www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ:

 

"Пахтакор"

Балбак Түлөбаев
Жогорку Кеңештин депутаты Балбак Түлөбаев кошоматчылык жаатында алдына ат салдырбаган өнөрү үчүн коомчулукта "пахтакор" деген лакап ат менен таанымал. Эл арасында талтайган жагынан Балбакка жетиш кыйын деген азил айтылып жүрөт. Өзү да элдин сынын туура түшүнүп: "Мени пахтакор, кошоматчы дешет. Эми бул менин тагдырым экен", - деп мойнуна алган жайы бар.
"Теке"

Өмүрбек Текебаев
"Ата Мекен" партиясынын атасы, Германиядагы элчи, саясатта өзгөчө салмагы бар Өмүрбек Текебаев жумурай журтка "Теке" каймана аты менен белгилүү. Аны өзү да шайлоодо жарнамалап, сыймык катары "Теке-Теке" аттуу трек чыгарган.
«Мистер 10 %»
Кожошев Арзыбек

Атамбаев менен колтукташып министр катары кыргызды соруп, премьерге жетем деп, кызматтан кетип, Жээнбеков менен колтукташып финансы рыногунда 10 %ды соруп, элди ач калтырып, кымбатчылык түзүп, жең ичинен коньяк ичип, өз капчыгын толтурганы үчүн ыраазычылыктан ооз ачып сүйлөй албай, корголоп жашынып жаткан кезде бийлик алмашып, коңулдан чыккан коңуздай, котур ташын койнунан алып чыгып, кайрадан ордун бекемдеген, бийликке жагынуу максатында опурталдуу сөздөрдү сүйлөп, финансы рыногунда 10 %ды соруп, андан секирип минкабдын төрагасынын биринчи орун басары болуп, андан ары Москвага энергетика министри болуп кеткен Кожошев Арзыбекке «Мистер 10 %» аты коюлган.
«Диверсант»

Тилек Текебаев

Транспорт жана коммуникация министри Тилек Текебаев.» «Диверсантыгын» көрсөтүп ооруп жатам деп жыйынга келбей эркелеп койот. Элдин бары эле  ооруп жатат. Транспорт жана коммуникация министри Тилек Текебаев ден соолугуна байланыштуу жыйынга катышпай койгон бовойт го.

"Иуда"

Иса Өмүркулов
Кыргыз саясатында көрүнүктүү орду бар Иса Өмүркуловду "Иуда" дешет экен. Мындай каймана атка, Алмазбек Атамбаевдин жанында өмүр бою дос, үзөңгүлөш, санаалаш болуп жүрүп, президент кезинде болгон жакшылыгын көрүп, каалагандай эркелеп, анан бийликтен кеткенде "сатып" кеткенден улам ээ болгону айтылып келет.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg      

     

Последние новости