www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ: Сулайман-аке суу бер, мэрден пайда жок

Чалдык дооранын сүрбөй, Бишкек мэри Эмил-аке жаштар менен бийлик талашып жүрөт. Отуз миллиондон ашык эмес, көп болсо расмий калкы миллионго жетпеген Бишкекте суу тартыш болуп эл азабын жеп жатат. Эмил-аке момпосуй соруп душмандан бетер сырттан көз жүгүртүп отурат. Мисалы, «Арча-Бешик» жаңы конушуна ичүүчү суу белгилүү график боюнча берилет. Бул тууралуу «Бишкексууканал» өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгынан билдиришти.

— 15-июнда саат 7.00дөн 23.00гө чейин конуштун жогорку бөлүгү;

— 16-июнда саат 7.00дөн 23.00гө чейин төмөнкү бөлүгү;

— 17-июнда саат 7.00дөн 23.00гө чейин жогорку бөлүгү;

— 18-июнда саат 7.00дөн 23.00гө чейин конуштун төмөнкү бөлүгү ж.б.

Суу ташуучулардын цистерналары күн сайын дезинфекцияланып, «Аэропорт» суу алгычынан ичүүчү сууга толтурулат. Ар бир автоцистернада ичүүчү суунун сапатын көзөмөлдөгөн химиялык-бактериологиялык лабораториянын корутундусу бар.

“Учурда өкмөттүн жана Жогорку Кеңешинин деңгээлинде «Башкара-Суу» суу алгычынын жанынан төрт жаңы скважинаны бургулоо үчүн жер тилкесин берүү маселеси чечилүүдө. Жаңы скважиналар кошумча ичүүчү суу ресурстарын берет. Бул скважиналарды бир жылдын ичинде бургулап, пайдаланууга беруу пландаштырылган”, — деп айтылат маалыматта.

«Бишкексууканал» башкармалыгы провокацияларга, ар кандай божомолдорго, имиштерге алдырбоону өтүнүп, “ичүүчү суу боюнча абал оор, бирок мэриянын жана башкармалыктын  көзөмөлүндө”, — деп билдирет.

 Бишкек шаарынын пенсия курагындагы мэри Эмил Абдыкадыров шаар тургандарын, меймандарды такыр кууратып бүтүрмөй болду. Шаар таштанды чыкпай сасып жатса, адамдар жуунганга суу таппай сасып баштады. Шаардын улам бир жеринде суу чыкпай, эл аябай жүдөштү. Ал түгүл суу жок көп кабаттуу үйдө жашагандар туалетке бара албай калышты. Мындай көрүнүш чындап Кыргызстандын тарыхында боло элек болчу.

Кышында ыш, түтүн басса, жайында ичерге, жуунганга суу жок болсо, шаардыктар тагдырдын өгөй балдарыбы? Пенсионер мэр, иштегенге энергиясы калбай шалдырап калса, ордун иштей турган тың бирөөгө бошотсо болмок.

Маселен, Жамалбек Ырсалиев мэр болсом деп канчадан бери эңсеп келе жатат. Жаш, демилгелүү. Керек болсо, өтүк кийип алып өзү ишке аралашып кетет. Бийлик ушундай кадрларга мүмкүнчүлүк берсе болмок, чалдарды кыйнабай...

Арийне, суу көйгөйү бүгүн эле чыга калган жок. Бир нече жылдан бери эле көтөрүлүп, айтылып келе жаткан маселе болчу. Бирок, шаар бийлиги анчейин маани берген эмес. Кайдыгерликтин кесепети бүгүнкү абалга алып келди. Анан тоок туурунда какылыктайт болуп, жедеп көйгөйлөр чечилбей үйүлө берип, суу таңсыктыгы өөрчүп кетти. Учурдагы жагдай мэрдин жана анын командасынын шалаакы жоопкерчиликсиз мамилесин көрсөттү. 

Негизинен алганда чиеленишкен көйгөй көп. Биринчиден, геодезиялык картанын жоктугу. Натыйжада, жол салууда, коммуникацияларды оңдоп-түзөөдө сууну түтүктөрүн жаңылоо аракети көрүлгөн эмес. 
Анткени, соңку жылдары көп кабаттуу ар кандай имараттар көп салынды. Сууну көп өлчөмдө кубаттуулугу чоң суу соргучтар менен сордуруп иштетип жатышат.
Андыктан, мэрия бул багытта бир топ иштерди жасаш керек эле. Көп кабаттуу үйлөргө ичүүчү таза сууга туташтырууда тарифтерди квартиралардын квадратына жараша көтөрүү керек болчу. 
Автомойкалардын ар бирине саркынды сууларды кайра иштетүүчү мембраналык системаны койдуруп, корогон сууларды чыпкалап кайра техникалык суу катары пайдалануу талабын киргизиш зарыл эле. 

Анан маселени чечүүнүн ордуна "элдин саны көбөйүп кетти ошого суу жетпей жатат, өзүңөр эмне анан баня куруп аласыңар, бак, огород сугарасыңар, кар, мөңгү эрибей, суу келбей жатса өлөлүбү", - деген өңдүү шылтоолор суу кечпейт. 

Ошол көбөйгөн элдин көп сандаган салыгын алганда жакшы анан алардын жашоо шартын жакшыртууга келгенде эл жаман, эл күнөөлүү болуп калабы? Мамлекеттин биринчи байлыгы — эл. Эл көбөйгөн сайын мамлекет ошого жараша иш жүргүзүп, шарт түзүүсү керек. Азыр 21-кылым. Технология өнүктү. Иштейм, элге шарт түзөм деген жетекчи үчүн мүмкүнчүлүк толтура. Мөңгүнүн эришин акыйып күтүп, суу келбей жатат деп алакан жайып отура бербестен, жер астынан артезиян суу чыгарып, резервуарга кошуш керек болчу. 
Огородуңарды, багыңарды эмне сугарып жатасыңар, мончо салбагыла деп элди кекетип, наалыбай, ирригацияны жолго коюп, ар бир көчөгө сугатка суу келгидей шарт түзүш милдет эле. Бишкек деген сугатка абдан ыңгайлуу жер. Суу жогору жактан түшөт. Насостун да кереги жок. 

Булардын баарын жакшынакай жазып, пландап, схемасын чийип өкмөттү, парламентти ынандырып, "минтпесек 1 000 000 калк жашаган борбордо суу коллапсы болот" деп коңгуроо кагып, иш алып баруу керек. Суудан тушкон акчаны сууну жакшыртууга жумшаш керек. Жетпесе, республикалык казынадан каражат бөлдүрүү зарыл. Тариф төмөн деген болбогон нерсе. Анткени мына "тазалыктын акчасы аябай аз, эч нерсе кыла албай жатабыз" деп таштанды тарифин көтөргөндөн шаар таза болуп кеткен жок. Маселе адамдын, жетекчинин өзүндө. Мектеп, бала бакча куруу көчөлөрдү брусчаткалоо деген мэриянын ансыз да жасай турган чарбалык иштери. Ал эми мыкты жетекчи келечекке карап иш кылат.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg      

 

 

 

 

 

Последние новости