www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалал-Абад облусунун Кочкор-Ата шаарына караштуу Беки уулу Семетей атындагы №15 орто мектебинин 37 окуучусу ууланганы тууралуу Билим берүү министрлигинин басма сөз кызматы NazarNews агенттигине маалымат берди.

Маалыматка ылайык, кечээ, 12-майда 42 окуучу өзүн жаман сезип, ооруканага түшкөн. Бирок, алардын 14үнүн абалы жакшы болгондуктан үйлөрүнө жиберилген. Ал эми, 28 окуучунун ден соолугунда шек болгондуктан ооруканага жаткырылган.

"Учурда балдардын абалы жакшы, дарыгерлердин көзөмөлүндө. Окуя боюнча укук коргоо органдары териштирүү иштерин жүргүзүүдө", - деп айтылат маалыматта.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости