www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тарых музейинде министр Алтынбек Максүтовдун шыгы менен 2016-жылдын июлунда өрт чыккан. Өрт боюнча кабар 21-июлда саат 22. 11 де түшкөн. Өрт өчүргүчтөр жетип келип, өрттү түнкү саат үч жарымда басаңдатып, биротоло алты сааттан кийин баскан. Демек, өрт масштабы кенен, оңой жоо болгон эмес. Бир нече киши жапа чеккен. Ушул өрт ал кездеги маданият министри Алтынбек Максүтовду ала жатты, бирок ал эми кайралан «тирилди». Өрттөн улам  ошол кезде түзүлгөн комиссиянын айтуусунда ал жерде эч кандай материалдык- чарбачылык зыян болгон эмес. «Акылдуу» өрт билгендей тандап, «утилге» чыккан материалдарды гана өрттөп кетиптир. Музейдеги баалуу материалдар өрттөн жашынып калгандай.Бирок андай эмес көпчүлүктүн айтуусунда Максүтов АШАга кошоматтанып баалуу экспонаттарды жоготуп, өрттөнүп кетти деген шылтоого таянганы бар.

 Экинчи ирет өрт 2017-жылдын 22-ноябрында болгон. Өрт кызматына саат 11. 36 да маалымат түшүп, өрт өчүрүүчүлөр тез эле өрттү басышкан. Бул музейдин башаты 1925-жылда жатат. Азыркы Тарых музейи Лениндин музейи катары 1984-жылы курулган. Борбор Азия боюнча эң чоң музей эсептелген бул жерде 135 миң ар түрдүү баалуу экспонаттар бар. Албетте, «сууга салса чөкпөйт, отко салса күйбөйт».

Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз улуттук китепканасын кыйла жыл басып жаткан Жылдыз Бакашева деген айым Садыр Жапаровдун бийликке келиши менен Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары болуп кызматтан жогорулаган. Бирок, иштин көзүн билбеген мажүрөлүгүнүн айынан көп өтпөй эле ал жактан кетип, Тарых музейин жетектеп калды. Тарых музейинин мурдагы жетекчиси Кеңешбек Алмакүчүков мыйзамсыз иштен алынганы боюнча соттон утуп келсе, Бакашева соттун чечимин уруп ойнобой ордун бошотуп бербей койгон жайы бар. Ошол бойдон иштеп жатат. Кыңк деген жан болгон жок. 

Жамандын бир өнөрү артык, жата калып ат үркүтөт дегендей, Тарых музейинин дагы ашмалтайын чыгарып бүтмөй болду. Индус, пактар тарых музейинде шоу программа уюштуруп, ат сарайда жүргөндөй эле каптап кеткени боюнча соцтармакта видео тарап, коомчулукта катуу сын-пикирлер айтылды. Ал түгүл директор Жылдыз Бакашевана тезинен иштен алып, жоопкерчиликке тартууну талап кылгандар болду. 

Намыс, ар деген барбы бизде, качантан бери Улуттук тарых музей концерт өтө турган жер болуп калды эле деп каңырык түтөтүп зээни кейигендер, Бакашеванын алешемдик, шалаакы ишине ичтери чыкпай, катуу нааразы болушту.Тилекке каршы, Бакашева башым деген жок. Сууну сиңген жерге куй деген туура экен. Бакашева элдин жоопкерчиликти талап кылган нааразычылыктарын чиркей чаккандай көрбөдү. Маданият министри Алтынбек Максүтов деле ымтырап отура бербей, теске сала турган жерде эле. Деги качан жетекчиге жарыйбыз.

Тарых музейи элди келечекке жетелейби, же чоңдорду коррупциягабы?

Тарых музейин жасалгалоо акыркы кездерде курч полемикаларды туудуруп келген. Акыркы күндөрү ал жерде коррупция болгон деп кыйкырып жаткандар негизинен Жээнбеков тарапты жалжал карагандар болсо, буларга каршы турган күчтөр АШАнын өкүлдөрү. Бардык жерде билим, жаштарды тарбиялоо, экология маселери маданий агартуу менен искусство аркылуу чечилерин эки тарап тең түшүнөт. Социалдык маселелер жана экономикадагы көйгөйлөр маданият менен искусство көйгөйлөрүнөн тышкары чечилбейт. Тарых музейин өзгөртүүнү ойлогон авторлордун ой-толгоолору боюнча бул жер шаарлыктарды жана меймандарды өзүнө тарткан жаңы коомдук жайга айланышы керек. Ал бардык эл аралык стандартка жооп берип, ошол жерде эл аралык көрсөтмөлөр, жогорку деңгээлдеги иш-чаралар өтүп, жаштар маданиятка, искусствого, билимге талпынган жер болуш керек. Музейдин ички дизайнын музей жасалгалоо боюнча адистешкен немец компаниясы «Vitrinen und Glasbau REIER GmbH» бүтүргөн.  Бул ишкана бүткүл дүйнөгө таанымал: Луврдун, Британ музейинин, Мамлекеттик Эрмитаж сыяктуулардын заказын  аткарып келет. Германиянын тарыхий- маданий баалуу мурастарын сактоо боюнча 20 жылдан ашуун иш жүргүзүп келаткан. Эмнеге Кыргызстанга келгенде булардын абройу ачылып кетти? Же тарых музейин кургандардын колу кычышып кеттиби?

Тарых музейи 135 миң экспонатын жасалгалап Борбор Азияда үлгү боло турган музейге айланмак. Эгер «тамагы кычышкандар» суук колун салышпаса, ал кыргыз элине сыймык алып келмек. Тарых музейи элди келечекке жетелейби, же чоңдорду коррупциягабы, эми муну түшүнө да албай калдык.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

 

 

Последние новости