www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркиядагы табигый кырсыктын кесепеттерин жоюуга жиберилген Кыргызстандын куткаруучулары урандылардын астынан тирүү адамды алып чыгышты. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандык куткаруучулар издөө-куткаруу иштерин жүргүзүп жаткан Кахраманмараш шаарындагы бузулган имараттын урандыларынын арасынан кырсыктын 6-күнүндө тирүү адамды алып чыгышты.

Аталган министриликтин басма сөз кызматы бул боюнча кошумча мааламат даярдалып жатканын билдирди.

Эскерте кетсек, Кыргызстандык куткаруучулар буга чейин 48 адамдын сөөгүн кыйраган имараттардын астынан таап чыгышкан.

Белгилей кетсек, Түркия менен Сирия чектешкен аймакта 6-февралда жер эки жолу катуу силкинип, күчү 7,5-7,8 баллга жеткен. 

Табигый кырсыктын кесепетинен 24 миңге жакын адам каза болуп, жүз миңдеген адамдар жабыр тартты. Ал эми кыйраган имараттардын саны миңдеп саналат.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости