www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Шайлдабекова так кекиртектен алмай болду. Мындан ары шайлоого барбасаң «штрафка»  пул төлөйсүң, шайлоого барбагандарды алкымдап шайлоого алып барат, шайлоого барган соң Шайлдабекова колдогон кишиге салыш керек. Кокус ал колдогон кишиге салбасаң анда териңди тескери сыйрыйт. Шайлдабековага жаккан шайлоо көпчүлүккө жакпай койду. Шайлоонун квотасы түгөнүп, быйыл курултайга шайлоо өткөзөм деп Шайлдабекова канчалык тытынса да, ал өткөрүп жүргөн шайлоого окшошпой койду. Атка минерлер шайлоо болот деп сүйүнсө мугалим менен врачтар шайлоону түшүндө да көргүсү келбейт экен. Анткени, баягы эле административдик ресурс. Күчтүн баары дал ушул мугалимдер менен врачтарга жумшалат. Өткөндө президенттин аппаратынан район акимдерине “алдыдагы шайлоодо ар кимиң өз аймагында бир адамга жетишерлик добуш топтоп бересиң” деген команда болуптур деп жүрүшөт. Ал эми акимдер мектеп директорлору менен ооруканалардын жетекчилерин, үй башчылар менен аймак төбөлдөрүн (квартальный) катуу жиниктирип, жогорудагы буйрукту аларга бериптир. Ошол шайлоодо балээге калган мугалим, врач сыяктуу кызматкерлер күнү-түнү чуркап жүрдү дешет. Айрымдары  “тойдум байдын кызына” деп жумушун да таштаган имиш. Чамасы кимдир бирөөлөр өткөн күнүн унутуп, Шералынын чокойун жардан ары ыргыткан өңдөнөт. Бийликке жеткендердин баары эле ажыдаарга айланат окшойт.

Шайлдабекова ким президент болсо да жагып келатат. Ал Оргалча, Жанар Акаевди тытыштырып койду,  Көкүлов көктү карап калды, сутенерша Гүлкан Молдобаеваны депутат кылды жана башка толуп жатат... Өзү акелери Бабанов, Сариев, Абдылдаевдерди тымызын колдоп келатат. БШК криссталдай таза болсо, Шайлдабекова түбөлүккө төрайым болсун. Шайлоонун деле аягына чыктык. 2017-жылдан бери шайлоо Шайлдабекованын урматынап бүтпөй келаткан. БШКдагылар бары эле акпы, ким билет шайлоонун айынан кекиртекке чейин тоюшту. Алсак, Эшимов сыяктуу БШКчылар былтыйта жеп алып,түрмөнү карап турушат.

Шайлдабекованы президенттердин бары мактады: Атамбаев, Жээнбеков, Жапаров, бирок карапайым шайлоочуларга жакпай келет. Азыркы бийликтин өз кадрлары жогунан «Күн тийген жердин күкүктөрүн» же жеткен кошоматчылар Бакыт Төрөбаев, Нуржан Шайлдабекова, Руслан Казакбаев сыяктууларды көзүр кылып алды. Булар бийликтин башына күн түшкөндө таштай качып жаңы бийликтин бутун кучактай турган немелер.  Коопсуздук кеңештин жыйынында президент Садыр Жапаров менен БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабековага ода айтканы элдин эсинде: «Ар кандай провокацияга барган жарандар да чыгып калышы мүмкүн, андайлар жок эмес. Мисалы, бирөө бюллетень салып коём деп байкоочуларга кармалып калса, УШК төрагасы, ИИМдин өкүлү барып туруп, ачык көргөзгүлө, жашырчу эч нерсе жок», — деген. Ошол эле кезде Жапаров БШКнын төрайымынын адилеттүүлүгүнө көзү жеткенин белгилеген. Ал Шайлдабекованы дайыма мыйзам чегинде иштегенин жана өз ишинде тажрыйбасы чоң деп өпкө-жүрөгүн чапкылап, алкаган:

«Октябрь окуяларынан кийин Нуржан Кармабековна БШКнын төрайымы болчу. Айрым эл Шайлдабекова кетсин деп жазып жатышат. Ачык айтайын, мен дагы мурун барын ушул аял кылып жатат деп жаман көрчүмүн. Барын БШК эле кылып жатат дечүмүн. Октябрь окуяларынан кийин президенттик шайлоону дайындабай туруңуз деп сурандык. Тарыхтын эски барагын жаап, жаңы барагы менен келели деп сурандык. Бирок болбой эле президенттик шайлоону үч айдан кийинкиге коюп салды. Айла жок шайлоого бардык. Ошондон улам шайлоого аралашып отуруп мен түшүндүм. Демек, маселе Нуржан Кармабековнада эмес экен. Кептин баары төбөсүнөн басып отуруп алып, муну мындай кыласың, тигиндей кыласың десе көз каранды болуп айла жок жасайт экен. Кыргызда жакшы сөз бар “балык башынан сасыйт” деген. Ошондуктан, биз башындагылар сасыбасак, этеги жакшы эле болот экен. Ошондон кийин мен жаман көрсөм дагы кайра алып келип койдум. Анткени мыйзамдуулукту туу тутуп, шайлоону таза өткөрүүгө күчү да, акылы да жетет экен», — деген президент.

Жыйынтыгында президент Шайлдабекова сыяктуу кадрлар менен «жаман көрөбүзбү жакшы көрөбүздү, иштешишибиз керек» деп кошумчалаган: «Мындан ары дагы таза иштешиңер керек, эч кимди укпашыңар керек», — деген президент Шайлдабековага кайрылып.

Нуржан Шайлдабекова БШКны 2016-жылдан бери жетектейт. Бул аралыкта ал үч президент менен иштешти — Алмазбек Атамбаев, Сооронбай Жээнбеков жана учурдагы өлкө башчысы Садыр Жапаров. Президент Садыр Жапаров кол койгон «Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо коммисиясы жөнүндө» жаңы конституциялык мыйзамга ылайык, БШКнын курамына талапкерлердин 50%ын мамлекет башчысы сунуштайт.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости