www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Жапаров Чүйдөгү Интернационал айылында 100 гектар жерди мыйзамдуу алды беле” –деген суроо жүрөктү эзет. Жапаровдун Интернационал айылынан болсо эч ким деле бул суроону берүүгө даабайт болчу. Жапаровдун Интернационал айылына тиешеси деле жок, ал мүлжүгөн Кочкор району, анын ичинде Жаңы-Жол айылынды тамтык деле калбаптыр, балким ошондуктан Чүйгө көчүп ошол жакка кол сала баштагандыр. Кочкордо Жапаров көздөгөн “Фрунзе” супермаркеттери сүлүк курттай элдин канын соруп турат. “Фрунзе” супермаркеттерин Бабанов басып алып жөжөсүнө жем берген чымчыктай Жапаровдун оозуна “жем” таштап жатат. Бул экөөнүн ортосундагы көп жылдардан келе жаткан кастык убактылуу “достукка” айланган.  Жапаров чалкалап Жапаровдун президенттиги качан колго тийет деп манчыркап турат.

 Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров мугалимдерди сынга алып, "мектепке Кудайдан жөө качкандар толуп алды" деп айтканы коомчулукта кызуу талкууланып жатат. Көпчүлүк, бир Жапаров "элди өлгүдөй жалкоосуңар" десе, экинчи Жапаров "мугалимдерди Кудайдан жөө качкандар" десе, баары жаман, акмак, келесоо болуп, бийликте отургандар эле периште тура деген нааразы пикирлер айтылып жатат.  Арийне, бир четинен Акылбек Жапаровдун: "Мугалим жыл аягында мектеп окуучуларындай экзамен тапшырсын. Аларды комиссия текшерет, анын курамына ата-энелер кирет. Акыркы 30 жылда баары эле  мугалим болуп кетти. Мындай болбошу керек, директорлор менен завучтарды гана эмес, баарын текшергиле», - деп айтканынын жүйөсү бар. 

Себеп дегенде, чынында эгемендүү өлкө болгондон кийин, өтө начар окугандар, эң кур дегенде эптеп мектепке кирип-чыгып айлык алып турсам болду деп, жогорку окуу жайын сырттан окуп, мугалим болуп алгандар арбын. Министрлер кабинетинин башчысы «көп адамдар кетет» деп белгилеп, азыртан кадрлардын резервин даярдоону сунуш кылганында данек бар. Ырасында, аттестациядан көбү өтпөй калаары бышык. Эптеп эле мектеп босогосун аттап, айлык алып жүргөндөр көп. Ошол үчүн акыркы жылдары окуу сапаты төмөндөп окуучулардын билим деңгээли түшүп кетти. Муну моюнга алыш керек. Курулай догуруна берген дагы Кудайга жакпайт. 

Мугалимдердин айлыгы көтөрүлгөнгө жараша, жоопкерчилиги дагы жогорулашы абзел. Антпесе, окуучулардын билим сапатын көтөрүү мүмкүн эмес. Албетте, Кабмин төрагасы Акылбек Жапаров "Кудайдан жөө качкандар" деп орой салыштырып, катуу сындап койду. Оюн жумшак, сылык-сыпаа түшүндүрө албай калды. Ошол себептен, тепкиге алынды. Бирок чын-чынында көйгөйлүү маселени айтты. Ооруну жашырсаң өлүм ашкере кылат дегендей, калп эле ыргыштай бербестен кемчиликти дагы моюнга алуу эрдик. Жара акыркы жарылыш керек эле... 

Ырас, мугалим мөмөлүү дарак. Сыйга, урматтоого татыктуу. Өлкө өнүксүн десек, билимге өзгөчө маани берип, мугалимдерге, агартуучуларга мыкты шарт түзүп, статусун, кадырын көтөрүү милдет. Ансыз ийгилик жаралбайт. Демек, окутуучу агартуучулардын адистик потенциалынын жогорку деңгээлде болушу парз. Анткени мугалимдик кесип чоң эмгекти, терең билимди, моралдык, психологиялык үлгүлүү кулк-мүнөздү талап кылат. Ошол эле кезде, мугалимдерге аздек, аяр мамиле керек. Орой, басынткан көрүнүш кылмыш катары каралышы зарыл.

Дегенибиз, кийинки кездери окуучунун укугу дей берип, мугалимдин кадыр-баркын тебелеп салдык. Окуучулар сый-урмат кылышпайт, ата-энелер тарабынан колдоо жок. Бийлик шайлоодо эле эстейт. Мектептен тышкары эки окуучу урушуп кетсе деле мугалимди күнөөлүү... Мына ушундай көрүнүштөргө бөгөт коюлуп, мугалимдин статусун, кадырын көтөргөндө коомдун аң-сезими өсөт. Билим гана жаркын келечекти камсыз кылат. Билимдин чырагы — мугалим. 

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg      

Последние новости