www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жумгалдын көз арткан улуу абасын жыттап Кулуев Шабданбек өткөн. Анын бир артыкчылыгыг Кыргыз гимнин жазып кеткен. Бирок ошол кездеги салтка ылайык президенттин байкесин кошуп кетпесе болбойт эле. Ошондуктанбы же акындык таланттын сыйлаппы, кеминдик Аскар Акаевичтин агасы Жалил Садыковду кошуп кетишкен. Чөндөлөйлөр «хипиктешип» үн салып жаткан учурда, жүрөгү тоодой Элнура Кулуева бычактын мизи менен, ары-бери жүгүрүп, кыргыз элине акыйкаттыкты жеткизүү үчүн, күнү-түнү чуркап жүрдү. Бир нерсени белгилей кетиш керек, азыркы минкабдын жетекчиси Акылбек Жапаровдун «ДАМАСына» Элнура экөөбүз чогуу болгонбуз. Экөөбүз гана башка жан киши жок. Акылбек Жапаров Европага барып 60 литр сүт бере турган уйларды алып келүүгө келишим түзүп келиптир. Кыйышпас кишилерине арнап чийки эт жана «шнапспы» же башка кургурубу баякы биздин эле арактын европалык түрүн ала келиптир. Анын ичип алган адамдын маңдайы жазылып, бул ааламды унутуп калчудай.
Мен бул ааламды унутуп калбайын деп шашылыш элем кете бердим. Элнура телефон чалып айтты, Акылбек Жапаров мени айтыптыр, ооруп жүргөн экен, кичине жардам берип койбосок болбойт деп. Балким мээсинде жердешчилдиги, классташтыгы ойноп кеткендир. Аны менен паралелл кошуна класста окуп, аны менен катар көп классташтары менен жакшы пикирдемин. Агасы Талант менен «огоротубуз» чектеш болуп, көп ирет жакшылыгын көрүп, ал эмес ал казынаны башкарып турганда орун басар да болуп жүрдүм. Аттиң, Акылбек Жапаров кызматынан көтөрүлүп кетип бере турган жардамын унутуп калды.Эмне жардам бермек эле, билбейм. Эми кызматынан түшкүчө күтөмбү? Анткени, ал кызматынан түшкөндө гана мени эстейт, издейт, алдырат...
Азыркы заманда бардыгы азат болуп, гезиттер менен деле эч кимдин иши болбой баратат. Элнура Кулуеванын «Ааламы», «Жаңы Ордосу», «Алибиси» чындыкка суусап турган кыргыз эли үчүн чыныгы гезиттер эле. Андан соң Элнура Кулуеванын кубаттуу империясына айланткан гезиттерди башкарып келди.
Алмустактан бери бул дүйнөдөн кимдер өтпөгөн. «Армандуу дүнүйө»-деп адамзат жаралгандан баштап айтылып калган окшойбу! Миң жыл жашап, өлгөндү тирилткен Улукман бабабыз өткөн. Айтылуу ак таңдай акын Балык:
Казак-кыргыз кол курап
Тагай өткөн болучу.
Калмактарга кол салган
Далай өткөн болучу.-деп айткандай миң жылдаган тарыхыбызда нечендер өзүнүн өлбөс-өчпөс издерин калтырып, келбес сапарына кете беришкен. Атпай журту ысымдарын аздектеген улуу инсандардын арбактарына кай убакта болбосун таазим этип, эскерип туру бул тирүүчүлүктө парз белем. «Аттиң, дүнүйө»-дейт экенбиз Кулуев Шабданбек эске түшкөндө, кыргыз эли үчүн опол тоодой жүк көтөрүп, намыс үчүн билегин түрүнүп тура турган адамыбыздын билиги өчүп калды. Кулуев Шабданбекте даанышмандык да, айкөлдүк да, акыйкат үчүн тайманбай күрөшкөн эр жүрөктүүлүк сапаты да бар эле. Анын кызы Кулуева Элнура муңкурап жүргөн чет элдеги кыргыздардын муңун бөлүшүп, башын бириктирип, мамлекет жасай албаган зор иштерди мойнуна алып, жаны тынбай тызылдап иштеп жүрдү. Канжыгага баш байлап, караңгыда жол тапкан Кулуева Элнура мындай иштерге топ ичинен суурулуп чыккан күлүктөй шыр эле аттанды. Тагдырдын оомал-төкмөл кезеңдеринде оокат кыла албай тентип жүрүшкөн кыргыз жаштарына калканч болуп, «Телиген таптап куш кылган, тентиген элди журт кылган» Айкөл Манастай эр азамат болгон. Тагдыр ага алптын жүгүн артып, катаал сыноолорго да кабылта берген. Ошондой олоң жетпес эрендин ойлогон ой, асыл мүдөөсүнө жеткизген көп асыл ойлорду ишке ашырды.
Ниети тунук адамдарды «Кристаллдай таза адам» деген сөз бар эле. Ошол түшүнүк Элнуранын атасы Кулуев Шабданбекке айтылгандай сезилчү. Анын жайдары жүзү кайгы-кападан кабар берчү эмес. Кулуев Шабданбектин жан-дүйнөсү бай, пейили кенен, шардыгы менен жолдошторунун арасында суурулуп турган жүрөгү таза адам болгон. Адамдын көңүлүн калтырбаган, улууга урмат, кичүүгө ызаат кыла билген, адамкерчилиги артыкча, абдан боорукер, кыйналып тургандын жанынан кыя өтпөгөн жапакеч жан эле. Тагдыр менен талаша албайбыз, өлүм бардыгынан улук, барыбыздын башыбызга келет. Бирок, адамдын артында жакшы аты калса андан өткөн бакыт жок. Кулуев Шабданбектин эл-журту үчүн алдыда жасай турган албан-албан иштери бар эле. Аттиң, өксүк өмүр!
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg