www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Грециянын түштүк жээгинде мыйзамсыз мигранттарды ташыган балык уулоочу кеме чөгүп, кеминде 79 киши каза болуп, 104 адам куткарылды деп билдирди Грециянын коомдук телеканалы ERT. Дайынсыз жоголгондордун саны азырынча тактала элек.
Маалыматка ылайык, кырсык Пелопоннес жарым аралынын жээгиндеги Пилос шаарына жакын жерде болгон. Аман калгандар кемеде 500дөн 700гө чейин адам болгонун айтышкан. Кеминде 26 адам (бардыгы эркектер) жабыркап, алар жеңил жаракаттар менен ооруканага жаткырылган. Дагы үч адам сурак берүү үчүн Каламата порт башкармалыгына жеткирилген.
ЖМКлар кемедеги жүргүнчүлөрдүн көбү Ооганстан, Сирия, Египет жана Пакистандан келген эркектер болгонун жазышууда. Алар Ливиядан Италияга бара жатышкан.
Грециянын президенти Катерина Сакелларопулу кеме кыйраган жерге жакын жайгашкан Каламата портуна келди. Ал жергиликтүү администрация менен жыйын өткөрүп, ооруканада жабыркагандарга барды. Еврокомиссиянын төрага орун басары, Европанын жашоо образын, жаштарды, маданиятты жана билим берүүнү коргоо боюнча Европа комиссары Маргаритис Шинас премьер-министрдин милдетин аткаруучу Иоаннис Сармас менен байланышып, Грецияга Евробиримдиктин колдоосун убада кылды.
БУУнун маалыматы боюнча, жыл башынан бери Европага Жер Ортолук деңизи аркылуу 72 миңден ашуун мигрант келген. Ошол эле учурда алардын миңге жакыны каза болгон же дайынсыз жоголгон.
Булак: NazarNews.kg