www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Канча бийлик жана өкмөт алмашса дагы, Кыргызстанда энергетика тармагында иштеген шылуундар мамлекетти дагы да талап-тоноп келет. Акыркы мезгилде – электр энергиясын тиричилик максатында керектөө кескин өсүп кетти деген шылтоо менен энергия майнинг компанияларына сатылып жаткандай. Негизгиси болсо, энергетика боюнча жалпы стратегияны өзгөртүш керек, анткени канча жаңы ГЭС куруп же күн менен шамал энергиясын пайдаланса дагы, алар жалпы маселени чече албайт, Токтогул ГЭСи менен Бишкек жылуулук борборун «жай-кыш» маселесинен арылтуу үчүн Кара-Кечеде көмүр менен иштеген электр станциясын куруу керек. Ошондо гана биз кошуна мамлекеттердин таасиринен дагы кутулабыз, анткени азыр – Нарын суусунун мүмкүнчүлүгүнөн биз 2 гана пайызга пайдаланабыз.

Кыш оор болоору азыртадан билинип жатат. Кымбатчылык. Экинчиде, электр энергиясы күнүнө 12 саатка чейин өчөөрү күтүлүүдө. Мына ушундай шартта Энергетика министри бир райондун электр энергиясын бир жеп койгон майнинг ферма иштетүүгө уруксаат бергенине эл нааразы. Президент болсо электр кризисинен улам, өзгөчө кырдаал режимин киргизип жатат. Парадокс. 

Кыргызстандын Энергетика министрлиги болсо, криптовалюта чыгара турган Кеминдеги "Соларкоин" жана "Камбар-Ата-2" ГЭСиндеги "МБТ Строй"  компаниялары менен гана келишим түзүлгөнүн айтып, эми анын бири 1-августтан тарта электр кубатын Казакстандан алууга ниеттенип жатканын билдирди.

Министр Таалайбек Ибраевдин айтымында, 1-августтан тартып "Соларкоин" компаниясы электр кубатын Казакстандан алууга ниеттенген келишимди сунуштаганын, эми мындан ары Кыргызстандын энергетика тармагы мурдагы 5 сом 4 тыйындын ордуна транзит үчүн 23 тыйындан гана каражат ала турган болууда деп, элге догун артты. Министрдин сөзүнүн төркүнүн аңдасак, "силер ызы-чуу кылып, эми майнинг ферма электр энергиясын бизден эмес, Казакстандан алып, бизге акча түшпөй калды", - деген, ээлди күнөөлүү кылып манипуляция жасаган маани чыгат. 

Арийне, Кеминдеги майнинг ферма августтан тарта электр энергияны Казакстандан алат дегенге ишениш кыйын. "Соларкоин" менен кол коюлган келишимди көргөзбөй эле, элге догун артып милдет кылган министрдин кылыгы кышкы суукта свет өчүп, майнинг иштеп турса, эл нааразы болуп чыкса, алар светти Казакстандан алып жатат августтан бери деп айтканга шылтоо даярдап жатат. Мындай арамза, куйту ниетин эл билип турат. 

Мына Балыкчыдагы крипто ферма электрди жеке иштер Рахат Рысалиевдин чакан ГЭСинен алууда. Таш-Көмүр шаарындагы "Кристал" заводунда курулган майнинг компанияга мамлекет электр энергиясын саткан жок деп актануусуна деле эч ким ишенбейт.

Кыргызстандын Энергетика министрлигинин алкагында криптовалюта чыгара турган эки гана майнинг компания менен келишим түзүлгөн. Алар Кеминдеги "Соларкоин" жана "Камбар-Ата-2" ГЭСиндеги "МБТ Строй" компаниялары. Эми анын бири 1-августтан тарта электр кубатын Казакстандан алууга ниеттенип жатат.

Министр Таалайбек Ибраевдин "Азаттыкка" айтымында, 10-августтан тартып "Соларкоин" компаниясы электр кубатын Казакстандан алууга ниеттенген келишимди сунуштаган жана эми мындан ары Кыргызстандын энергетика тармагы мурдагы 5 сом 4 тыйындын ордуна транзит үчүн 23 тыйындан гана каражат алат.

Министрдин маалыматы боюнча бул эки компаниядан тышкары Энергетика министрлиги башка майнинг компаниялар менен келишим түзгөн эмес, ал эми Балыкчыдагы крипто ферма электрди жеке иштер Рахат Рысалиевдин чакан ГЭСинен алууда. Ошону менен бирге Таалайбек Ибраев Таш-Көмүр шаарындагы "Кристал" заводунда курулган майнинг компанияга мамлекет эч убакта бир да киловатт саат электр кубатын сатпаганын кошумчалады.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg      

Последние новости