www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жапаров президент болордо кошо талапкер болгон Каныбек Иманалиев Садыр Жапаровдун Дене тарбия институтун сырттан окуп бүтүргөнүн айтып, ушул кантип президент болот деп сыпаттап: “Өмүрбек Текебаев Садыр Жапаров президент болсо, Кыргызстан Түркмөнстанга айланат деп жаңылды. Эгер Садыр Жапаров президент болсо, Кыргызстан экинчи Афганистан болот. Анткени, ал күч колдонуп, бийликке умтулуп жатат. Биз буга жол бербейбиз” – деп шыбаган.

Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев мындан 2 ай мурда, өзүнүн суранычы менен жаңыдан кызматка келгенде президент Садыр Жапаровдун кабыл алуусунда болгону баарыбызга маалым. Мына ошол жолугушууда Каныбек Иманалиев Билим берүү тармагын тез арада 5 (беш) багытта масштабдуу реформа жасоо керектигин айтып, президентке убаданы катуу берген.  Жолугушууда Какебиз, "Президенттин алдында 7-класстан жогору окуучуларга гимназия түзүп, жалаң кедей үй-бүлөлөрдөн чыккан таланттуу балдарды окуталы. Нарын дарыясында крокодил жок экениндей эле кедей үй-бүлөлөрдөн чыккан таланттуу балдарды окута турган гимназия да жок экен бизде", - деген эле.

Ошондон бери коомчулукта качантан бери кайсы министрге Кыргыз жарандарын бай, кедей деп бөлүп, расмий маалымат берүүгө уруксат берилди эле деген суроого жооп таппагандар көп?! Ошондо канча кедейдин, канча таланттуу баласы бар болду экен? Аны бизге ким аныктап берет? Статкомбу же министр өзүбү? Ким өзүн кедеймин же кедейдин баласымын деп айтат? Дегеле ошол гимназиясы эмне болду экен? Министр 5 (беш) багытта жасачу масштабдуу реформасынын алгачкы кадамын эмнеден баштады экен?

Айтор, курулай чечендикке салып популисттик кооз сөздөргө ширелген убадаларды ченебей берген Иманалиев жыйынтык күткөн жарандарыбыздын суроолоруна качан жооп берет болду экен? Аз күндө министр мырзага кайрылып, ыңгайсыз суроолордон качпаса, ак же көк деген жообун угуп көрөлү деп турабыз.

Бир кезде Иманалиев өзү президентти "сабатсыз" деп сынга алды эле. Өлкө башчысы сабатсыз болуп жаткан соң, коомубуздагы абал чеке жылытпаса керек. Андыктан, кантип билим берүү тармагын заман талабына шайкеш реформалап, сапатын көтөрүү жаатында оозго алаарлык эмне жаңылык киргизип жатат, кызматтык ишмердиги тууралуу үн катчу учур келди.

Ак үй менен көк үйдөгү аткаминердин көбү билимине, акыл көрөңгөсүнө эмес, эшен, кожо көзү ачыктарга ишенип калышканы тууралуу көптөн бери сөз болуп келе жатат. Учурда маанилүү кызматты аркалаган жетекчи сөрөйлөрдүн көбүнүн тынымсыз каттап, дем салдырып турган молдосу, төлгө ачтырган көзү ачыгы бар экен. Өзүнчө эле "аалам сырлары..." Минтип эл башкарган төбөлдөр кожо, молдого күнү түшүп, акыл сурап калган соң, карапайым калктын абалы кандай экенин элестетип болбойт. 

Андыктан, Билим берүү тармагын күчтөп, тез арада заман талабына шайкеш реформалап, сапатын көтөрүү багытында мамлекеттик масштабда ыкчам аракеттер көрүлбөсө, арабдардын "Миң бир түн" жомогундай жин-шайтан менен алышып, бири-бирибизге дуба окутуу менен алек болуп калабыз го. Болбосо, эртең өлкөнү сакалын тырмаган молдолор башкарып, шариятты кеп салып, халифат орноткондо эсибизге келебизби? Анда кеч болуп калат. Эсибиз барда этегибизди жыялы. Качан кыргыздын эл башкарган төбөлдөрү молдо, кожо, көзү ачыкты пир тутуп, тоңкочук атып тооп кылып калышты эле? Кожону көрсө сабаган, эшенди көрсө байлаган, калпаны көрсө камаган Манастай журтун сүйгөн, элин сүйгөн деңгээлде өз баркыбызды, өз наркыбызды сезели, билимге, акылга таяналы.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg      

Последние новости