www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ташиев «Кыргыз эл Баатырын» алганы, эмки кезек меники турбайбы деп, Жапаров Ак үйдү карап элеңдеп, кулак түрүп сак-сактап калды. Жүз миңдеген адамга иш таап берип, дагы канчалаган адамдардан бата алып жүргөн Аскар Салымбеков бул наамга татыктуу болуп турса да, улам артка жылдырылып жатканы күлкүнү келтирет. Анткени, күлкүнү келтирген адамдар «Кыргыз эл Баатырын» алып жатышат. Чындыгында, Акаевдин убагында «Кыргыз эл Баатырын» алгандар Курманбек Арыков менен Акбаралы Кабаевди кимдер билет, мейли тааныгандар таанышсын, бирок «Кыргыз эл Баатырын» алыш үчүн алар эмне эмгек сиңирди эле? Мүмкүн президент Акаевдин жакын туугандары болсо керек, бирок президенттер бизде байпактай алмашып турат эмеспи.

Ал эми Роза Исаковна да бир чоң жаңылыштык кетирген. Мейли жазуучу, драматург катары Бексултан Жакиев «Кыргыз эл Баатырын» алганга эмгек сиңирсе сиңиргендир. Анткени Түгөлбай Сыдыкбеков (1912—1997), Чыңгыз Айтматов (1928—2008), Сүйүнбай Эралиев (1921—2016), Сооронбай Жусуев (1925—2016), Төлөгөн Касымбеков (1931—2011) сыяктуу жазуучу,акындар «Кыргыз эл Баатырын» алышкан. Отунбаеванын көчөдө жүргөн Алиясбек Алымкуловго «Кыргыз эл Баатырын» жана министрлик кызматты бергени көпчүлүктү таң калтырат. Себеби Алиясбек мырза жүздөгөн «Апрель баатырын» алган көптүн бири болгон. Ага деле ушул «калай» «Кыргыз эл Баатыры» жок эле жетиштүү болмок.

Экс-жаштар жана миграция министри Алиясбек мырза апрель революциясынан соң вулкандай атарылып чыккан. Аляскада болбосо да Орусиянын зор калааларынын биринде бизнесин бутунан тургузуп жүргөн. Кыргызстандан сырт жүрсө да жүрөгү кыргыз деп соккон Алымкулов Алымкул аталык Ташкент алдында орус аскерин орогондой, Ак үйдү ороп алгандардын арасында жүргөн. Алымкул аталык өз башына чыккынчылардын огу тийип мүрт кетип, Ташкентти алдырып жиберсе, Алымкуловго да өз жагынанбы, башка жактанбы кимдин огу тийгени менен, аман калып, Ак үйдү алып жеңишке жетишти. Арман күн, аны менен катарлаш жүргөн жүздөгөн жигиттер кайра кайрылып келбейт. Алиясбек мырза  кол куушуруп отуруп алган жок.

Ирмелеңдеп кошомат кылып жүрүп бутунан тура албай турган Убактылуу Өкмөттүн колуна кол, бутуна бут болуп жаңы түзүлгөн жаштар министрлигин жетектеп жүрдү. Ал «апрель революциясынын Баатыры», андан соң Кыргыз Республикасынын Баатыры» - деген ардактуу наамдарга ээ болду. Жаш кезинде ДЗОТко төшүн тосуп, баатырга жеткен Чолпонбай Түлөбердиев сыяктуу баатырлыкка жеткен Алиясбек Алымкуловдун жалгыз эмгегиби же «непотизм» болуп кеттиби тарых чечер.

«Кыргыз өңү Чокморовдун өңүндөй» - деп классик акын Жолон Мамытов таамай белгилеген. «Коррупционер өңү Жапаровдун өңүндөйбү» деген ой туулат, атасы казына таштап кетпеген Жапаров политехти бүтүп алып улам-улам минфин болуп, миллионерге айланды. Себеби ким бийликте турса ошонун партиясына махабатын арнап жүрүп, ХИПК сыяктуу элге каршы программаларды колдоп, бир тыйын дегенде тоголонуп жүрдү. Сөзүбүз кур болбосун үчүн фактыга келели. СДПК партиясында штаб башчысы болгон. Андан «Жаңы Кыргызстанга» секирди, аны сатып «Ак Жолго» кирип, бир саат болсо да премьер-министр болду. Таластын кыраандары «эмдеп» койолу деди эле, жоолук салынып алып катынча качып «эмделбей» калды. Иниси чала-була «эмделип» анысын акча менен сатып алды.

Түз эле Куловдун «Ар-Намыс» партиясына кирип, Атамбаевдин убагында экинчи ирет минфин болгон. Эл артка кетти, Жапаров өз акчасын көбөйтө баштады. Мугалим, доктурлардын айлыгын бир тыйынга да көтөргөн жок. «Ар-Намыстын»  иши бүтөрүн келемиштей сезип «Бир болго» өткөн. «Бир болду» сызга отургузуп 2020-жылы «Мекеним Кыргызстанга» сызайын деди эле алар жолотпой койду. Эми минкаб болуп чычкан аңдыган мышыктай бийликти мыкчып турган «доссекретарь» Ташиевдин «Кыргыз эл Баатырын» алганына көзү өтүп тургансыйт.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости