин талапкердигине каршы чыгып, Ош, Баткен, Жалал-Абаддан мыкты добуш алып Атамбаев өйдө келген. «Ат адашып үйүрүн табат»-деп, кайра БЭКке келген соң революция болуп кетип атпайбы. Революциядан соң финансы министри, экономика министри болуп өкмөт башчыга жеткен соң  Атамбаев  туалеттеги керектелген кагаздай эле ыргытып жиберген.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg      

Последние новости