www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мамытов депутатка аттана электе ага БШК тараптан бут тосуулар башталган. Эгер Мамытов депутат болуп калса, кайрадан спикер болууга аракет кылат. «Эки кочкордун мүйүзү бир казанда кайнабайт» себеби, спикер болууну «Ата-Журт» партиясынан кимдир бирөө көздөп турат. Анын азыр чүчкүргөн чүчкүрүгү асмандап турган кез. Спикер болсо Конституция боюнча президенттен кийинки кызмат.

Спикер Мамытов мурун «Ата-журт» партиясында болсо ортону жел аралап «Ынтымак» партиясына кирген. «Эшегине жараша тушагы» дейт, заманга жараша спикер Талант Мамытов «иңа» деп бакырып, бул ааламга келген күндөн баштап, арамзачылыктын алиппесин үйрөнө баштаган. Бешиктен бели чыга элек жатып, «Ата-Журт» партиясында ар кимдин көлөкөсүн аңдып, эшигин сагаалай баштайт.

«Ата-Журт» партиясынан жерден элдир-селдир жазганды үйрөнгөн соң, андан катта акаларынын «акырларын» аңдый баштайт. Анын «арзыматтык» аргамжысына алгач акалары чалынат. Ал жерден арамзачылыктын анатомиясын толук үйрөнгөн соң, тормозу жок токтолбой кете берет.

Күндүн тең жарымында «Ата-Журт» партиясынын ишин бүтүрсө, күндүн экинчи жарымын «Республика» партиясынын оюнун ойноп «РАЖда» аты-жыты жок депутатка айланат. Эки «акырдан» жем жеп аткан учурда акеси байкоосуздан бийликке келип, Талант Мамытовдун жылдызы жарк этип жанып, Канат Исаевди омуроолоп спикерлик кызматты ээлейт.

Чимкириктердин  «чоң муштум» заманында чокчолоңдоп убайды ушул жигит көрдү. Эсирип кеткенде казак спикери  менен билгизбей стакан кагышып мыкты спикерге айлангысы келет. Казак спикери шапалактай Талант Мамытов эмес шайтанга да куйругун карматмак беле, шар эле экс-президент Назарбаев менен кете берди.

Талант Мамытов элдин мүлкүнө көз артып «чимкирик» парламентти мыйзамсыз бир жыл жетектеди. Анткени булардын мөөнөтү былтыр эле бүткөн.

Эми сот депутаттыкка «жашыл жарык» күйгүзбөй баягы дардаңдаган Талант Мамытов жарылган шардай шалбырап, БШК «Ынтымак» партиясына талапкер катары илбей илең-салаң кылып жатканы спикерликти башка бирөө көздөп турганы. Болбосо спикерге БШК эмес, эч ким даап бара алмак эмес. 

Эми ал кайсы кызмат болсо да илбериңки чуркап барары бышык. Административдик  сот БШКнын ал депутатка талапкер катары жарабай турганын Жогорку Сотко кассациялык арыз менен текшергиси келген.

Кассациялык арызды караган Жогорку Сот мыйзамдын 254 беренеси менен иш жүргүзүп 2021-жылдын 12-февралында БШК берген ишеним каттын негизинде Талант Мамытовдун депутаттыкка талапкердигин жарамсыз деп баалады.

Бирок Талант Мамытовго айла жок экен. Депутат болбосо да «Уйга жүгөн салабы, үйрөнгөн адат калабы» дегендей күндүз Ак үй үчүн иштеп, түнкүсүн жамынып барып, башкалардын ишин бүтүрүп, мына кайрадан чоң кызматка аттанганы турат. Бийлигиңди деле урдум дейт турбайбызбы, спикердин кебетеси ушул болсо.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости