www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Спикерди кубалап түшүштү, бул АКШ тарыхында мурун болуп көрбөгөн окуя экен. Октябрдын башынан баштап АКШда “шатдаун” мезгили башталды. Өкмөт чөк түшүп, анын иштери токтотулган мезгилди “шатдаун” деп аташат. Конгрессте карама-каршылык көбөйүп, акыры президент Байдендин “жең учунан” ишин бүтүргөндүгү үчүн “республикачы” спикерди кызматынан кубалап түштү. Конгресс мүчөлөрү айрыкча “республикачылар” келерки жылдын бюджетине Украинага жардам деп көп акча бөлүнгөнү үчүн каршы чыгышты.  “Республикачы” спикер билмексен болуп “демократ” Байденди жактаган. “Шатдаундун” айынан АКШда 4 миллион мамлекеттик кызматкер акча төлөнбөгөн “отпускага” чыгышмак. Спикерди кубалап түшүү менен жаңы спикер күтүүлүдө.

Кыргызстанда да ала-чакмак болуп турган убак.”Жең ичинен” Көкүлов сыяктуулар көкүлүнөн сылап көтөрмөлөгөн спикер өз возуйпасын аткарды, эми кетиши керек деген “балбандар” чыкты. Алардын оюу боюнча спикердин милдети Кемпир-Абад окуясын тынчтандыруу болчу, эми ал жак тынчтанган соң спикерди кереги жок болуп калды дешкендер чыгууда. Бирок спикер “доссекретардын” таянган адамы экенине маани беришкен жок.

АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасы шейшембиде спикер Кевин Маккартини кызматтан алуу үчүн добуш берди. Бул демилгени 216 конгрессмен колдоп, 210у каршы болду. Reuters агенттиги белгилегендей, бул чечимге Маккарти менен анын Республика партиясындагы кесиптештеринин ортосундагы тирешүү себеп болгон. Маалыматка караганда, парламент убактылуу бюджетти араңдан зорго макулдашкандан бир нече күн өткөндөн кийин Конгрессте талаш-тартыш күчөгөн.

3-октябрдагы добуш берүү – АКШнын тарыхында оңчул республикачылардын чакан тобунун демилгеси менен Өкүлдөр палатасынын лидери кызматтан кеткен биринчи учур болуп калды. Конгрессмен Мэтт Гетц спикерди федералдык чыгымдарды кыскартуу үчүн жетиштүү аракет кылбай жатат деп айыптады.

CNN Маккартинин ордуна убактылуу спикер болуп Түндүк Каролинадан шайланган республикачыл конгрессмен Патрик Макгенри дайындалганын кабарлады.

АКШнын Өкүлдөр палатасы спикер Кевин Маккартини отставкага кетирген соң, өздөрү бир жумалык тыныгууга чыгышты. Washington Post басылмасы алар келерки шаршембиде жаңы төрага шайлашы мүмкүндүгүн кабарлады. Маккартини азыркы ээлеп турган кызматынан бошотуу үчүн 216 конгрессчи макул болсо, 210у каршы чыккан.

"Өкүлдөр палатасы бул жумада ишин аяктады. Мыйзамчылар шейшембиде кайтып келишет. Республикачылар форумга чогулат (жаңы төрага боюнча) да, ал эми шаршембиде жаңы спикер шайланышы ыктымал", — деп айтылат макалада.

Түндүк Каролинадан шайланган Патрик Макгенри азыр убактылуу спикер болуп турат. Ал арада төрагалыкка талапкерлерди да сунуштап жиберишти. Алардын арасында мурдагы президент Дональд Трамптын да ысымы аталды. 

АКШдагы бул окуяга Россиядан комментарийлер айтыла баштады. Сенатор Алексей Пушков Украинаны колдоодон улам болгон Конгресстеги бөлүнүп-жарылуу көп нерсенин али башталышы деген пикирин билдирди. Эл өкүлү 2024-жылдагы шайлоо жакындаган сайын бул процесстер күчөйт деген ойдо.

"АКШда өтө жогору саясий туруксуздук цикли уланып жатат", — деп жазды Пушков өзүнүн Telegram-каналында.

Анын айтымына караганда, "дагы деле жок боло элек" шатдаун менен федералдык өкмөттүн ишинин токтоп калуу кооптуулугуна Украинаны финансылоонун айланасында чыккан конгресстеги кризис кошул-ташыл болду.

Орусиялык сенатор республикачылардын партиялашын — Маккартини алып түшүүгө Байден менен "жашыруун макулдашып алганы" себеп болгонун айтты. Ал — АКШ өкмөтүнүн ишин 45 күнгө каржылоону убактылуу улантып туруу мыйзамына Украинаны (Киевге каржылоо анда каралган эмес эле — ред.) да кошуп жибергени болгон.

Маккартини кетирүү АКШнын тарыхында төмөнкү палатанын төрагасын кызматынан алып салган биринчи окуя болуп калды. Ал беш күн бою улам добуш берүүнүн аркасында (15 раунд) 7-январда бул кызматка шайланган. Бул процесс рекорддук көрсөткүч болуп калган. Кевин Маккарти ушул жылдын башында төрт күнгө созулган 15-жолку добуш берүүдө гана Өкүлдөр палатасынын спикери болуп шайланган.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

 

Последние новости