www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Америка Тажикстандын куралдуу күчтөрүнө  атайын аскердик жабдууларды берди. Тажикстан бийиктикте керектелчү, ок өтпөөчү кийимдерди, караңгыда көрсөтө турган дүрбү жана ап кандай брондолгон аскердик унааларды алды. 2023-жылдын 3-февралынан 11-февралына чейин Бишкек шаарында кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргыз Республикасы менен Тажикстандын укуктук маселелери боюнча топографиялык жумушчу топ  жолугушууларды өткөрдү. Жолугушуунун жыйынтыгында тиешелүү протоколдорго кол коюлду.

2022-жылдагы кыргыз-тажик чек арасындагы окуя боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө топтору тергөө иштерин жүргүзүп жатат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында Аскер прокуратурасынын Тергөө кызматынан башчысы Акылбек Абдыраев билдирди: "Шектүүлөрдүн өзүнчө өндүрүшкө алынып, сотко өткөн учурлары бар. Учурда Аскердик прокуратуранын Баткен гарнизону тарабынан тергөө иштери жүрүп жатат", - деди ал.

Парламент “2021-жылдын 16-сентябрында Дүйшөмбү шаарында кол коюлган Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун аскерлерин (жамааттык күчтөрдү) биргелешип материалдык-техникалык жактан камсыздоо жана медициналык жактан камсыздоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзам долбоору каралууда. 2022-жылы 14-17-сентябрда Тажикстан кыргызстандын аймагын басып алууну көздөп Баткен жана Ош облустарындагы чек ара заставаларын жана калкттуу пункттарга ккол салган.

Тажикстандын куралдуу күчтөрүнүн аскердик баскынчылыгынын натыйжасында Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, 63 адам каза болгон, анын ичинде аскер кызматкерлери жана жайкын тургундар жана балдар бар, 198 адам жабыркады. Ошондой эле турак-жайлар, экономикалык жана социалдык объектилер, турмуш-тиричиликти камсыз кылуучу объектилер талкаланып, зыянга учураган.

АКШнын Дүйшөмбүдөгү элчилиги республиканын чек араларынын коопсуздугун камсыздоо үчүн Тажикстандын Улуттук гвардиясына он жип тапшырды. Тетиктер пакеттери, устакана жана техникалык тейлөө жана окутуу боюнча келген 858 818 долларлык унаалар Улуттук гвардияга чек ара тилкелеринин катаал рельефинде операцияларды жүргүзүүгө мүмкүндүк берет. АКШнын элчиси Жон Марк Поммершайм “бул кайрымдуулук Тажикстанга анын чек арасын коргоо үчүн көрсөтүп жаткан жардамыбыздын бир гана мисалы. Биз терроризмге, баңги аткезчилигине жана өзөктүк куралдын жайылышына каршы күрөштө өнөктөш бойдон кала беребиз. Биз чогуу иштегенде күчтүү болобуз” деп белгиледи.

Докладда Кошмо Штаттары 1992-жылдан бери Тажикстанга коопсуздук үчүн 330 миллион доллардан ашык жардам бергени тууралуу маалыматтар келтирилет. Бул жардам окутууну, жабдууларды жана инфраструктураны камтыйт. Анын ичинде АКШ өкмөтү Коргоо министрлигинин тынчтык орнотуучу батальонунун окуу борборун реконструкциялоого жана курууга колдоо көрсөтүп, Коргоо министрлигинин мобилдик аскерлери үчүн 1,5 миллион долларга Магоб полигонун курган.

Тажик тарап кээде биздин чек аралаш жерлерибиз бош жаткандыгына көз артып, алар өз аймагына батпай аткандыгын да айтып, доомат коюшууда. Мындай пикир канчалык негиздүү болот. Союздун учурунда ар бир эл өзүнүн өзгөчөлүгүнө жараша эмгектенген. Мисалы, тажиктер дыйканчылык, өзбектер соода-сатык, ал эми кыргыздар байыркы мезгилде жоокер болуп, мал чарбачылыгы менен алектенишкен. Андыктан алар жерлерин жайыт жана кыштоо катары пайдаланышкан. Демек, аны бош же кароосуз калган жер деп айтуу туура эмес. Ооба, биздин кошуналарыбыз жылма миграция менен чек арабызга гана эмес, үйүбүздүн дубалына чейин жетип келишип, эми үйлөрүбүз менен огородубузга да көз артып, талашууда. Ал эми алардын калкынын саны тездик менен көбөйүп, жерине батпай жатса, анда бул алардын өздөрүнүн көйгөйү жана биз күнөөлүү эмеспиз. Тажик бийлиги эгер Чаркудө эл батпай жатса, аларды башка жакка көчүрсүн же башка жолун тапсын. Дүйнөлүк практикада мындай ыкма жок. Мисалы, 1 миллиард 300 миллион калкы бар Кытай “биз жерибизге батпай жатабыз” деп, кошуналарынын жерин талашкан, доомат арткан жок да.

Дүйнөлүк практикада талаш жерлерди же анклавдарды чечүүнүн жолу – алмашуу болуп саналат. Бул деле туңгуюк жол болгон менен мындан башка ыңгайлуу жолу жок. Бирок жерди мынча квадратка ошончо квадрат деп бөлүү да туура эмес. Себеби жерди сугат экендигине, түз же тоолуу экендигине, анын асты менен үстүндөгү кен байлыктарга, стратегиялык аймагы боюнча онго жакын өзгөчөлүгүнө карап баалап, алмаштыруу керек. Бирок тажиктер ушул цивилизациялуу, эл аралык жолдорду аттап өтүп, биздин жерди күч менен, согуштук ыкмага салып ээлеп алуу аракетин көрүштү.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg     

 

 

 

Последние новости