www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кочкор-Ата шаарында белгисиз затка ууланган 42 окуучунун экөө оор абалда. Бул тууралуу 25-майда Жогорку Кенештин жыйынынде депутат Сүйүнбек Өмүрзаков билдирди.

Анын айтымында, №15 мектептин окуучулары 11-майда белгисиз затка ууланган.

“20 окуучунун абалы жакшы болбогондуктан 18-майда Ош облустук балдар ооруканасына которулган. Эки баланын абалы оор экени айтылды. Ата-энелер эмнеден ууланганын билбей жатышат. Адам өмүрүнө зыян келтирген заттарды кимдер алып келип жатат?”, — деди депутат.

Эл өкүлү бул боюнча текшерүү жүргүзүү үчүн Ички иштер министрлигине, Саламаттык сактоо жана Билим берүү жана илим министрликтерине  тапшырма берип, көзөмөлгө алууну өтүндү.

Эскерте кетсек, Жалал-Абад облусунун Кочкор-Ата шаарында 42 окуучу белгисиз затка ууланган. Окуя 11-майда №15 Семетей Беки уулу атындагы орто мектепте болгон.

Мугалимдер Тез жардам кызматын чакырып, Кочкор-Ата жалпы дарыгердик практикалык борборуна 42 окуучу жеткирилген. Анын ичинен 14 бала үйүнө чыгарылып, 28 окуучу дарыгерлердин көзөмөлүнө алынган. Ошондой эле, алардын абалы туруктуу экени кабарланган.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости