www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ: Жапаров качан камалат?

Жапаровдун камалуусуна кедергилер толтура. Аны «чапса» Путин да, Мишустин да сактап кала албайт. Жапаров менен алкымы теңдер Бабанов, Сариев, Оторбаев, Сатыбалдиев сыяктуу мурунку өкмөт башчылары камалып өз жазаларын алып чыгышты. Жапаровду Үзөңгү-Куушту Кытайга бергенде Акаевге ийкемдүүлүгү боюнча, Кумтөр боюнча 2003-жылы мамкомиссияда болуп, канадалыктарга жеңилдиктерди бергендиги үчүн, 2009-жылы түзүлгөн келишимде биринчи вице-премьер катары биздин өлкөнүн атынан жулунуп чыкканы үчүн, Атамбаевдин учурунда финансы  министри катары Кытайдан миллиардаган карыз алып, аларды төлөө мезгили улам жыл өткөн сайын көбөйүп баратканы үчүн.

 Жапаров учурунда мурдунан жетелеп көтөргөн Акаевди Кумтөр боюнча жамандаганы үчүн кечирим сурап жаткандыр? Акаевдин эң чоң кемчилигинин сырын «Центерранын» көп жылдар «кудайы» болуп жүргөн Хоменюк ачкан. Ал Акаев 200 млн доллардан Кумтөрдөн салык алып турчу деген билдирүү жасаган. Хоменюктун билдирүүсүнөн улам ошол кездеги президент  2017-жылдын 24-июлунда журналисттер менен жолугушууда, «Кумтөр» долбоорунда биздики 67% болгон, кийин 16% болуп калды. Мен жеке өзүм эч качан кечирбеймин...» деген.

Аскар Акаев 2003-жылы анын бийлиги учурунда Акылбек Жапаров дагы «Кумтөр» боюнча мамкомиссияда болгонун белгилеген. Ошондой эле, документке кол коюуда Жапаров чоң ролду ойногон. «2003-жылы мамлекеттик комиссия түзүлүп, анын негизги мүчөсүнүн бири ошол Жапаров болгон, Жогорку Кеңештин депутаты катары. Ал ошол комиссияда толук иштеп, Канаданын Торонто шаарына барып, “Камеконун” штаб-квартирасында болуп, сый-урматын көрүп келип, анан өтө мактаган: “Камеко” өтө бай тажрыйбасы бар, татыктуу компания экен. Келишим дагы ар тараптуу кызыкчылыктарга толук жооп берет деп өзү мактап, колдоп берген ошол 2003-жылы. Ошонун негизинде Танаев премьер-министр катары келишимге кол коюп, чечим кабыл алышкан болчу. Ошондо Жапаров кемчилик тууралуу эч жерде ачык айткан эмес», — деди мурдагы президент.

Жапаров жөн калган жок, жооп берди: «Чындыгында, дал ошол Аскар Акаев бир кезде мамлекеттик органдардын башчыларын "Камеко" компаниясы менен таптакыр пайдасыз келишимге кол коюуга мажбурлаган. Дал ошонун көрсөтмөсү боюнча кийинчерээк кен дээрлик “Центерранын” көзөмөлүнө өтүп кеткен», — деп жазган ал. Аны менен катар, Жапаров Аскар Акаевди «Кумтөр» иши боюнча «Акылбек Жапаров эң биринчи күнөөкөр» деген айыптоосуна Торонтого анын уулу Айдар Акаев барган деп жооп берди: «Мен Кумтөр боюнча бир да чечим кабыл алган эмесмин, бир дагы келишимге кол койгон эмесмин. Торонтого “Кумтөр” маселеси боюнча эч кандай жеке топтун, делегациянын же комиссиянын курамында барган эмесмин. Керек болсо, Торонтого Акаевдин уулу Айдар барган», — деп жазган Жапаров.

Ошондой эле, Кумтөр кенинин айласындагы «коррупциянын башаты Акаев экенин» баса белгилеген: «Акаев мырза, өзүн акташ үчүн абдан аракет кылып жатып, Кумтөр боюнча коррупциялык жана криминалдык келишимдин башатында өзүнөн башка эч ким турбаганын такыр унутуп койду. Бирок, фактылар менен цифраларга Акаев мырзанын башы чаташып жатканы анык», — деди ал.

Аскар Акаев Хоменюк аны 200 млн доллар алчу деген билдирүүдөн соң алты жылдан кийин ойгонуп маалымат беттерине минтип жарыялаган: «Айдар Акаев уулум 10 млн доллар, дагы бирөө 50 млн доллар алыптыр дегендей божомол, айтылган мифтер да. Мобул Акылбек Жапаровду Кудай урат, көрдө жаткан Николай Танаевге асылып жүрөт. Азыр да мага асыла баштады. Бул жакшы көрүнүш эмес... Менин эң чоң күнөөм, Кыргызстандын жаңы тарыхында Бирнштейн сыяктуу инвесторду таптым. Канада өкмөтүнүн страховкасын алдым, ,,Кумтөр" алтын кенин кыргыз элине иштетип бергеним болду».

Чынында Бирнштейн менен Хоменюк кыргыз элине эмне жакшылык кылды? «Камеко», «Центерранын» мурдагы жетекчиси Хоменюк Акаевди ачык күнөөлөсө дагы, жөндөн-жөн эле канадалык компанияга «Кыргызалтындын» эсебинен 200 миллион доллар которулуп жатса да Атамбаевдик бийлик, ага адилеттүү мамиле жасап, кылмыш ишин аягына чыгарууга батынбады. Акаевдин колдоосу менен алтын ылгоочу комбинаттын долбоордо каралган баадан кымбат курулушу, төлөнбөй келген салыктар, жумушчулардын өндүрүш процессиндеги өлүмү, Барскоон трагедиясы жана башка мыйзам бузуулар Лен Хоменюк «Камеко», «Центерра голд» компанияларында жетекчилик кызматты аркалап турганда болгон. Ал мыйзам бузуулар боюнча бир жолу дагы жоопко тартылган жок. Бардык учурда «суудан кургак» чыгып жүрдү.

Эми Хоменюктун билдирүүсүнө келели. Хоменюк билдирүүсүндө тергөө органдары менен кызматташууга даяр экенин айткан. 2015-жылы 21-октябрь айында ал Кыргызстандын прокуратурасынан, тергөө органдарынан качпай тургандыгын билдирген: «В марте этого года я отправил в Кыргызстан письмо, в котором указал, что могу встретиться с ними в любое время и ответить на все вопросы. Я написал, что могу объяснить все детали соглашения, о которых знаю. Генеральная прокуратура Кыргызстана мне так и не ответила. Я могу и сейчас показать вам это письмо. Я не избегаю встречи, но только вне пределов Кыргызстана. Если надо, я могу прийти в Посольство Кыргызстана в США. Розыск через Интерпол по «красному циркуляру» говорит о том, что кыргызстанские следователи не знают место моего проживания. Я не прячусь, меня можно легко найти через Интернет».

Алмазбек Атамбаев «Кумтөр» кениндеги коррупциялык көрүнүштөрдүн бетин ачып, кыргыз эли үчүн адилеттүү чечимдин аягына жетип, тарыхта кала турган мүмкүнчүлүктү колдон чыгарган. Анан дагы ушул маселеге улай айта кетүүчү нерсе, негизи башка мамлекеттерде деле бар «Центерранын» президенти Лен Хоменюк АКШнын Невада штатындагы «Рен» кенинин үлүшүн сатып жибергени – муну эл аралык деңгээлдеги олуттуу мыйзам бузуу болгон деп эсептесе болот. 2009-жылдагы Чудинов кол койгон келишимге ылайык, Кыргыз Өкмөтүнүн уруксаты жок «Центеррадагы» үлүштү сатууга Л. Хоменюктун акысы жок болчу. Тагыраагы 2010-жылдары эле «Centerra Gold Inc.» америкадагы REN (Невада) биргелешкен ишканасындагы Кыргыз Өкмөтүнүн 64 пайыз үлүшүн Homestake Mining Co компаниясына (дочерняя компания канадалык Barrick Gold компаниясынын туунду компаниясы) 35,2 миллион АКШ долларына сатып жиберген. Жыйынтыгында Homestake Mining РЕН долбоорунун акциясынын 100 пайыз ээси болуп калган. Мында Лен Хоменюктун ролу өтө өзгөчө. «Центерранын» ири акционелеринин бири болгон «Кыргызалтын» мында канча киреше тапты? Кыргыз Өкмөтүнүн макулдугун алдыбы? Бул тууралуу бир дагы маалымат жок. Биздин Өкмөт Тышкы иштер министрлиги аркылуу Канаданын бийлигине нота жиберип, Лен Хоменюктун абийирин ачкан маалыматты беришкенде, анда ал өз өлкөсүндө тийиштүү жазасын алар беле?..

 (Уландысы бар)

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg     

 

Последние новости