www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ: Япония жаңы тиштерди өстүрөт

Япониянын изилдөө тобу адамдарга жаңы тиштерди өстүрүүгө мүмкүндүк бере турган дары ойлоп табышты. Бул тууралуу япониялык The Mainichi басылмасы жазып чыкты.Клиникалык сыноолор 2024-жылдын июлунда башталат. Ал дары сыноодон өтсө, анда тубаса тиштери жок адамдардын тишин калыбына келтирүүгө мүмкүн болот. Команда 2030-жылы жалпы колдонууга даяр кылууну максат кылууда.Буга чейин жаныбарларга жасалган эксперименттерде алардын тиштери чыккан. Азыр дары-дармекти адам колдонгондой кылып даярдоо иштери жүрүп жатат. Биринчиден, дары тубаса факторлордон улам чоңдордун тиштеринин толук топтому жок болгон бейтаптарга арналган. Бул «адентия» деп аталат.

Япон окумуштуулары тарабынан тиштердин үчүнчү топтомун өстүрүүгө мүмкүндүк берген инновациялык дары иштелип жатат. Маалыматка ылайык, окумуштуулар адамдардын жаңы тиштерин өстүрүүгө мүмкүндүк бере турган жаңы препаратты иштеп чыгууда ийгиликтерге жетишти. Изилдөөлөр көрсөткөндөй, адамда тиштердин үчүнчү топтому үчүн зарыл болгон нерселердин баары бар, бирок бул процесс USAG-1 белогу тарабынан бөгөттөлөт.

Катсу Такахашинин изилдөө тобу анын функцияларын бөгөттөй алган белокту нейтралдаштыруучу антитело иштеп чыгышты. Дары чычкандарга берилип, жаңы тиштер чыгып кеткен; "Жаңы тиштерди өстүрүү идеясы ар бир тиш доктурдун кыялы. Мен аспирантурада окуп жүргөндө бул боюнча иштегем. Мен муну ишке ашыра аларыма ишенчүмүн", - дейт Осакадагы Китано медициналык институтунун жетектөөчү илимий кызматкери Катсу Такахаши.

Учурда дары-дармекти адамдар үчүн колдонууга даярдоо иштери жүрүп жатат. Биринчиден, дары тубаса факторлордон улам чоңдордун тиштеринин толук топтому жок болгон бейтаптарга арналган. Бул "адентия" деп аталат.Келечекте, дары кененирээк колдонууга ээ болушу мүмкүн экенин изилдөөчүлөр кошумчалашат.

Ден соолук сыры тиштен байкалат. Анткени бузулуп, түшө баштаган тиш күлгөндө, сүйлөгөндө адамдын жүзүн бузуп гана койбостон, көп оорулардын бар экендигинен кабар берет. Тиш ооруларынын арасында кеңири тараганы кариес менен парадонтоз. Аларга каршы туруунун эң биринчи жолу албетте кичинекей кезден баштап ооз көңдөйүн жана тишти убагында жууп туруу зарыл. Күнүгө эки маал эртең менен жана кечинде тамактануудан кийин тиш пастасы менен жууш керек.

Тишти тазалоонун туура жолдору кандай? Тиштин гигиенасын бузбай сакташ үчүн тиш щётканы үч айда бир алмаштырып туруу зарыл. Катуу щётка менен жууган алда канча пайдалуу. Жаңы алган щётканы кайнак сууга беш-он мүнөт салып туруп андан соң пайдаланыңыз.Ал эми паста менен жууганда ооздогу микробдор өлүш үчүн тиш щётканы жакшылап жууп, кургатыш керек. Андан да жакшы ыкма, тишти эртең менен кечинде ар башка щётка менен жууган жакшы. Анткени, бактерия суу щёткада өзүн мыкты сезип, суусу сарыгып кургагандан кийин гана өлөт. Ал эми щётка жүз пайыз 24 сааттан кийин гана кургайт.

Тиш пастасы

Паста тишти жакшы тазалоо менен колдонууга жана суюктугуна жараша ар кандай пайдалуу кошулмаларды кошууга ыңгайлуу.Пасталар гигиеналык жана дарылоочу болуп дагы эки түргө бөлүнөт. Эгер тишиңиз оорубаган болсо анда гигиеналык пастаны колдонуу керек, ал эми дарылоочу пастаны тиш дарыгеринин көзөмөлүндө гана колдонуу шарт.

Тиш эликсирлери

Эликсир тишке кам көрүүдө паста менен порошокко жардамчы зат катары колдонулат. Аны менен тишти жуугандан кийин же болбосо тамактанган соң ооз көңдөйүн чайкайт. Чынында алардын кээ бири гигиеналык гана эмес, дарылоочу касиетке ээ.

Ооздон чыккан жагымсыз жыт

Ооздон чыккан жагымсыз жыттын себебин так аныкташ үчүн адегенде тишти текшерүүдөн өткөрүү зарыл. Көбүнчө, тиштин түбүндө калган тамактын калдыктары жагымсыз жыттын келип чыгышына шарт түзөт. Ооздон жагымсыз жыт чыкпаш үчүн:

Ромашканын кайнатмасы менен бир күндө оозду бир нече жолу чайкап туруу керек. Тиштин арасындагы микробдорду алып чыгууга дал ушул тундурма жардам берет.

Үй шартында тишти агартуунун кандай жолдору бар?

Эң негизгиси атайын тишти агартуучу пасталарды бир айдан ашык колдонбоңуз. Анткени тиштин эмалы кетип, тиштин бош болуусуна алып келет. Пастадан тышкары үй шартында тишти агартуунун бир нече ыкмасын колдонсоңуз болот:

Үй шартында лимондун тишке пайдасы зор. Лимондун кабыгы менен тишти сүртүп агартып алууга да болот. Ошондой эле, тиштин түптөрү бекем болуусун камсыздайт.

Тиштин бекем таза болушу жана ооздон чыккан жагымсыз жыттан арылуу үчүн үй шартында туз жардамга келет. Бир стакан жылымык сууга бир чай кашык туз салып, жатаар алдында чайкап турса, жыттан арылууга болот. Ошондой эле, тиш щеткага ашкана содасын себелеп үстүнө лимон ширесин тамчылатып жуусаңыз тиш агарат.


Азизбек КЕЛДИБЕКОВ

Последние новости