www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Улуттук банкта жештин схемасы мындай жума күнү валюта рыногун жөнгө салып, сомдун кунун сактап калуу үчүн интервенцияга шылтоолоп УБ "любимчик" банкына миллиондогон доллар которот. Алтынчы, дем алыш күндөрү бул акчалар коммерциялык негизде "оборотко" кетишет. Ортодо табылган 1 млн. долларды чөнтөгүнө шып салып койот. Доллардын курсун ал жерде шак түшүрүшөт,эки күндө 100 доллардан 100 сом таап, Кубанычбек Бөкөнтаевге  бергендерин да, андан тышкары өз курсагын да тойгузушат. Ушундай ач көз банкирлер бийлеп турганда кыргыздар өспөйт. Мындайларды отоо чөптөй жулуп салыш керек. Акчалар кимдин чөнтөгүнө ойноп жатат, бир кудай билет, бир Кубанычбек Бөкөнтаев билет.

Өкмөт салыктарды көбөйтүү менен ишкерлердин кыжырын келтирип жатат. Мындай пикирин 2022- жылдын 30-ноябрында Жогорку Кеңештин депутаты Балбак Түлөбаев билдирди: "Улуттук банктын төрагасын Жогорку Кеңешке чакырып, маалымат алалы. Акча алмаштыруучу жайларда акча жок. Акчалар кайда? Эмне үчүн акча алмаштыруучу жайларда жең ичинен акча таап берип жатат, ал эми Улуттук банк муну көзөмөлдөбөйт. Доллар жок дегенде бир сомго кымбаттаса, бул бизнес үчүн аябай чоң нерсе. Улуттук банк валюта рыногун таптакыр унутту", - деди эл өкүлү.

Андан соң өлкөдөгү баалардын өсүп жатканына жана салыктардын көбөйүп жатканына токтолду:

"Баалар өсүп жатат, муну ким токтотот? Өкмөт Японияга кетиптир. Аман-эсен келсин. Бирок, алар элдин жон терисин сыйрыганы жатабы? Салыктын үстүнөн салык көбөйүп жатат. Мына жаңы жылдан соң, салыктарды курулуш жана башка тармактарга киргизип жатат. Салыкты көбөйткөндүн ордуна азыркы салыктарды тиешелүү түрдө чогултуп албайсыңарбы. Кайсы жакка барба өкмөт минтип жатат, антип жатат, бизнесин таштап, Кыргызстандан кетем деген жарандар. Биз бардыгына макул болуп келе жатабыз. Бирок бизнеске салыкты көбөйтпөгүлө да. Бизнестин акыркы нанын аласыңарбы? Алмаз Ахунжанович, (ред. өкмөттүн парламенттеги өкүлү) жакында салыкты көбөйтүү тууралуу жаңы мыйзам алып келгени жатыпсыңар. Алып келбегиле аны. Ишкерлердин кыжырына тийип эмне кыласыңар? Анда дем алып жаткан абага дагы салык салгыла. Баары бүттү, ошол эле калды", - деди депутат.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg     

Последние новости