www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусия менен биримдик түзгүсү келген президенттер Токаев, Мирзияев менен бирге Жапаров бир учак менен Москвага ШКУнун саммитине  учуп баратышат. Аңгыча бир шайтан келип учактын моторуна илээлешип калат.

-Миллиард пайда берчү нефтимди ал, жер толтура газымды ал.- дейт Токаев, шайтан буга таптакыр макул болбойт. 

-Миллиард пайда берчү газымды ал, үстүнө тонналап пахта кошуп берейин. - дейт Мирзияев шайтан көнбөйт.

-Чакыргылачы, Акылбек Жапаровду.- дептир Жапаров. Акылбек Жапаровдун атын угар менен шайтан бир заматта көздөн кайым болуптур.

Президент Жапаров коррупцияны коколой баштады. Коррупция каякта? Эл-журттун арасында коррупцияга суутуп коюптурбу, коррупция бийликтин колтугунда эле колтолоңдоп жүрөт. С.И. Ожегов жазыптыр: «Коррупция-подкуп взятками, продажность должностных лиц, политических деятелей» -деп. Биз болсо коррупцияны төмөн жактан издеп атабыз. Биринчи президент Аскар Акаев президент болуп келгенде Топчукең баш болуп элдин бары калпагын көккө ыргытып сүйүнүшкөн. Акыры айлана-чөйрөсүндөгүлөр Акаевди деле жолдон чыгарды. Акаев:  «Коррупция жетинчи этажга жетти»-деп буркурап атып кеткен.

Бакиев жаңы президент болуп келгенде андагы министр, кийин премьер-министр болгон Алмазбек Атамбаев, депутат, кийин губернатор Жантөрө Сатыбалдиев, Аалы Карашев атасы менен жана башка бардык кыргыз чиновниктери мыкты киши бийликке келди деп мактап жатып калбады беле. Бөтөнчө «Ваше Президентское Превосходительство» деп бөжүрөп чөгөлөй калып, кошомат айтып жүрүшүп Жапаровго окшогондор аны тескери жолго салгысы келишкен. Бир учурда Атамбаев коррупцияга каршы күрөш ачам деп опурулду. Анын маңдайында купуңдап коюп бетин кызартпай эле «коррупцияга каршы Улуу күрөшүүчү» Акылбек Жапаров отурчу. Эми деле Жапаров коррупцияга каршы күрөш ачам деп опурулуп жатат. Анын маңдайында купуңдап коюп бетин кызартпай эле «коррупцияга каршы Улуу күрөшүүчү» Акылбек Жапаров отурат. Минтип отурса Жапаровго деле киши ишенеби?  «Ачыкканга казан астырба, үшүгөнгө от жактырба»- дейт, коррупция менен күрөшсө ачыккан Жапаровго окшогондорду кызматтан кетириш керек го.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg     

Последние новости