www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түндө нөшөрлөп катуу жамгыр төктү. Башында жер кургап баратты эле жамгыр төгө түшсө экен дегем, бирок аябай катуулап баратканда тоодон сел жүрүп кетпесин деп чоочуладым.Кичи үйдө жаткан элем жамгырдын төккөнү угулуп турду, дыбырап келип эле жинденип катуулап кетет, кайра сээлдей түшөт. Таң сөгүлгөндө адаттагыдай турдум. Жууркан ачылып үшүп калыптырмын. Эшикке көйнөкчөн чыксам суук, жемпир кийдим. Чүйдө жай чилдесин ушинтип тосуп алдым. Нарында болсом бир жөн, үшүп жай чилдесин тосуп алдым десе, «Аа Нарында боло берет» дешмек. Бишкекке келаткан жолдо Байтик жакка кетүүчү аялдама талкаланып, күм-жам болуп жатканын көрдүм, жамгыр оңой болбосо керек. Ушинтип 2023-жылдын 8-июлунда жай чилдеси башталды.

Бир учурда карыялар нускалуу сөз сүйлөгөн адамдар эле. Азыр карысы деле, жашы деле бирдей болуп баратат,анткени жаштар сапсайтып сакал коюп алган, бирок бирдеме сурасаң «дөң», карысы сакалын кырып салган бирок ал деле «дөң». Эс тартканы Эсенбай эсепчи тууралуу угуп келатабыз. Учурунда ак сакалы жайылган карыялар шыпшынышып Эсенбай тууралуу аңыз кептерди этиаттык менен айтып беришчү. Ошол сөздөрү менен магниттей тартышып, Эсенбай менен кандайдыр бир сыр байланып тургандай кулагыбызды төшөп укчубуз. Кээ бири жети атамды сурашып, «чала-моңол» Эсенбайга чейин айтып бергенде, «Сен жөн кишинин баласы эмессиң, Эсенбайдын небересисиң. Эсенбай тууралуу унутпай биле жүр. Эсенбай тууралуу сен эмес башкалар да билет, сен билбей турсаң уят болот» дешип көкүлүмдөн сылап коюшар эле.

 Тестиер болуп калганы сөз чыккан жерге барып кулагымды салып турчумун, мурунку карыялар азайа баштады, бирок бул карыялар да азыркылардан миң эсе өйдө эле. Чорто, Шайкы, Момуш, Калдарбек, Асыкбек, Айранчы, Мамбетсадык, Абдрасул, Чалбай, Алымкул, Барктабас, Алиаскар жана башкаларды көрүп калдык. Сөз кыябы келгенде айта кетели Барктабас менен Алиаскар согуш убагында фронттон кезигишип калат. Экөө кучакташып көрүшүп, ошол мезгилде бири экинчисинин артында байланып турган котелун чечип кетиптир. Ушинтип да тамашалашар эле. Көрсө ал кезде согуш бүткөнүнө 25-30 жыл болуп согушка баргандар жаш эле адамдар экен.

Эл оозуна алынган эсепчилерден Кочкор жергесинде Эсенбай эсепчи чыккан. Эсенбай элине ак кызмат кылып, жамы журтка пайдасын тийгизген. Эсенбай эсепчи чилденин, жайдын аптабын төрткө бөлгөн экен. Эң биринчи чилденин дал баш чагында, “Кырк жигит” кетет деген. Бул 8- июлдан 18-июлга чейин 10 күнгө созулат. Кырк жигит кетип атканда күн абдан ысыйт. Муну “Жигиттер жигиттик мүнөзүн көрсөтүп атат”- деп коюшат. Кырк жигит кетип жатканда күн бүркөлүп, жамгыр кайта- кайта жааса “ Жыл жаанчыл жакшы болот экен” – дептир жарыктык. Эгер “Кырк жигит” кетип жатканда күн мисирейип, жамгыр төкпөй койсо, Эсенбай эсепчи кайгырып: “Бул жыл оор болуп калчудай. Быйыл жаан жаабай, кургакчыл болуп жер түшүм бербей дыйкандарга кыйынчылык болот окшойт. “Кырк жигит” кылжыңдап чыкты, арты жакшы болсо экен” –деп калчу экен. Дагы айта турган сөз райондук «Эмгек Туусу» гезитинин Башкы редактору Курманбек Мамбетсадыков жазды эле. Ал жылы аптап күч алып ай боюу бир тамчы жаан жаабай коюптур. «Эмне кылабыз?» -дешип эл Эсенбай эсепчиге келишет. «Кара койду союп түлөө кылгыла» - дейт эсепчи. Кой союлуп, бата кылынат, Эсенбай ал кезде улгайып калса керек, ордунан туруп, дөңгө чыгат. Биз аны «тоо» деп атайбыз. Ошол жерде күңгүрөнүп, кудайдан бирдеме тиленип, каккан казыктай отурду дейт. Анын жанына киши жолобоптур, ысып турган күн тунарып, убакыт өткөн сайын бүркөлүп отуруп, бир кезде чагылган чарт этип жарылып, жамгыр себелей баштаптыр. Эсенбай күбүнүп ордунан туруп үйүнө жөнөптүр. Эсенбайда жайчылык касиет да болгонбу деген ой кетет. Болбосо, 1941 жылы көзү өткөн Эсенбай жөнүндө элүү жылдан соң токсонунчу жылдары  лениндик  «Эмгек Туусу» гезитинин Башкы редактору Курманбек Мамбетсадыков өзү эмнеге жазар эле?

Эсенбай эсепчинин айтуусу боюнча андан кийинки күндүн аптабы 18 –июлдан баштап “Кырк кыз” кетет. Бул дагы он күнгө созулуп, 18-июлдан баштап 28-июлга чейин “Кырк кыз” кете баштайт. “Кырк кыз” кетип жатканда бирде жаркырап күн тийсе бирде бүркөлүп, бирде жамгыр нөшөрлөп, мөндүр аралаш добул болуп, кыздардын мүнөзүндөй кылык көрсөтөт. Мындай табият кубулушун Эсенбай эсепчи: “Кырк кыз кылыктанып атат. “Кырк кыз” чыгып жатканда жамгыр көп жаап, бирде добул аралаш мөндүр төксө, бышып калган түшүм добул алдында калбасын деп өтө беймаза болгон.  “Быйыл күз эрте келет окшойт. Жай жамгырлуу болуп кишинин көзүн ачырбайт. Күз эрте келсе, кыш да эрте түшөт. Суукка эрте камыналы” — деген экен жарыктык.

Чилденин акыр жагында  29-июлдан баштап 7-августка чейин «Саратан»  дагы он күнгө созулган  кургуру бар. Бул мезгилде жылына бир келе турган саратандар каптап, сыртка чыгып жыбырап калат.

 Андан соң  8-августтан 18-августка «Чилденин кетиши» деген жайкы саратандын кете турган убагы келет. Бул төртөө кетип атканда да айрым жылдарда 3 күнгө чейин ары бери эрте же кеч болуп жылышмайы болот.  Мына ушул 10 күндөн бөлүнгөн төрт бөлүк жылдын кандай болоорун аныктап койгон. Жыл жаанчыл болобу же кургакчыл болобу. Кыш эрте келеби же кеч келеби. Эсенбай эсепчи ушул төрт бөлүктүн ар бир күнүн санап кандай сыр көрсөтүп жатат өзгөчө байкаган. Эсте сактаган. Ошондуктан ал тууралуу нечен легендалар айтылып калган.  “Кырк жигитке” жолугуп жүрөгү тоңуп эч кимди сүйбөй калган кыз жөнүндө, “Кырк кызга” жолугуп жүрөгү тоңуп кыз сүйбөй калган жигит жөнүндө да  жомок легендалар бар. Нарында «Чилденин күмбөзү» деген күмбөз бар. Эки жигит мелдеше кетет, жайкы чилде күчтүүбү же кышкы чилдеби дешип. Муну такташ үчүн бир сутка чилдеде турмай болушат. Кышкы чилдеде турган жигит турат да чилдеден аман-эсен чыгат. Бирок оорулуу болуп жүрүп, ошонун айынан тез эле көз жумган экен. Жайкы чилдеде турган жигит кечке жетпей жан-таслим болгон экен.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg      

 

Последние новости