www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

 «Светтин» баасы 77 тыйындан болгону менен 700 квт/сааттан соң 2 сом 16 тыйын. Кышында тез эле 700 квт/сааттан ашып көпчүлүк ушул баада төлөшөт. Муну да жөн коюшпай улам-улам көтөрүп жатышат. Өндүрүлүп чыккан ар бир квт/сааттын өздүк наркы 9 тыйын. Улуттук энерго системасы аркылуу кардарларга жеткирген баасы 23 тыйын, төлөгөнүбүз 700 квт/сааттан баштап 2 сом 16 тыйын. СКС программасы боюнча кардарларга 23 тыйындан жеткирилет. Кээ бир категорияларга бекер берилерин мүмкүнчүлүгү бар. СКС программасынын негизинде Кыргызстанда 31 млрд. Квт/саат электрэнергиясын бере турган станциялар курулат. Кыргызстан колдонуп жаткан электрэнергиянын кубаттуулугу 7,5 млрд. квт/саат. Энерго курулушу боюнча Нарын дарыясынын оң куймасы Көкөмеренде СКС-ГЭС «Көкөмерен-1» жана СКС-ГЭС «Көкөмерен-2» курса болот. Эки ГЭС жылына 4 млрд,квт/саат энергия берет.

Нарын дарыясында СКС-ГЭС «Казарман-1, 2, 3, 4» ГЭСтери жылына 4,5млрд. квт/саат энергия берет. Долбоордо Ала-Бугу ГЭСИ да бар. Ал 1,7 млрд.квт/саат электроэнергия берет. Мындан ары төрт ГЭСтен турган «Куланак» каскады курулат. Анын кубаттуулугу 1,5 млрд.квт/саат электроэнергия берет. Ысык-Көлдө СКС-ГЭС «Мойт аке», «Сарт аке», «Карга аке», «Тилекмат аке», «Садыр аке» ГЭСтерин курса болот.

 Энергетика тармагында кайрадан кризис. Мындан дээрлик 15 жыл мурункудай электр жарыгы өчүрүлүп, эл ичинде аңызга айланып айтылып жүргөндөй Алексей Ширшовдун энергетикадагы коррупциялык схемасы кайрадан орноду көрүнөт. Дегенибиз, 2010-жылы кылмыш иши козголуп өлкөдөн качып кеткен Алексей Ширшов, 2020-жылы Сооронбай Жээнбеков бийликтен куулуп, эки тизгин бир чылбырды Садыр Жапаров алганда "Максим Бакиевдин 200 миллион долларын таап берем" Кыргызстанга кайтып келген.

Натыйжада, андан бери Ширшов айткан акчадан таш балакет жок. Бирок, Ширшовдун кадрлары менен схемалары иштей баштады. Ширшовдун эки көздөй кадры министр болду. Ширшовдун дагы бир кадры Таалайбек Ибраев Энергетика министри болуп, өз билген боткосун чалууда. Башкача айтканда, Ширшовдун энергетика тармагындагы жомок болуп айтылып жүргөн баягы коррупциялык схемасы иштей баштады өңдөнөт. Суу жок. Свет өчүүдө. Бирок ошол эле кезде бир райондун электр энергиясын бир жеп койгон майнинг ферма иштеп жатат. Мунун артында Ширшов турушу мүмкүн дешет. Казинолор иштеп баштады. Айтор, күмөндүү, тумандуу, туңгуюк иштер арбыды.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости